ҮЙДҮН ФАСАДЫН КАНТИП ЖАСООГО БОЛОТ?

Курулуш жаатында керектелүүчү конструкцияларды даярдоодо жана аларды бекемдөө иштерине фиброцементтүү плита колдонулат. Бул курулуш каражаты өлкөбүздөгү "Кант ТШП" заводунда заманбап жана өзгөчө технологиялар менен даярдалат.



ФИБРОЦЕМЕНТТҮҮ ПЛИТА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Фиброцементтүү плита – курулушка керектелүүчү бастырык такта. "Кант ТШП" заводунда чыгарылган боёлбогон түссүз плита турак жай курулуштарына табылгыс каражат. Себеби муну өтө чоң эмес конструкциялуу курулуштарына жумшаган ыңгайлуу. Алсак, дүкөн, павильон, ар түрдүү тиричилик курулмалар, балкон жана лоджия, ар түрдүү тосмо же жабуу жана пайдубал куюуда керектелет. Аталган плиталар көпчүлүк учурда фасаддарды каптоодо жана өнөр жай же кеңсе имараттарынын ички жасалгаларын жасоодо колдонулуп, картон же жыгач кырындыларынан жасалган тактайлардын ордун алмаштыра алат.

КАЙДА КОЛДОНУЛАТ?

Боёлбогон түссүз плиталарды жылдын ар сезонунда иштесе болот. Аны куроо иштери оңой жана бат. Анын курамындагы цемент идеалдуу гигроскопиялык касиетке ээ. Плитанын үстүнкү бети тегиз жана фактурдуусу болот. Аны бекитүү системи алюминдүү же дат баспаган металл болушу мүмкүн. Жылуулоо үчүн базальт, айнек булалуу каражат же пенопласт менен кылса болот. Жыгач же алюминийге шуруп бөрктөп кадоо же кафель клей менен кадалат.

САЛЫШТЫРУУ

Фиброцементтүү плитаны картон же жыгач кырындыларынан жасалган тактайлар менен салыштырсак, ар биринин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Бирок картонго суу тийгенде бузулуп, анын ортолорундагы аралыкка таракан жана башкалар пайда боло калышат. Жыгач тактайлары сырткы жумуштар үчүн чыдамы жок, ишенимдүү эмес. Эшикте иштелсе абаны сиңирип, формасын жоготкону аз келгенсип, карарып кетет. Фиброцементтүү плита салмагы бир аз оорураак болгону гана болбосо, мындай мүчүлүштүктөрү жок. Үйдү курууда ар ким чечимди өзү чыгарат, бирок курулуш каражатты туура тандоо да абдан маанилүү экендигин унутпоо зарыл.

Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району,
Кант шаары, Чыгыш промзона
Байланыш телефону: +996 312 616 990;
Факс: +996 312 616 991
e-mail: Kantslate@kantslate.kg
Биздин филиалдар: Бишкек ш. "АюГрандКомфорт" соода борбору,
А 130 бутиги
«Кант ТШИ» ЖЧКсы, Ош ш. Тел.: +996 701 88 44 74;
Жалал-Абад ш. Тел.: +996 779 68 33 50;
Алматы ш. Тел.: +7 701 203 09 79

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан