Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, Кыргыз Республикасынын премьер-министри: «БИЗ АЧЫК-АЙКЫН МАМЛЕКЕТ БОЛДУК, МУНУ САКТАП КАЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК»

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков коомдук телеканалга (КТРК) кеңири интервью берди. Маекте ал өлкөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси, социалдык-экономикалык ири долбоорлор, ЕврАзЭСтин таасири, жаштар саясаты тууралуу кең-кесири кеп кылды. Маектин айрым урунттуу жерлеринен окурмандарга сунуш кылабыз.

«ӨЛКӨНҮ ӨЗГӨРТКӨН 6 ЖЫЛ»

2010-жылы жеке басар бийликке нааразы эл көтөрүлүп, революция болду. Ошол 7 жыл мурдагы Кыргызстан менен азыркы Кыргызстандын айырмасы асман менен жердей. Ошондо топтолгон маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүктөрүбүздүн бар экени, бюджетте каражаттардын жетиштүүлүгү, анын жылдан-жылга көбөйүп жатканы, эң башкысы, элдин бийликке ишениминин кайтып келиши кубандырат.
Биз ачык-айкын мамлекет болдук, муну сактап калышыбыз керек. Парламент бардык маселени ачык талкуулап, массалык маалымат каражаттары баарын жазып жатат. Кээде калп жазса, ага да чыдап жатабыз. Демократияны өнүктүрүшүбүз керек деп чыдап жатабыз. ММКдагы бүгүнкүдөй абал да убагы келгенде өз нугуна түшөт.
ЕврАзЭСке кирип, анын үзүрүн көрө баштадык. Аймактарда жолдор, мектептер, спорт залдар, бала бакчалар салынып, мектептер компьютерлештирилип жатат. Энергетикалык көз карандысыздыкка жеттик, ГЭСтердин реконструкция болуп жатышы да жакшы жөрөлгө. CASA-1000 долбоору ишке кирип, электр энергияны экспорттогону турабыз. Буга чейин 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынып, ишке ашырылды. Эми 2040-жылга чейинки улуттук өнүгүү стратегиябыз иштелип чыгууда, анын алкагында 5 жылга өнүгүү планын иштеп чыгабыз. Өлкөбүз так, таасын өнүгүү жолуна түшүп калганын билдирет.
Былтыр апрель айында мен өкмөт башчысы болуп келгенимде ички дүң продукция (ИДП) 4,9 пайызга, өнөр жай көлөмү 26,6 пайызга түшүп кеткен эле. Жыл жыйынтыгы менен ИДП 3,8 пайызга жогорулаганы мени кубандырат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бюрократиянын толук жоюла электиги, кээде жергиликтүү бийлик, министрлик чече турган маселелер өкмөт башчысына, президентке чейин жетип жатышы, бир кагаз үчүн адамдардын кезек күткөнү азыр деле бар. Кыска аралыкта ошол бюрократияны жоюу керек.
Мени дагы кыжалат кылганы – дыйкан-фермерлердин долбоорлору менен банкта кезекте турганы, төмөндөтүлгөн пайыздагы насыялардын жетпей жатканы. Мына ушундай убактылуу проблемалар бар, алар чечилет.

«ИШТЕГЕНИҢ ТУУГАНСЫҢ, ИШТЕБЕГЕНИҢ ДУШМАНСЫҢ»

Аткаруу бийлигинин тынымсыз, мобилдүү аракеттери менен ушул жылдын алты айынын жыйынтыгында жакшы жетишкендиктер болду. Мисалы, былтыркы жылдын ушул мезгилинде экспорт 17 пайызга төмөндөп кетсе, быйыл 30 пайызга көбөйдү. ИДП 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 3,8 пайыз болсо, алты айда 6,4 пайызга өсүш болду. Буга салык жеңилдиктеринин берилгени, төмөн пайыздуу насыянын, узак мөөнөттүү кредиттердин берилип баштаганы, Орусия-Кыргыз фондунун иштеп жатканы, экспортко чыгарып жаткан өндүрүшчүлөргө өкмөттүн жакындан колдоо көрсөтүшү себеп болду.
ЕврАзЭСке жаңы киргенде инфраструктура түзүү боюнча маселелер калып кеткен. Сырттан каражат келет деп эки жылча күтүп калганбыз. Ошонун айынан фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларды
ЕврАзЭСтин талаптарына ылайыкташтыруу маселеси кечиккен.
Ошону 2016-жылдын апрель айында премьер-министрлик кызматка келерим менен колго алдым. Бюджеттен каражаттар бөлүндү, чек ара бекеттери оңдолду, фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар курулуп, эскилери оңдолуп, ЕврАзЭСтин талаптарына ылайыкташтыруу жагын быйыл бүтүрөбүз. Калган 13 фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар толук ремонттон өтүп жатат.
Анын үстүнө талапты дагы катуу коё баштадык. Ачыгын айтканда, «иштегениң туугансың, иштебегениң душмансың» принцибин кармануудабыз.

« ЕврАзЭСке ӨТҮҮ ӨЗ ҮЗҮРҮН БЕРДИ»

Эсиңиздерде болсо керек, ЕврАзЭСке кирип жатканда «ишканалар жабылып калат, конкуренцияга жарабайбыз, «Дордой» базары жабылат, «Кара-Суу» базары жабылат, сырттан келип жаткан импорт, азык-түлүк, кийим-кечелердин баары кымбаттайт» деп айтып чыгышкан. Бирок президентибиздин көрөгөчтүгү, өжөрлүгү менен биз ЕврАзЭСке өз шарттарыбыз менен киргенибиз жакшы болду. Кыргызстан башкаларга берилбеген артыкчылыктарды алды. Биринчиден, борбордук бюджетке түшкөн каражаттан бизге бөлүнө турган 1,9 пайыз менен кирдик. Армения 1,1 пайыз менен кирди. Экинчи эң чоң жетишкендик – 1 миллиард доллар менен Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышы.
Мына, 28-июлга карата фонддон 246 миллион доллар кредит берилди, 753 долбоор жактырылды. Каражаттын көпчүлүгү кайра иштетүү өнөр жайына кетип жатат. Биздин артыкча жетишкендигибиз – Орусияда иштеп жаткан жарандарыбыздын ошол мамлекеттин жарандарындай эле тең укукта болуп жатканы. Айрыкча бизден чыгып жаткан продукция Орусия, Казакстан рынокторуна сатыла баштады.
Мен былтыр сентябрь айында Таласка, октябрда Ысык-Көлгө барып, сүт өндүргөн ишканаларды кыдырганда баарында продукция толтура болчу, Орусия, Казакстанга чыга албай, сата албай турган. Ошондо абдан жүрөгүм ооруган, мындай болсо кыйналып калабыз деп. Сүт завод деген тирүү механизм да. Алыш керек, сатыш керек, каражатты айландырыш керек. Эгерде кампасында туруп калса, эртеңки күнү элдин сүтүн сатып ала албай калат, элдин да чөнтөгүнө каражат түшпөй калат. Анан ноябрь айында Ысык-Көлгө барып, сүт заводуна кирип карасам, складда эч нерсе жок. «Азыр Новосибирск, Красноярсктан өздөрү келип, биздин продукцияны талашып алып кетип жатышат» дейт. Биздики таза да. Биз айыл чарба продукциясынын кайсы түрү болбосун алыскы, жакынкы өлкөлөр менен толук атаандаш боло алабыз.

«БИЗНЕСТИ КОЛДОСОҢ – КАЙТАРЫМЫ ЖҮЗ ЭСЕ»

Биз өндүрүшчүлөргө кредит берүүдө бир эле Орусия-Кыргыз фондун карабастан, өзүбүздүн бюджеттен да берип жатабыз. Быйыл мына 6 пайыздан бербедикпи. Өткөндө да экспортко чыгып жаткан, импортко кирип жаткан ишканаларга 3 жылдан 5 жылга чейин 6 пайыздан 3,5 миллиарддык кредиттерди берүү боюнча документке кол койдум. Быйыл сентябрдан кийин башталат жана кийинки жылы уланат.
Ташкентте өткөн ШКУ саммитинде президентибиз Алмазбек Шаршенович чакан жана орто бизнеске узак мөөнөттүү кредит берүү маселеси боюнча Кытай жетекчиси менен сүйлөшкөнүн билесиздер, кийин премьери да келип кетти, ал дагы макулдук берди, менин кеңешчим Кытайга барып келди. «Улуу Жибек Жолу» фондунун 40 миллиард доллары бар, алар да келип кетишти, азыр чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн Орусия-Кыргыз фондундай фонд түзүп, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздагы кредиттер менен камсыздоо маселесин чечкени жатабыз.

«БИЗДИН СҮТ СЫРТТА ӨТҮМДҮҮ»

Биз кайсы тармакта конкуренцияга чыдай алабыз? Азыр ошол боюнча иштеп жатабыз. Мисалы, 6 айда текстиль жана трикотаж продукцияларын экспорттоо 33 пайызга, бут кийим тигүү 2 эсеге, сүт азыктарын сатуу 1,8 эсеге көбөйдү. Кайсы жакта суроо-талап бар болсо, каражатты да ошол жакка беришибиз керек. Мисалы, эт жагын алсак, жайлоодон өндүргөн эт менен күзүндө конкуренцияга чыга алабыз, бирок кышында бордогондо биздин эттин өзүнүн турган наркы жогорураак болуп калат. Сырттан келген эттин наркы төмөн болот, эмне үчүн дегенде, аларда 100 миңдеген комплекстер бар да. Аларга ушул жагынан атаандаштык түзө албашыбыз мүмкүн. Бирок биз арзан жайытты эске алып, жайыттан келгенде атаандаштыкка чыга алабыз.
Сүт боюнча алсак, биз кайсы мамлекет болбосун атаандаштыкка жарайбыз. Ошол үчүн биз айыл жериндеги бардык айыл чарбасын сүт өндүрүү жагына багыттап, сүт заводдорун бардык регионго курушубуз керек. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Ошто жок эле, Ошко барды, «Үмүт» ишканасы сүттү жалаң Чүйдөн алып жатты эле. Азыр эми Баткенге ачыш керек. Биз ар бир үйдөн сүттү сатып алып кете турган системаны түзүшүбүз керек. Мындан күнүгө каражат түшүп турат, ар бир үй-бүлөнүн жашоо деңгээли көтөрүлөт.

«АР БИР ОБЛУСКА ӨЗҮНЧӨ ӨНҮГҮҮ ДОЛБООРУ»

Биз региондорду өнүктүрүү концепциясын кабыл алдык. Буга алгачкы этапта 20 шаар киргиздик. Аймактарды бирдей өнүктүрүп кеткенге каражат жетишсиз. Ошондуктан облус борборлорун биринчи өнүктүрүп, элге кызмат көрсөтүүнү Бишкек шаарындай денгээлге жеткиришибиз керек. Ошондо ички миграция токтойт. Мисалы, Нарын мал жандуу облус, демек, Нарында эт, сүт, жүндү, терини кайра иштетүү орундуу. Каражатты ошол жакка жумшашыбыз керек. Элден малын сатып алып, терисин, этин иштетишибиз керек. Эл 100 чакырым аралыкты басып, базарга малын алып чыгып, өтпөй калса, кайра кийинки базарда чыгып, убара тартпашы керек.
Баткенде эң ширин өрүк, тоо-кен тармагы бар. Ошол жагына көңүл бурушубуз керек. Ысык-Көлдө туризм, экотуризм, тоо туризми бар. Аймактарды өнүктүрүүдө ар бир региондун өзгөчөлүгүн эске алып, каражатты ошол багыттарга максаттуу жумшоо зарыл. Азыр аны курам, муну салам деген бизнесмендер бар. Мен алар менен жолугуп жатам, кээ биринин күрөөсү жетпей Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кредит ала албай жатат. Аларга кээде жардам берип жатабыз.
Ошон үчүн мына Кепилдик фондун да түзүп жатпайбызбы. Мамлекет кепилдик берип, берилген каражатты мамлекет өзү көзөмөлдөйт. Ошондо ар бир региондон өндүрүлгөн продукцияны сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк болот. Биздин фермерлер малын жетелеп алып, базарда эки күн сата албай жүргөн абалдарды жокко чыгарышыбыз керек.

«БИР ДУБАНДАЙ КЕҢ ЖЕР ӨЗДӨШТҮРҮЛӨТ»

Ирригациянын тарыхын айтып берейин. 2007-жылы Алмазбек Шаршенович премьер-министр болуп турганда мен айыл чарба министри болуп келгемин. Депутаттыкты таштап, чогуу иштегенбиз. Ошондо Кыргызстан боюнча ирригациялык долбоор иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. Мен бүт регионду кыдырып чыгып, анан ушул долбоорду түзгөнбүз. 2007-жылы Иринжит каналын биз баштаганбыз. Биз кетип калып, ишке ашпай калган. Кийин Алмазбек Шаршенович кайра премьер, президент болгондо бул долбоор кайра жанданды. Бир эле мисал, Бүргөндү массивинде 3800 гектар жер өздөштүрүлдү.
Мындай болот деп эч ким ишенген эмес. Канча жумуш орундары болот, миграция токтойт да. Азыр дагы ирригациялык программаны иштеп чыгып, муну биз мурунку кемчиликтерди эске алып 3 этапка бөлдүк. Биринчи этапта азыркы ишке ашып жаткан 12 долбоорго 4 миллиард 900 миллион сом каралган. Каражат бар. Экинчисинде 17 долбоор бар, ал боюнча дүйнөлүк финансы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бюджеттен 800 миллион карадык. Үчүнчүсүндө 12 долбоор бар, буга азыр каражат издеп жатабыз. 10 жылда этап-этабы менен 65 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Насос менен суу чыгарылган 9600 гектар жерлерге канал менен суу алып келебиз. 50 миң гектар жердин сугаты жакшырат.

«5 ЖЫЛДА ТАЗА СУУСУЗ АЙЫЛ КАЛБАЙТ»

Таза суу боюнча 1,5 жылдан бери катуу иштеп жатабыз. Биздин жерибиздин астында да, үстүндө да суубуз кенен, мөңгүлөрүбүз да бар. Ага карабай 45 пайыз айылдар таза суу менен камсыз болгон, 55 пайызы жок. Бул боюнча долбоорлор бар, президенттин көзөмөлүндө турат. Баары үчүн 30 миллиард сом керек. Азыр 19 миллиард сом боюнча сүйлөшүүлөр бүтүп, сырттан донорлорду таап, өзүбүз 200 миллион сомун берип жатабыз. Мурун 100 миллион болсо, 200гө көбөйттүк. 5 жылдын ичинде Кыргызстандын бардык аймагын таза суу менен камсыз кылуу максатын, буюрса, ишке ашырабыз.

«ТУРАК ЖАЙ КРЕДИТИНИН ҮСТӨК ПАЙЫЗЫН 8 ПАЙЫЗГА ТҮШҮРӨБҮЗ

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө берилчү насыянын үстөк пайызын 6 пайызга түшүрдүк. Быйылкы жылы 1,5 миллиард болсо, кийинки жылы 3,5 миллиард берели деп кол койдум. Каражат бар. Дыйкан менен фермер банкта кезекте турбашы керек, ал жер айдашы керек, малын багышы керек. Өткөндө Жалал-Абадга барсам, 600 гектар жерге кооператив уюштурулуптур. Азаматтар экен. 600 гектарга пахта жана жүгөрү өндүрүшөт. Өзүнүн пахтасын өндүрүп, бирөөнүн колуна берет экен. Ал аны кайра иштетип туруп, кымбат сатат экен. Ал заводду болгону 20 миллион сомго сатып кетебиз деп жатышыптыр. Кооперативде аны сатып алганга каражаты жок. Мен барып калсам «акча алып бербейсизби, алып калалы» деп айтышты. 6 пайыздык кредит алып берип жатам. Мындай болбошу керек да. Дыйкан же фермер иш кылам десе, кредит алам десе, банкка күрөөсүн коюп, ала бериши керек. Эгер мен барбай калсам, завод башкага кетмек, алар дагы бирөөгө көз каранды болмок.
Азыр 3 жылга 10 пайыз болуп жатат, башка банктар 20 пайыздан берип жатпайбы. Мына турак жайга ипотека 14 пайыз эле, аны 10го түшүрдүк, эми 8ге чейин түшүрүшүбүз керек. Бир эле социалдык тармакта иштеген мугалим, врачтар эмес, жалпы Кыргызстан боюнча жайышыбыз керек. Үйү жоктор көп да. Мындай ишке аша турган долбоорлор көп.

«ЭЛ ЭЛЕКТРОНДУК ТЕЙЛӨӨГӨ ӨТӨТ»

Таза коом» – абдан жакшы долбоор. Президент колдоп, былтыр биз июнь айында Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түздүк. Буга чейин электрондук форматка өткөрөбүз деп көп жылдан бери аракет болуп келди. Ар бир министрлик менен мекемелер өзүнчө аракет кылып келди. Ага 2,5 миллиард сом кеткен, бирок эффект аз болгон. Эмне үчүн дегенде ар ким өзүнчө система түзөт, биз ушул комитетти түзүп, ошонун баарын «Түндүк» деген долбоордун алдында бириктирдик. Бизде мамлекеттик кызмат көрсөткөн органдар бар, ошолор кыскарып-кыскарып келип, азыр 373 кызмат көрсөтүлөт жана 98 лицензияга уруксат берет. Эмне үчүн эл кээде мамлекеттик органдарга нааразы болот? Анткени мамлекеттик кызмат көрсөткөн органдар тикелей кардарлар менен жолугуп, адамдык фактордун негизинде коррупция, бюрократия болууда, заматта чече турган маселени 5-10 күн созуп, элдин бийлик органдарына ишеничин кетирип жатышат. Эми «Түндүктүн» алдында эл үйүндө отуруп алып мамлекеттик кызматтан пайдалана турган системаны киргизели деп жатабыз. Ошол 373тү алдыңкы технология менен электрондук форматка өткөргөнү жатабыз.
Эң негизгиси, кызмат көрсөткөн адамдар кардар менен түз контакт болбой, электрондук форматта кызмат көрсөтөт. «Таза коом» – коррупцияны жоё турган механизм. Биз бул долбоорду турмушка ашырууга милдеттүүбүз.

«ЖАШТАР МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУГА ТАРТЫЛУУДА»

Бизде алдыңкы технологияны билген, билими жогору жаштарыбыз көп. Бирок ошолорду мамлекеттик кызматка тартпай калабыз. Бул боюнча да азыр иштер жүрүп жатат. «Таза коомдун» негизинде жаштарды тартабыз.
Кайсы бийлик келсе эле, жаштардын добушун алыш үчүн жаштарды ишке коёбуз дешет да, бирок иш жүзүнө келгенде унутуп калышат. Президент Алмазбек Атамбаев башынан эле жаштарды тарта баштады. 6 жылда мамлекеттик кызматта жаштар көбөйдү. Мисалы, мына Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков 40 жаштагы эле жигит да. Каттоо кызматына 30 жаштагы Дастан Догоевди койдук. Ал алдыңкы технологияны, ошол системаны билген, келечектүү жигиттерден. Юстиция министрлигинде, Коопсуздук кеңешинде жетекчилер, Башкы прокурор жаш. Эсептөө палатасына 40ка чейинки жаш жигит барды. Бир да жаман сөз айтылган жок.
Кыдырып көрүп жатам, көп айыл өкмөт башчыларына жаш жигиттер келип, активдүү иштеп жатышат. 3 облустун башчылары 45ке чейинки жигиттер. Кечээ акимдерди койдук, төртөө 40 жашка чейинкилер. Азыр 30-35 жаштагыларга көбүрөөк кызмат берип жатабыз. Эми ортоңку тепкичтин дагы 25 пайызына жаштарды аралаштыруу максаты турат, райондук деңгээлдеги жетекчилерге, департаменттерге. Бирок тажрыйбасы бар, көптөн бери таза иштеген, эл үчүн, мамлекет үчүн күйгөн, үлгүлүү адистердин баарын жашына карабай сактайбыз.

«БИЛИМ БЕРҮҮДӨН АКЧА АЯБАЙБЫЗ»

КСДП партиясы, Алмазбек Шаршенович башында туруп илгертен эле социалдык теңдик үчүн күрөшүп келгенбиз. Бийликке келгенде толук болбосо да көпчүлүгүн ишке ашырдык деп айтсам жаңылышпайм. Бир мисал айтайын, билим берүү тармагына 2010-жылы
12 миллиард 600 миллион сом акча каралса, азыр 36 миллиардга чыкты. Биз билим берүү тармагына каражат бөлүү жагынан дүйнөдөгү 11 мамлекеттин катарына кирдик. Былтыр бюджеттин киреше бөлүгүн 11 миллиардга көбөйттүк, бул чоң көрсөткүч. Ошонун ичинен 3,7 миллиард сом билим берүү тармагына салынды. Быйыл дагы 6 айдын жыйынтыгы менен бюджеттик кирешебиз 8 миллиард 400 миллион сомго көбөйдү. Салык 4,5 миллиардга көбөйдү. Эмки жылы салыкты 10 миллиардга чейин чыгарабыз деп жатабыз. Соцтармактарга каражатты көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Ооруканаларды, мектептерди, социалдык имараттарды, маданият үйлөрүн оңдоп-түздөп, азыркы шартка ылайыкташтырып, мугалимдерге, окуучуларга, врачтарга келген биздин жарандарга жакшы шартты түзүп берели деп акчаны көбөйтүп жатабыз. Быйыл да 6 миллиарддан кем болбойт. Азыр 5 миллиард 800 миллион сом каралды. Биздин максат – ошону 8 миллиард сомго жеткирүү. Маселе көп, бирок чечилет.

«МУГАЛИМДЕРГЕ – УРМАТ-СЫЙ»

Асыл» пансионатын мугалимдерге бердик, ошол эле кезде маданият кызматкерлерине да «Витязь» пансионатын бергенибиз айтылбай калды. Бизде эң көп адам иштеген социалдык тармак – билим берүү тармагы. Мугалимдер көп. Азыр ал жер 150 кишини кабыл алат. Бирок эски экен. 18 гектар жери бар, суунун жээги, бак-дарактуу. Мен өзүм барып көрүп келдим, ал жерди абдан өнүктүрсө болот. Азыр 300 миллион сом бөлдүк. Жайы-кышы иштей турган 400 орундуу 5 кабат имарат салып баштайбыз. Мугалимдерди жайы-кышы кабыл алып, алардын ден соолугун чыңдай турган, жакшы медициналык борбор менен комплекс кылып жасаганга шарт бар. Ал эми маданият кызматкерлерине берилген пансионаттын да келечеги бар.

«АК ХАЛАТЧАНДАРГА АР ТАРАПТАН КАМКОРДУК»

Адамдарыбыз саламаттыгын каратканы Бишкек, Ош, Жалал-Абадга ооруканаларга көп келип жатышат. Эмне үчүн дегенде, реформа кылабыз деп алыскы райондордо, бийик тоолуу аймактарда биринчи жардам көрсөтүү маселеси колдон чыгып кеткен. Мына ушуну кайрадан баштап жатабыз. Ошол эле учурда алыскы аймактарга медиктер айлыктын аздыгынан барбай жатышат. Айлыкты көтөрүү биринчи проблема болуп турат. Кечээ жакында тапшырма бердим, эсептеп чыккыла, кийинки жылдан баштап канча пайызга чейин көтөрө алабыз. Жабдуу маселеси да бюджет аркылуу, сырттан келген долбоорлор аркылуу чечилип жатат. Негизгиси, медиктерге айлыкты көтөрүү керек.

«ИШТЕРМАНДЫК – ДЭЭРИМДЕН»

Жасаган ишти айта бергенди туура көрбөйм. Баарыбыз эле бүгүнкү күндү, келечекти ойлойбуз. Бирок ар бир адам жакшы келечекке жетиш үчүн бүгүн жакшы иштеши керек. Бүгүнкү ишти жакшы кылсаң, бир жылда ар бир күнү эртеден кечке жакшы иштей берсең, келечек, жыйынтык жакшы болот. Мен ошол стилде иштеген кишимин.
Кайсы кызматта болбосун таза иштөө – элдин алдындагы, Кудайдын алдындагы милдетим.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан