«САДЫР ЖАПАРОВ ЭР ЖҮРӨКТҮҮЛҮГҮ ҮЧҮН СОТТОЛДУ»

2017-жылдын 15-октябрында болчу президенттик шайлоого «Ата Журт» фракциясынан экс-депутат Улукбек Кочкоров да аттанганы маалым. Ал парламентте депутат болуп турган учурда да бир топ мыйзамдарды жазып, активдүү депутаттардын катарында эле. Мындан улам коомчулук аны да ажолукка ат салышып жаткан белдүү талапкерлердин катарына кошууда.
Ар бир коомдук-саясий процесстерге өз баасын берип, пикирин ачык айтып келген Кочкоров 2-августта парламенттин экс-депутаты, мурунку партиялашы Садыр Жапаровдун сотунун акыркы отурумуна катышты. Сот залында Кочкоров Жапаровго жолугуп, жарандык да, саясатчылык да милдетин аткарды. Улукбек Кочкоровдун пикиринде, Садыр Жапаровдун тагдыры кандай болгон күндө да ал тарых алдында ак инсан катары эсте калат. «Мен сот системинде бир топ көйгөйлөр бар экенин билчүмүн, бирок мынчалык айыккыс илдетке айланган деп ойлобопмун. Садыр Жапаров бүгүн кылмыш кылып эмес, эр жүрөктүк кылганы үчүн соттолуп отурат. Мен ар бир сот жараяндарын жарандар онлайн режимде көрүп туруусу керек деп ойлойм. Бул соттордун ачык-айкындуулугун камсыздайт. Андан сырткары соттордун жоопкерчилигин күчөтүп, бул системдеги бюрократияны жоюу керек»,- деди Улукбек Кочкоров. Анын Жапаровго карата айткан пикирин жөнөкөй жарандар, коомдук ишмерлер, саясатчылар колдоого алышты.
Ошол эле күнү президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров шайлоого карата мамлекеттик тилден экзамен тапшырды. Жыйынтыгында ал жалпы 92 баллга ээ болуп, сынактан ийгиликтүү өттү. «Лексика, грамматика, жазуу, окуу боюнча тапшырмаларды 100 пайыз аткардым. Ал эми угуп тапшырмаларды аткаруудан 80 пайыз алып калдым. Катуу даярданган жокмун. Буга чейинки даярдыктарымда 100 пайыз жооп берип жаткам. Ошондуктан өзүмө ишендим. Бул натыйжа да жаман эмес»,- деди Кочкоров. Президенттикке талапкерлер катары Кочкоров алгачкы жараяндан жемиштүү өтүп, алдыдагы жумуштарга жең түрө киришти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан