– Кандайсыз? Сиз менен маектешели дегенибизде Көлдө экениңизди айткан элеңиз. Эс алуу кандай өттү?
– Рахмат, жакшы. Эс алуу абдан жакшы болду. Досторум Мирбек, Акбар болуп баарыбыз үй-бүлөбүз менен эс алып келдик. Буга чейин үй-бүлөм менен барсам, быйыл үй-бүлөлүк катыштагы досторум менен чогуу бардым. Анан дагы балдарыбыз жаныбызда болуп, убакытты кызыктуу жана ойдогудай өткөрдүк.
– Дөөлөт бир келет эмеспи. Бир келген дөөлөттү кармай алдыңызбы?
– Чыгармачылыкта гүлдөгөн бир мезгил болот. Бирок мен аны дөөлөт деп айта албайм. Кармап калчудай ал буюм эмес. Чыгармачылыкка дайыма шүгүр кылыш керек. Азыркы күнгө чейин кайсы жерде ырдабайын, эл арасында өз ордум бар. Ошол кездеги популярдуу болгон ырларымды азыр деле сүйүп угушат. Элдин кабыл алуусу абдан жакшы. Мен ошого ыраазымын. Болгону эс алайын деп кетип, эс алуудан 4-5 жылдан бери чыга албай жатам. Бирок сахнадан алыстап кетип, таштап салган жокмун. Жаңы ырларым бар, буюрса, аларды жакын арада тартуулайм.
– «Ырдагандан башка колумдан эч нерсе келбейт» деген жайыңыз бар. Үй-бүлөнү багыш үчүн кошумча каражат керек. Ырдап тапканыңыз жетип жатабы?
– Ооба, жетет. Ушул убакка чейин чыгармачылыгым менен үй-бүлөмдү багып келем. Башка эч жерде иштебейм, жеке ишкерлик менен да алектенбейм. Той-топурлардан акча табам, аны жашыруунун кажети жок.
– Айрым тойлордо бекер ырдап каласызбы?
– Жашоодо бирде болот, бирде болбойт. Айрым адамдардын тоюна барып ыраазычылык үчүн алардын өтүнүчүн аткарсаң, бир күнү ал адамдардан сага чоң жардам болот. Өзүм дагы бирөөнүн көңүлүн ооруткан адамдардан эмесмин. Кээде улуу эле байке-эжелер чалып «акча бере албайбыз, бирок ыраазы кылабыз» дешет. Барып ырдап коём. Анткени алар жүрөгү менен суранып жатса, «жок, болбойт» деп баш тарта албайм. Ырдагандан ырахат алып, ыр менен жашагандан кийин эл арасында ырдап жүргөнгө эмне жетсин?!
– Үй-бүлөңүз тууралуу сүйлөшсөк. Балдарыңыз чоңоюп калдыбы?
– Кудайга шүгүр. Экөө тең чоңоюп, кол кабыш кылганга жарап калышты. Уулум быйыл мектеп босогосун аттап жатат.
– Жубайыңыз менен таарынышкан күндөр болобу?
– Бардык эле үй-бүлөдө казан-аяк кагышат. Бизде деле таарынышып кеткен учурлар болот. Бирок 2-3 күнгө, узак эмес. Урушпаганга, таарынышпаганга аракет кылабыз. Анткени бул нерседен пайда, жакшылык болбосун ал деле түшүнөт, мен деле түшүнөм. Чарт-чурт боло түшкөнүбүздө андан ары ырбатпаганга аракет кылып, «балдарыбызга үлгү болуп, жакшы тарбия берели» деп калабыз. Жубайым менен үлгүлүү үй-бүлө курабыз деп кыялдангандан кийин ал каалообузду ишке ашырганга болгон күчүбүздү жумшайбыз.
– Үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктер тууралуу сураганымдын жөнү бар. Жакында эле сизди жубайы менен ажырашып кетти деген сөздөр желдей тарады. Бул кабардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Ал жөн эле сөз. Көрө албагандардын айткан сөзү го. Келинчегим экөөбүз угуп «бул эмнеси?» деп таң калдык. Мындай ушак-айыңдарга жиним келбейт. 19 жашымдан бери ушактын үстүндө жүрөм. 13 жылдан бери айтылып келе жаткан куру сөздөргө тоюп бүттүм. Башында биз жөнүндө айтылган сөздөргө ызаланчумун, азыр элекке салбай калгам. Бир жолу мындай окуя болгон. Маалымат булактарынын биринен «Султан бала күтүп жатыптыр» деген кабар окуп калдым. Ошол маалыматты жазган тарапка кайрылсам, «биз элден укканыбызды жазабыз да» деп ажылдайт. Келинчегим капа болуп «сотко берем» дейт. «Жөн кой, сабыр кыл. Сен алар менен уруша турган болсоң, өздөрүнө пиар болот. Андан көрө ырбатып, сөзгө калбай, токтотуп кой» дедим.
– Үй-бүлө бул – бакыт. Бакытты кармап калыш үчүн эмне кылыш керек? Азыр жаңы курулган үй-бүлөлөр бат эле эки ажырым жолго түшүп жатат. Кандай кеңеш берет элеңиз?
– Эң биринчи тандоодон жаңылбашы керек. "Мен ушул адамды эркелетип, түшүнүп, сыйлай аламбы?" деп терең ойлонушу керек. "Тигинин материалдык байлыгы бар же сулуу экен" десеңер, кечирип койгула, жыйынтыгы жакшы болбойт, ынтымакка алып келбейт. Албетте, сабырдуулук, ыйман, ишеним керек. Ошондой эле динден кабардар болгону жакшы. Анткени динде аялды да, эркекти да кантип сыйлоонун, бири-бирине кандай мамиле жасоонун эрежелери кенен жазылган.
– Ислам дини деп калдыңыз, динге берилип кеттиңизби?
– Жок. Динге берилип, фанат болуунун кажети жок. Куранда бирөөнү ушактап, жамандабоо, урушуп кеткен адамдын бирөөсүн күнөөлүү кылбоо, айланадагы адамдар тууралуу оюң жаман болбошу керек деген көп эрежелер бар. «Пайдам тийбесе кечир, бирок зыяным тийбесин» деп дайыма айтып келем. Ар бир адам жогорудагы эреже, позиция менен жашаса жашоо оңолот.
– Азыр жеңил-желпи, анан тойго арналган ырлар көбөйүп кетти. Калеми курч, сөзү таамай акындарыбыздын салмактуу ырларын обонго салып, аткарып чыкса болбойбу?
– Эмнеге болбосун, болот. Өзүмдү эле мисал кылайын, акын Надырбек Алымбековдун сөздөрүнө обон жараткам. Бирок азырынча ырдап чыга элекмин. Алтынбек Исмаилов, Акбар Кубанычбековдун ырларын, өзүмө таандык ырларды да аткарып эле жүрөм. Кээ бир акындар ырларын сатат. Сатып алып ырдагым келбейт. Акча үчүн эмес, көңүлү менен жасаган иш жагат. Ооба, чыгармачыл чөйрөдө ырчылардын кадырын кетиргендер бар, бирок жакшы ырдагандары да бар. Мейли, жакшы ырдабай эле койсун, таланты болбосо да чыгармачылыкка аралашкан балдарды сыйлайм. Көчөдө бирөөгө зыянын тийгизип жүргөндөн көрө, чыгармачыл чөйрөдө өзүн "жылдыз" сезип, түз алып жүргөнгө аракет кылышат. «Карга болбосо, булбулду ким тааныйт эле?» дегендей, карганын болгону да жакшы, салыштырганга. Ал эми элдин өзүнүн көзү, кулагы бар, өздөрү тандап, баалайт.
– Өзүңүздү карыганда кандай элестетесиз?
– Мен карыганда деле чыгармачылыгым өзүм менен чогуу болот деп ойлойм. Анткени эс тарткандан бери эле тойлордо ырдап жүрчүмүн. Элдин баары акча карматышат. Анан кудуңдап эшикке чыгып өзүмө оюнчук, дегеле кызыккан нерселеримди ала берчүмүн. Ошентип өзүмдү акча менен кичине кезимден бери эле камсыз кыла баштагам. Ушул учурга чейин ырчылык мени эркелетип жашатып жатат. Ошондуктан өзүмдү чыгармачыл адам катары эле элестетем.
– Маегиңизге рахмат. Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз!
(Кийимдер "Mavi" дүкөнүнүкү)
Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@sper.kg