ПАРОДИЯ «АЛЛО»

(Жакут Сыдыков жана Наргиза Айтемирова)

– Алло, бул ким?
– Кимди издедиң?
– Тааныдыңбы?
– Жылдыз белең?
– Ооба, мен жылдызыңмын жанашпаган,

Сырды издедим.

– Кечириңиз, ким дедиңиз?
– Бир сулуунун тирегибиз,
Азыр бойдок, башыбыз бош.
– Бош орунга гүл эгиңиз.

– Ой, ой, ой, карындаш, андай дебеңиз,
Сүйлөйбүз ошондой, неге кыз
Кырк үйдүн тыюусу болсо, биз
Жаныңа кандай келебиз?
Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Кошулсун биздин күнүбүз.

– Ой, ой, ой, агатай, андай дебеңиз,
Кандай айт, ошондой көнөбүз.
Баркымды бил, баалай алсаң сен,
Багыңа карай көрөбүз.
Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Кошулсун биздин күнүбүз.

– Канчада экен чын жашыңыз?
Сулуулардын сырдашыбыз.
Кыздын жашын сурабайт го,
Кай жылкы эле курдашыңыз?
Курдаштарым келсе жүзгө,
Менин жашым он сегизде.
Азыр эле жолуксам дейм,
Мейли ишен, мейли ишенбе.

– Жок, жок, жок, агатай, андай дебеңиз,
Кандай айт, ошондой көнөбүз.
Баркымды бил, баалай алсаң сен,
Багыңа карай көрөбүз.
Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Кошулсун биздин күнүбүз.

– Ой, ой, ой, карындаш, андай дебеңиз,
Сүйлөйбүз ошондой, неге кыз
Кырк үйдүн тыюусу болсо, биз
Жаныңа кандай келебиз?
Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Кошулсун биздин күнүбүз.

«АБИТУРИЕНТ МЕНЕН ШААРДЫК ТУУГАНЫНЫН ЫРЫ»
(Пародия)

– Алло, бул ким?
– Кимди издедиң?
– Тааныдыңызбы?
– Тууган белең?
– Ооба, мен бөлөңүзмүн катташпаган,

Сизди издедим.

– Кечириңиз, ким дедиңиз?
– Каякта эле дарегиңиз?
Азыр барам, жүрөмүн бош...
– Бошобойм мен, эртең келиңиз!

– Ой, ой, байкеси, андай дебеңиз,
Сүйлөшсөк болот эле биз,
Кырк сом эле калды чөнтөктө,
Маршрутка менен эптеп жетебиз.
Бир чер жазалы, бир сырдашалы,
Каякта сиздин үйүңүз?

– Ой, ой, тууганым, андай дебеңиз,
Азыр биз бир жакка кетебиз.
Башка күнү келгин үйүмө,
Калганын дагы көрөрбүз.
Жолго чыгалы, жолго чыгалы,
Эптеп сиз бир жерге түнөңүз.

– Канчада келесиз, жашырбаңыз?
Эт ала келгем, алып калыңыз.
Ал-жайды эч сурабайсыз го,
Жакшы жатат туугандарыңыз.
Чоң таенем чыккан жүзгө,
Менин жашым он сегизде.
Окуганы шаарга келгем,
Мейли анда, ак жол сизге.

– Жок, жок, тууганым, андай дебеңиз,
Кандай айт, ошондой көнөбүз.
Күтө тур, үйгө келсең сен,
Бат эле кайра келебиз.
Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Кошулсун биздин күнүбүз...

– Ой, ой, байкеси, андай дебеңиз,
Конокко кечикпей жөнөңүз.
Кырк кило эт бар эле, биз
Кийин да дагы келербиз.
– Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Сен үчүн ачык үйүбүз...

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
salamat93
2017-08-08 08:56:11
kandai sonun chygaryp koiushkan super.
+11
janka7
2017-08-08 09:28:28
хе хе хе
+6
Tyty1990
2017-08-08 09:36:13
Зыңк
+5
merim
2017-08-08 12:07:36
ха ха
+3
engel
2017-08-08 13:12:45
))) мдаа ачуу чындык да.
+7
jonne
2017-08-08 16:06:45
Кумондор байкенин тамашасы бар эле ушундай ошого окшош экен
+5
dina
2017-08-08 23:16:56
Аскат боорду эздин)))
+1
balanchaev
2017-08-09 10:49:16
Дэн-дэн-дэнго өзүнчөле))))
+2
SVE4A
2017-08-09 10:50:53
40кило эт десе иллибою келевер дейт да анан
+4
beki2001
2017-08-10 10:58:28
Менин туугандарым антпейт эч убакта
-1
chika010596
2017-08-10 13:20:27
ха ха жаныда 40 сом акча, 40кг эт м.н көчөдө калыптыр, студенттерде азыр 40гр дагы эт болбойт
-3
Girl1996
2017-08-11 18:22:28
chika010596,айылдан жаны
баргандыр да
0
aiman1983
2017-08-11 22:46:56
Азыр студенттер андай эмес , байкесине караганда бай
0
nur_92
2017-08-12 22:56:49
Силерге эми жеттиби буну укканыма бир жылдан ашып калды окшойт
-2
jama9210
2017-08-14 19:33:21
nur_92,ооба бизге эми жетти
+1
Tuke88
2017-08-15 02:40:56
Супер
+1
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан