ЮРИСТ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго «Арстанов жана Ко» юридикалык компаниясынын юристи АЙНУРА МАМАШОВА жооп берет.


«ДАРЫГЕРЛЕР БАЛАМДЫ КАРАБАЙ ЖАТЫШАТ»

– Алты айлык балам бар. Ага бир да жолу эмдөө жасаткан эмеспиз. Өткөндө ооруп калганынан бейтапканага алып барсам, педиатрыбыз «эмдөө алган эмессиңер» деген шылтоо менен карабай койду. Анын бул кылганы туурабы? Арыздансам болобу? Эгер болсо каякка, кимге? Ошондой эле эмдөө албаган балдарды бала бакчага албайт деп да уктум. Ушул чынбы?

Айжамал, Токмок шаары

– Айжамал, сурооңузда балаңыз эмне үчүн эмдөө албагандыгы жөнүндө толук маалымат бербептирсиз. Балким, эч жерде каттооңуз жоктур же өзүңүз баланы эмдетүүдөн баш тарткандырсыз. Негизи биздин мамлекетте эне-баланын ден соолугуна өзгөчө кам көрүлөт. Балага төрөлгөндөн баштап 11 жашына чейин ар түрдүү ооруларга каршы иммунитетти иштеп чыгаруу максатында эмдөө жүргүзүлөт. Ар бир кыргыз жараны жашаган жери боюнча бейтапканалардан, фельдшер-акушердик пункттардан акысыз эмдөө алууга укугу бар жана бул нерсени тиешелүү кызматкерлер дыкат көзөмөлгө алышат. Керек болсо мажбурлап эмдөө жүргүзүшөт. Эгер балаңызга убагында эмдөө жүргүзүлбөсө, жашаган жериңиздеги бейтапкананын башкы дарыгерине же болбосо Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы элдин арыздарын кароо бөлүмүнө кайрылып маселеңизди чечсеңиз болот. Бала бакчага баланы алуу-албоо боюнча айтсам, мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалардын өздөрүнүн кабыл алган жоболору бар. Бала бакчалар коомдук мекеме болгондуктан, анда иштеген кызматкерлер да, кабыл алынган балдар да дарыгердин дыкат текшерилүүсүнөн өтүшү шарт.



«ЖАРАНДЫГЫМДЫ ӨЗГӨРТСӨМ ҮЙҮМ ЭМНЕ БОЛОТ?»

– Бишкек шаарында менин наамыма катталган батир бар. Бир нече жылдан бери Казакстанда иштейм. Жакында Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, Казакстанга иштөө үчүн кеткени жатам. Сурайын дегеним, менин атыма жазылган батир эмне болот? Башка бирөөгө каттатпай эле кетсем болобу? Кайра келгенде да менин атымда болобу?

Кайбек, Бишкек шаары

– Башка бирөөгө каттатпай эле кете берсеңиз болот. Анткени Кыргыз Республикасынын Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөр ортосунда эл аралык келишимдери бар. Эч ким сизди жеке менчиктен ажырата албайт.

«ҮЙДҮ ӨЗ НААМЫМА КАНТИП ӨТКӨРӨМ?»

– Мындан 10 жыл мурун үй сатып алгам. Бирок үйдүн мурунку ээси чет өлкөдө болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин өзүмө каттата элекмин. Үйдүн документтери менде. Анын ошол кезде жазып берген тил каты да бар. Кантип өзүмө каттатсам болот?

Акылай, Ысык-Көл району


– Үйдүн ээси болмоюнча өзүңүзгө каттата албайсыз. Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине ылайык, эгер коммуналдык кызматтарды төлөп жүргөн болсоңуз, анда 15 жылдан кийин гана жеке менчигиңизге өткөрө аласыз. Ал үчүн сотко кайрылып, бардык далилдерди көрсөтүп, соттун чечими менен гана өзүңүзгө каттата аласыз. Эгер колуңузда саткан адамдын тил каты болсо, сот анын негизинде «сатып алуу келишими анык» деп чечим чыгарып бергенден кийин үйдү тиешелүү мамлекеттик каттоодон өткөрө аласыз.

«КОШУНАМ СУГАТ СУУНУ БЕРБЕЙ ЖАТАТ»

– Бизден жогору жашаган кошунабыз менен кайым айтыша кетип, анын айынан 6-7 үйдүн багы сугарылбай калды. Себебин сурасак, «арык менин жер тилкемден өтүп жатат, башка жактан казып алгыла, суу алып өтүүгө уруксат бербейм» деп жатат. Ушул маселени мыйзам чегинде кантип чечүүгө болот?

Канат, Сокулук району


– Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине ылайык, жеке менчик ээси менчигин каалагандай пайдалана алат. Кааласа сиздерге суу алганга уруксат берет, каалабаса бербейт. Сиздер Суу чарба департаментине кайрылып, муниципалдык аймактан арык үчүн жер бөлдүрүп, казып алсаңыздар болот. Ар бир шаарда муниципалдык жерлер, айыл өкмөттөрүндө өзүлөрүнө тиешелүү аймактар бар.

«УНААМДЫ КҮРӨӨКАНАДАН КАНТИП ЧЫГАРАМ?»

– Аталаш иним «машинаңыз менен бир жакка барып келе калайынчы» деп суранганынан берген элем. Буга чейин да кээде сурап айдап турчу. Бул жолкусунда ишенген иним унаамды күрөөканага коюп, ири өлчөмдө акча алып коротуп салыптыр. Аталган жайга барып «унаа менин наамымда, силердин алганга укугуңар жок болчу» десем да бербей жатышат. Унаамды кантип чыгара алам?

Акылбек, Бишкек шаары

– Бир нерсени күрөөгө алууда эки тарап келишим түзөт. Ага ылайык, унаа күрөөгө коюучу адамдын наамында болушу шарт. Күрөөканалар менчик ээсисиз унааны күрөөгө алууга укуктары жок. Сотко кайрылып маселеңизди чечсеңиз болот.

«МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙ КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨП БЕРИШИ КЕРЕКПИ?»

– Май куюучу жай турак жайлардан канча алыстыкта жайгашышы керек? Дегеним, биз май куюучу жайдын жанында жашайбыз, ашып кетсе 30-40 метр. Дайыма бензин жыттанып турат. Биринчиден, ден соолугубузга зыян келтирип жатат. Экинчиден, Кудай сактасын, өрт кырсыгы болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ушуларды эске алып алар бизге компенсация төлөп бериши керекпи?

Бакыт, Кара-Көл шаары


– Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, муниципалдык аймакка ишканабы же күйүүчү май куюучу жай курууда сөзсүз жашоочулардан уруксат алуу керек. Эгер курулган нерсе сиздердин тынчыңыздарды бузуп, ден соолугуңуздарга зыянын тийгизсе сотко кайрылып, моралдык компенсация өндүрүүгө болот.

«АЖЫРАШКАНГА ЧЕЙИН АЛЫНГАН КРЕДИТТИ ЧОГУУ ТӨЛӨЙБҮЗБҮ?»

– Жолдошум экөөбүз чогуу кредит алган элек. Документтердин баары ага катталган. Жакын арадан бери отубуз күйүшпөй, мыйзамдуу түрдө ажырашканы турабыз. Ажырашсак алынган кредит тең экиге бөлүнөбү?

Мадина, Бишкек шаары


– Кредиттик компаниялардын эч бир келишиминде «ажырашып кетсеңер төлөбөйсүң» деген пункт жок. Келишимге кол койгон болсоңуз, андагы пункттарды аткарууга милдеттүү болуп саналасыз. Эгер жолдошуңуз кредитти төлөбөсө, банк сизден өндүрүп алууга акысы бар.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aiza16
2017-08-08 16:04:42
Майыптыгым учун ала турган пособиени кантип банк аркылуу алса болот?
+1
meridian
2017-08-08 17:44:27
Эжеден кенеш сурайын дегем. Дарегин жазып койгулачы сураныч
+1
Astra93
2017-08-11 10:42:13
Мен туз байланышкым келет номерин жонотуп койгулачы сураныч
0
Astra93
2017-08-11 10:42:47
Супер инфо сураныч ватсабы болсо
0
anyshka
2017-08-11 23:24:50
Биринчи суроого толук жооб жазбаптыр. Биз да балабызды эмдетпейиз. Садик алабы ? Алса кайсы закон негизинде алат?
+1
deva
2017-08-31 10:10:16
anyshka,"бала бакчага баланы алуу-албоо боюнча айтсам, мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалардын өздөрүнүн кабыл алган жоболору бар" деп жооп бериптир. Чындыгында мамлекеттик садиктер эмдөөдөн, анализ тапшырбаган баланы албайт. Акча алып, жасалма документ жасап киргизгендер болсо керек. Частный садиктер ала берсе керек
0
Tuke88
2017-08-15 02:28:30
Болгону жети эле суроого жооп бериптир көбүрөөк жооп алып берсеңер жакшы болмок. Кийинкисинде эске алгылачы. Анан да канааттандыраарлык жооп бере албаптыр.
+1
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан