ӨЗБЕК ПРЕМЬЕРИ ЫСЫК-КӨЛГӨ КЕЛЕТ

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен Кыргыз мамлекетине келет. Бул маалымат эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин маалым болду. Телефондук сүйлөшүүдө өкмөт башчылар эки өлкөнүн мындан кийинки кызматташтыгын талкуулашкан. Сапар учурунда Абдулла Арипов 15-17-август күндөрү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги өкмөттөр аралык жыйынга катышмакчы. Буга чейин да мамлекеттик чек араны тактоо максатында эки өлкөдө тең өкмөттүк жыйындар өтүп келген. Бул ирет иш-чара Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү. Абдулла Арипов 2016-жылдын 14-декабрында премьер-министрлик кызматка келген. Ал өкмөт башчы катары биринчи ирет Кыргыз мамлекетине келүүдө.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан