Режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Астана шаарында өткөн "Евразия" Эл аралык кинофестивалында 2 сыйлыкка ээ болду. Тасманын режиссёру фестивалга катышып жатып, сыйлык үмүт кылганын билдирип, төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Бул кинофестивалдын негизги сынагына 13 өлкө ат салышты. Алгач менин тасмам элдин назарына коюлду. Тасмалар көрсөтүлүп бүткөндөн кийин имиш сөздөр угулуп баштайт. Байгеге ээ боло турган тасманын режиссёрун алдын ала эле колун кармап, сыйлык алчуларды билгизип коюшчу да. Бул жолу эч ким эч нерсе дебейт. Анан байгеден куру калган экенмин деп ойлоп калгам. Сыйлык тапшыруу бөлүгүндө «НЕТПАК» (Азия киносун жайылтуу боюнча эл аралык тармактын атайын байгеси) жана «Эң мыкты режиссёрлук иш» деген эки сыйлыкты тапшырганда аябай кубандым. Ошентип Астанадан байгелүү кайттык».