МИСКЕНБАЕВ «МЕГАКОМДО» 80 МИҢ СОМ МАЯНА АЛАТ

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаев мандатын тапшырганы белгилүү. Ал учурда «Мегаком» («Альфа Телеком») компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси кызматында иштеп жатканы, айлыгы 80 миң сомдун тегерегинде экендиги белгилүү болду. Мындай маалыматты Мискенбаев өзү тастыктады. Анын айтымында, бул кызматка киргенине 2 ай болгон. Буга чейин камактагы парламент депутаты Өмүрбек Текебаев сот отурумунда Мискенбаев аталган кызматта 150 миң сом маяна алып иштеп жатканын айткан эле. Ага жооп катары экс-депутат айлыгы 150 миң эмес, 80 миң сомдой экенин жана бул кызматка өз күчү менен жеткенин маалымдады.
Эске салсак, Мээрбек Мискенбаев 2015-жылы парламент депутаты болуп шайланып, 2016-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Бул анын биринчи жогорку кызматы болгон. Депутат кезинде куудулдардын сатираларына сын айтып, сотко бермекчи болгон окуясы менен белгилүү болгон.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан