Бийчи Атай Өмүрзаков Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясынын кызматкерлеринин орой мамилесине дуушар болуп, нааразычылыгын өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыккан.
Бийчинин билдирүүсүндө 8-июль күнү "Адем" бий тобунун бийчилери менен Нижнекамск шаарынан Бишкекке учуу алдында турушкан. Паспорттук текшерүү көп убакытка созулуп, ал жердеги кызматкер бийчилерди учакка чейин алып баруучу автобуска отургузган. Бирок ал учак Тбилисиге уча турганы маалым болгон. Каттоо жайына кайрылганда ал жердеги кызматкер "кечигип келдиңер!" деп орой мамиле кылган.
"Бул компаниянын кызматкерлеринин катачылыгы болгондон кийин билеттерди кайтарып берет деген ой менен кайра кайтып келдик. "Аэрофлоттун" кызматкерлеринин тоготпогон мамилесине туш болуп турган маалда, Орусиянын жараны Польшага учмак болгон аял келип, бажы бекетинде кармалып калгандыгына байланыштуу кечигип калганын айтты. Авиакомпаниянын кызматкерлери анын билетин жаңылап бергенден тышкары мейманканасынын, тамак-ашынын да акысын төлөп, жылмаюу менен узатып коюшту. Бизге эч кандай жардам көрсөтпөгөндүктөн, билетибизди кайра сатып алдык. Бул боюнча нааразычылыгымды айтып чыккандан кийин аэропорттун жетекчилиги байланышып кечирим сурады. Бизге орой мамиле кылган кызматкерлерди жумушунан бошотконун билдирип, ыраазычылыгын айтты",- дейт бийчи.