28 -июлда ырчы Самара Каримова Ош облусундагы Сулайман-Тоо музей комплексине башкы директор болуп дайындалган. Бул кабарды ырчы өзү тастыктап: "Ооба, бул маалымат чын, буюрса, чыгармачылыгыма жолтоо болбойт деп ойлойм. Жашпыз, иштешибиз керек. Биздей жаш кадрларга колдоо көрсөткөн Түгөлбай Токтогуловичке ыраазычылык билдирем" деген.
Бирок бул кабар интернет айдыңында кызуу талкуу жаратып, министрликтин кадр саясаты жана Самара айым катуу сынга кабылган. Анткени Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуров ошол эле министрликтин түштүк аймак боюнча башчысы болуп эмгектенет. «Мыйзам жагынан да, моралдык жактан да бир үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик кызматта түздөн-түз бирине-бири баш ийген кызматты ээлебеши керек!» деген сыяктуу сындардан кийин ырчы 29-июлда кызматтан баш тартканын маалымдаган. Бул тууралуу ырчы: «Эч кандай комментарий бере албайм. Баарына, мени сындагандарга да чоң рахмат! Жашпыз, буюрса, баары алдыда» дейт.