ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (7-августтан 13-августка чейин)



КОЙ (21.03-20.04)
Сиз үчүн апта оор болот. Алдыңыздан улам бир маселе чыгып аларды чечүүгө көп энергияңыз кетет. Тажрыйбалуу адамдардын пикирине таяныңыз. Өзүм билемдик кылсаңыз ого бетер абалды курчутасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кирешелүү жума болмокчу. Сапарга чыгышыңыз ыктымал. Аптада билимди жогорулатуу, тажрыйба топтоо менен алек болгон букачарларга ийгилик жылмаят. Ден соолук жаатында олуттуу маселе жаралышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Энергияңыз ашып-ташып көп иштерди бүтүрөсүз. Финансы жаатында сак болууңузду жылдыздар эскертет. Шылуундарга жем болуп калбаш үчүн жаңы таанышкан, жакшы билбеген адамдар менен иш алып барбаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада тоскоолдук көп болуп, сизге баары каршы туруп жаткандай сезилет. Депрессиялык абалдан чыгууга жакын адамдарыңыз жардам берет. Жылдыздар каржы жаатындагы чатактарга аралашпоону сунушташат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Өзүмчүлдүк кылып жакын адамдарыңыздын көңүлүн оорутуп алгандан алыс болуңуз. Туугандардан жардам күтүп, терс жооп укканда капа болуп калышыңыз мүмкүн. Күтө турсаңыз маселе оң жагына чечилет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада эч кандай олуттуу чечим кабыл албаңыз. Дем алыңыз, ден соолугуңузду калыпка келтириңиз. Чыгашага учурап калбоо үчүн акча маселесинде этият болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өзүңүз акыл калчап чечим чыгарчу кырдаал жаралат. Бул маселени туура жакка чече аласыз. Алыска сапарга чыгууңуз күтүлөт. Апта аягында үй-бүлөңүз менен өткөргөн күндөрүңүз сизге жагымдуу маанай тартуулайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Көңүл борборунда болосуз. Жетекчилик жактан колдоого татыйсыз. Мелдеш же жарыштарга катышсаңыз сөзсүз жеңишке жетишесиз. Жылдыздар авто сүйүүчүлөрдү жол эрежесин сактоого чакырат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Күтүүсүз жерден акчалуу болосуз. Социалдык абалыңызды жакшыртуу үчүн колдой турган адамдарды керектүү учурда колдонуп калууңуз кажет. Жеке жашооңузду талдап кароого мезгил жетти.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Үйдө тартипти катуу кармаганга кылган аракетиңиз өзүн анча актабайт. Түгөйүңүз менен мамилеңиз курчуйт. Сабырдуу болсоңуз абалдан чыгып кетесиз. Апта аягында алыстан кабар келип сизди сүйүндүрөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Көптөн күткөн карызыңызды аласыз. Юридикалык маселелер чыгып, аны чечүүгө көп эмгегиңиз кетет. Кимдир бирөөнү сөз кылуудан алыс болуңуз, кийин сизге зыяны тийиши мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Романтикалык кеченин күбөсү болуп бактылуу болосуз. Бирок тандоого тушугасыз. Жүрөгүңүздү угуп чечим чыгарыңыз. Апта соңунда жакын адамдарыңыз менен жолугушасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан