SUPER.KG порталынын түз эфирине “Кеңеш” тобунун ырчылары Мүзүр мырза менен Гүлмира айым маек курду. 15 жылдан бери кол кармашып, 2 баланы тарбиялап келаткан жубайларга күйөрмандары көбүнчө жеке жашоосу тууралуу суроолорду берип жатышты.
– Ырларыңарды жакшы көрөм, жөнөкөй, уккулуктуу ырлар. Унааларда, тойлордо дайыма жаңырып турат.
МҮЗҮР: – Рахмат, ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Базардан, унаалардан жаңырып жаткан ырларыбызды укканда “кичине болсо да кыйратып жаткан турбайбызбы” деп сүйүнөбүз (күлүп).
– Гүлмира эже, Токтогулдун кыздары жакшы ырдашчу эле сиздин үнүңүз эмнеге алардыкына жетпейт?
ГҮЛМИРА: – 2003-жылдан бери ырдап келатам. Биз канчалык деңгээлде элге жага алдык, билбейм. Бирок тойлорго барганда кээ бирлер “үнүңүз жакшы” дешет. Сизге жакпай калса эле ырчылыкты токтотуп койбойм, айтылган сындарга сынбайм, ырдай берем.
– Силердин күйөрманыңармын, маектериңерди калтырбай окуйм. Бир жолу Гүлмира “Мүзүр кол көтөргөн” деп айткан эле. Мүзүр, айтсаң, аял кишиге кол көтөргөн туурабы? Алсыз эркек гана аялды сабаса керек?
М.: – Талашып-тартышып жатканда 1-2 жолу кол көтөрүү болгон. Кызыл камчы эркектин, камчы жеген аялдын да кебетеси башкача болот. Өзүңүздөр көргөндөй сопсонун болуп отурабыз го. Гүлмиранын таарынычы тез жазылат, биринчи кадам таштайт. Мен күнөөлүү болсом да, кежирленип 2-3 саат сүйлөшпөй жүрө берем.
Г.: – Биз эл адамы болгондуктан ушундай суроолор берилип жатат. Болбосо бардык үй-бүлөдө уруш-талаш болот.
– Сиздерди ажырашып кайра жарашкан, буга Мүзүр байкенин ала жипти аттаганы себеп болгон деп айтылып жүрөт. Ошол үчүн Гүлмира эже Орусияга иштеп кетип калган экен. Үй-бүлөңөрдү сактап калганыңарга кубанычтамын.
Г.: – Сахнага койкоюп, жалтырап чыксак эле, кээ бир кыздар “бул Мүзүрдүн акчасына жыргап жүрөт, анын ордунда мен болсом, кандай болмок эле?” деп ойлошот. 2009-2010-жылдары кыздар биздин турмушту бузганга аракет кылышты. Бардык кыздарды жаман дебейм. Жашоону түшүнгөн жакшы кыздар да толтура. Биздин 2 балабыз бар экенин билип туруп үй-бүлөбүздү бузгусу келген кыздарга таң калам. Кандай ийгиликке жеткен эркек болбосун анын аркасында жакшынакай жубайы турганын эч бир аялзаты унутпашы керек. Биз жеке жашообузду талкуулаганга, элге отчёт бергенге милдеттүү эмеспиз. Эл сураганга да акысы жок. Жашоодо ар кандай болот. Ким телегейи тегиз жашоодо жашап жатат? Азыр ала жипти аттады деп Мүзүргө асылып жатпайбы. Мен ушунча элдин алдында Мүзүрдүн абийирин ачсам, Алла Таала акыретте менин жүзүмдү ачат. Ошондуктан бул тууралуу эч нерсе деп жооп бербейм. Сиздер көрүп тургандай биз биргебиз. Эми бул эркек да ала жипти аттаса аттай берсин.
Негизи Орусияга барганда кырсыктап көп суммадагы акча, документтеримди жоготуп Бишкекке келе албай кармалып калгам. Ошондо эл “болду-болбоду Гүлмира Мүзүрдү бирөө менен кармап алган” деген ушак чыгарышты. Чынында, Мүзүр менин артымдан барып жанымда жүрдү.
М.: – Гүлмира депортация болуп кетпесин деп документтерди бүтүрүп жүрсөм, ошондой сөздөр чыгып кетиптир. Мындай ушакты жаныбызда жүргөн адамдар чыгарып жатса жаман болот экенсиң.
– Көп жылдан бери түтүн булатып жашап келатасыздар. Кандай кыйынчылыктарды, сыноолорду башыңардан кечирдиңер?
М.: – 6-7 жылдан бери мага кыздардан СМСтер келет. Алар жашоо-турмушубузду жакшы билгендей жазышат. Мен чалып “атыңар ким?” десем айтпайт. Мага эле эмес, Гүлмирага да жазат. Ал кызга “6-7 жылдан бери жинге тийип жүрөсүң. Эгер мени таанысаң, мени менен жүрсөң, үй-бүлөмдү бузгуң келсе, келип бетиме айтчы. Үчөөбүз отуруп чогуу сүйлөшөлү” десем, же келбейт, же жазганын токтотпойт. Азыр көрүп жатса, айтат элем. Үй-бүлөнү бузгандардын акыреттеги жашоосу өтө оор, түбөлүктүү тозок деп айтылат. Ошону унутпа. Гүлмирага түшүндүрсөм да, болбой эле ыйлай берет. Ал кыз 6 ай же 1 жылга чейин жоголуп кетет да, кайра пайда боло калып “кандай болуп жатасыңар?” деп табасы кангандай сурайт.
Г.: – Уруш-талаштан адамдын көңүлү калат экен. Чынын айтканда ушул нерсе ортобузду алыстатып жибергендей сезилет. Үйдө уруш чыкканда Мүзүр акырында келип “эмнеге ошол кызга ишенип, мага ишенбейсиң?” деп ыйлачу. Ал кыз бизди уруштурганы менен тартып ала алган жок, жолдошум жанымда отурат. Бузганга жараша алып кетиш керек. Бир жолу Мүзүр телефон аркылуу урушуп жаткан экен. Телефонду колунан тартып алып сүйлөшөйүн десем ал “Гүлмира, телефонду Мүзүргө берчи” деп өчүрбөдүбү. Ошондо эч нерсе дей албай жүрөгүм жаман болуп туруп калдым. Ошончолук эле Мүзүр керек болсо, келип алып кетсин дегим келет.
– Мүзүр, сен жаш кыз менен жүрүп ага унааңды да айдатып койгонуңду укканбыз. Ал эмне болгон кыз эле?
М.: – Эч убакта кыз менен жүргөн эмесмин. Кыздарды дагы унаама отургузбайм. Рулду кайнатама жана кайниме эле берем.
Г.: – Мындай сөздөр каяктан чыгып жатат (Мүзүр мырзаны карап күлүп)?
– Гуля эжебиз ушундай ажарлуу. Мүзүр байке кызганат го...
М.: – Гуля эжеңер сулуу болгону үчүн алдым да.
Г.: – Кызганбайт, кээде “эмнеге кызганбайсың?” деп таарынып ыйлачумун.
М.: – Ушул убакка чейин Гүлмиранын туура эмес жактарын көрбөсөм, кантип кызганам?
– Ырларыңардын окшоштугу силерге билинеби? "Булардын ушундай обондору качан бүтөт?" деп жүрдүм эле көрүнбөй кеткениңерге караганда эргүүңөр, обондоруңар түгөнгөн окшойт?..
Г.: – Эми мен ушул жерден Мүзүрдүн жактоочусу болом. Күйөөмдү чыныгы композитор, обончу катары абдан сыйлайм. Сын айтканга эч кимге жол бербейм. Сиз туура сындаңыз! Обон чыгарыш өтө кыйын. Жолдошум көзү кызарганча обон жазып таң атырат. Ырлары окшош деген ойго каршымын. Кайсы жери окшош? Айтып берсин.
– Гүлмира Түркиядан алтын алып келип сатчу элең. Алтын саткан дүкөнүң иштеп жатабы? Үйүңөрдү сатып квартирада жашап жаткан элеңер, үй алдыңарбы?
Г.: – Алтын алып келип сатчумун. Жогоруда кырсыктадык деп айттым го. Ошондо Мүзүр “алтын деген “алып тын” дегенди билдирет экен, токтотсоңчу” деген. Азыр кийим сатып иштеп жатам. Биздин үйүбүз эмес, үйлөрүбүз бар экенин айтып кетейин.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg