Швейцариянын банк системи көп жылдан бери дүйнө жүзү боюнча ишенимдүүлүгү жана сырды бекем сактаганы менен айырмаланып келет. Ошондуктан планетанын эң бай адамдары каражатын сактоо үчүн дал ушул мамлекеттин банктарын тандайт. Аталган өлкөнүн банктарынын жалпы
2 триллион АКШ долларынын тегерегинде акча айлантып, мартабалуу жана эң ишенимдүү деп эсептелип келе жатканынын сыры эмнеде?
ЭКИ БАНКТА ЭЛЕ 1,1 ТРИЛЛИОН ДОЛЛАР
Швейцария банктары XIX кылымдын ортосунда пайда болгон. Алар мамлекеттик жана жеке менчик финансы-кредиттик мекеме деп экиге бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Швейцариянын ири банк холдингдеринин сап башында UBS («Union Bank of Switzerland») жана Credit Suisse Group турат. Бул эки банктын активинде 1,1 триллион доллардан көбүрөөк акча бар. 1907-жылы негизделген Швейцариянын Улуттук банкы акча чыгаргандан тышкары өлкө аймагындагы каржы мекемелерин өз көзөмөлүнө алат. Эгерде кайсы бир банктын банкрот болуу коркунучу пайда боло баштаса, ага Улуттук банк финансылык жактан жардам берет.
КОМИССИЯ АКЫ МЕНЕН КИРЕШЕ ТАБАТ
Адатта банктар элден депозит катары акча алып, аны кайра көбүрөөк пайыз менен башкаларга күрөөнүн негизинде насыяга берип иш кылгандыктан, алардын негизги капиталы кардарларынын акчасы болуп саналат. Ошондуктан кардарлар карызын кайтарып бербей койсо, каржы мекеме банкрот болору бышык. Ал эми Швейцариянын көпчүлүк банктары ири суммадагы акчаларды сактоого гана жоопкерчилик алып, ага туум кошуп беришпейт. Болгону кызмат үчүн банк жалпы сумманын 0,5-0,75 пайызын гана комиссия катары алат.
ИНФЛЯЦИЯГА МОЮН БЕРБЕЙТ
1815-жылы Вена конгресси Швейцариянын нейтралитети тууралуу чечим кабыл алган. Ошондон бери аталган өлкө бир да согушка катышкан эмес жана анын аймагындагы бир да банк тонолгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө болуп жаткан окуяларга карата өзүнүн нейтралдуулугун сактап келгени – анын ишенимдүүлүгүнүн эң негизги себеби. Ал эми швейцар франкынын инфляцияга дээрлик моюн бербеген туруктуулугу өлкөнүн банк системин жана мамлекеттин экономикасынын бекемдигинин негизи болуп саналат.
МЫЙЗАМ КАРДАР ТАРАПТЫ КОЛДОЙТ
1934-жылы Швейцария банктарында акча сактаганы үчүн Германиянын 3 жараны дарга асылган. Ошондон кийин аталган өлкөдө банктык сыр боюнча мыйзам кабыл алынып, парламент кардардын банктагы каражаты тууралуу маалымат таратууга тыюу салган. Милдетин аткарбаган кызматкер темир тор артында жаза өтөөдөн тышкары чегерилген айып пулду да төлөйт. Ага карабастан, Швейцария банктарына чет элдик жарандардын эсептери тууралуу маалымат сураган кайрылуулар байма-бай түшүп турат. Бирок Швейцариянын мыйзамы боюнча кылмыш деп саналганда гана парламенттин уруксаты аркылуу банктык сыр ачылышы мүмкүн.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg