ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН КӨҢҮЛҮ КАЛГАН ЧОҢ-АЛАЙ АЙМАГЫ

Ушул жылдын май айында Ош облусунун Чоң-Алай районунда бир нече жер титирөө катталып, анын натыйжасында бир топ турак жай жараксыз абалга келген. Биз аталган райондун эң көп жабыр тарткан Карамык, Кара-Тейит айылдарына барып, элдин абалы менен таанышып кайттык.

БАКТЫГА ЖАРАША, АДАМ ӨМҮРҮНӨ ЗЫЯН КЕЛГЕН ЖОК

Ушул жылдын 3-май күнү Тажикстандын аймагында зилзала катталып, ал очогунда күчү 7 баллга жеткен. Сейсмология институтунун берген маалыматына караганда, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Шибе, Карамык, Кара-Тейит айылдарында жер титирөөнүн күчү 6 балл болгон. Анын кесепетинен бул айылдарда бастырмалар урап, көптөгөн үйлөрдөн жарака кетип, кооптуу абалга келген. Ошондой эле зилзаланын кесепетинен тоодон таштар кулап, бир тургундун жайытта жүргөн 110 коюн басып калган. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген эмес. Жалпысы 2964 жаран чатырларга көчүрүлгөн.

«615 ҮЙ КООПТУУ АБАЛДА»

Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтү Тажикстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Биз барган убакта Карамык жана Кара-Тейит айылдарынын элинин көбү чатырларда жашап жатышыптыр. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Жекенди айыл өкмөтүндө 5 айыл бар. Бизге берилген маалыматтар боюнча жер титирөөнүн очогу бизге жакын эле болду. Табигый кырсыктан кийин жалпы айыл өкмөт боюнча миң үй текшерүүдөн өтүп, канчалык зыян келгенине жараша 4 категорияга бөлүнгөн. Кайра оңдоого жарабайт делинген 4-категорияга 615 турак жай киргизилсе, 3-категорияга 182 үй, 2-категорияга 172, ал эми 1-категорияга 68 үй киргизилди. 1-2-3-категориядагылар капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж деп саналат.
Карамык жана Жекенди айылдарындагы 2 ФАП жараксыз деп табылып, Шибе айылындагы мектеп кооптуу абалда экени такталып, куруу иштери башталды. Курулуш материалдардан цемент, арматура, кыш зарыл болууда. Учурда сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кызыл-Кыядан 2280 тонна цементти өз баасында алдык. Ошондой эле 95 тонна арматура алынып келинсе, кышты 7 сомдон сатып алууга элдерге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми жалпы журт тарабынан чогултулган 24 миллион сом 629 тургунга 39 миң 98 сомдон бөлүнүп, таркатылып жатат. Бул чогулган акча жалпы Чоң-Алай элине чогултулгандыктан аталган райондогу 12 үйгө да бөлүштүрүп берүү каралган. Себеби башка айылдарда да кооптуу делген 12 үй катталган. Ал үчүн ар бир айылдан атайын комиссия түзүлгөн. Биринчи жараксыз деп табылган үйлөргө берилсе, андан ашкан акчаны кийинки категорияларга бөлүштүрөбүз. Учурда айылга жеке менчик фонддор тарабынан дагы жардамдар келип жатат. Айылдагы 550 түтүнгө чатыр берилген. Кээ бир тургундар үйлөрүн утурумдук жашаганга ыңгайлаштырып алган. Биздин негизги максат – сентябрь айынын аягы менен курулуш иштерин бүтүрүп алуу. Себеби бизде суук эрте түшөт. Убагында 21 гана үй камсыздандырылгандыктан алардын келип чыккан чыгымдарын эсептеп көрүшүп, 200 миң сомдон төлөнүп берилди. Бирок бул берилген акчалай жардамдар бир үйдү толук салганга жетпегендиктен, тургундар мал-жанын сатып аракет кылышууда.

Айылдагы көпчүлүк үйлөрдө мына ушундай курулуш иштери жүрүп жатат.


«БАШЫНДА КОРКУП КАЛГАНДЫКТАН ЭШИККЕ ЖАТЫП ЖҮРДҮК»

Үйүнөн жарака кетип, жашоого жарабай калган Кара-Тейит айылынын тургуну Анар Амираеванын үй-бүлөсү да чатырда жашап жатат:
- Жаз жаңы келип, эгин эгүүгө кам көрө баштаганда минтип жер титирөө болуп, үйлөрүбүз жараксыз болуп калды. Ошол күнү биз район борборуна баратканбыз, унаанын ичинде болгондуктан сезген эмеспиз. Тоо тараптан чаң ызгып калганын көргөндө гана жер титирегенин билдик. Үйдө кызым калган, ага телефон чалсам «апа, сырттамын, катуу жер термелди» деди. Келин-уулума чалсам алар дагы «үйлөр жарылып кетти» деп айтышты. Ошондон бери тынбай эле жер термелип жатат, ага көнүп деле калдык. Башында коркуп калганга чатыр бергиче эшикке жатып жүрдүк.
Курулуш каражаттарын алып келип жаткандыктан, бул жактан сатып алуудабыз. Айыл эли үйлөрүн бузуп, кайра салуу менен алек. Элден чогултулган акчадан 39 миң сом алдык. Өзүбүз болсо эми гана үйдү четинен бузуп баштадык. Кышка акчаларыбызды берип койгон элек, ал бир жуманын ичинде келип калат деп жатышат. Суук түшкөнчө баш калкалоочу жай тургузуп алсак болот эле.

Үйлөрдүн көбүнөн жарака кетип, жашоого жараксыз абалга келген.


«ҮЙҮМ ТАПТАКЫР ЖАРАКТАН ЧЫГЫП КАЛДЫ»

Кара-тейит айылынын тургуну майрам орозалиеванын үйү да жашоого жараксыз. ага бир ишкер үй салып берип жатыптыр:
- Үйүм жараксыз болуп калгандыктан ар кимдикинде жашап жүргөм. Өзүмдүн эки балам бар, алар кичине болгондуктан үй салып алууга алым жетпейт эле. Үйүбүз мурда эле жарыла баштаган, анан жер титирегенде таптакыр эле жарактан чыгып калды. Айылдын жакшы инсаны минтип үй салып берип жатканына абдан сүйүнүп жатам.

Деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте жайгашкан Кара-Тейит, Карамык айылдары менен Ош шаарынын аралыгы 350 чакырым. Жергиликтүү жашоочулар негизинен мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенишет. Кара-Тейит айылына 1999-жылы диний экстремисттер да кирип келген жайы бар. Аларды жок кылууда Өзбекстандын аскердик учактары адашып аталган айылга 23 бомба таштаган. Гезитибиздин кийинки сандарынан айылдагы ошол кезде болгон коогалаң тууралуу кененирээк окусаңыздар болот.

Нурбек Абдыкадыров,
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандар чатырда жашап жатат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2017-08-08 18:58:28
Пейлиңерге жараша кудай кырсык жөнөтөт
-6
aadanova14
2017-08-09 10:08:17
Tyty1990,ошол кырсык сенин башына келсин
+1
femidakg
2017-08-10 08:14:11
Tyty1990, ошо кырсык сенин башына келип калышы мумкун, тообо дечи ооз коптурбой. Мен бул айылга баргамын эли ото мейман дос келет экен! Тообо де тыты! !!
-1
Tyty1990
2017-08-13 09:23:12
femidakg,временно меймандос временно
0
kyrgyzstan00
2017-08-08 19:03:59
Тату кантип ошентип жазсын тоа.Адамдар жабыркап жардамга муктаж убакта пейилдерине асылбай эле коелу???
+1
jenka193
2017-08-08 22:00:06
Tyty1990,ойноп суйлосон да ойлоп суйлобойсунбу???кантип оозун барды ошентип таба кылганы???тарбиясы жок
+2
aisyrga88
2017-08-10 13:49:56
Таты чон алайдын элинен бир болсо куйгонда кантсекда кудайдын буйругу
0
Duishonbek
2017-08-12 11:47:37
Кыргызстан жер бетиндеги сейсмикалык аймакта жайгашкандыктан, табыйгаттын ушундай кырсыктарына туруктуу курулуштарды куруп, адамдардын жашоосу коопсуз болгондой саясат жүргүзүүчү мезгил Нурадагы бир топ адам өмүрүн алган зилзала эскерткен эле. Жараткан сактансаң сактайм дейт. Япондордон туруктуу үйлөрдү курууга жардам сурасакпы, берген карыз, жардам акчаларын шылуундарга жедире бербей? Менин байкоомдо көпчүлүк элибиз зилзалага туруксуз үйлөрдө жашаганына карабай, дагы эле чампалап курушууда.
0
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан