КЫШКА ЖАШЫЛЧА ТУЗДАЙБЫЗ

Жашылчаларды туздоо маалы келди. Кыштын камын жайда көр. Төмөнкү рецепттер үй-бүлөсүн өзгөчө даамдар менен кубанткысы келген кожойкелер үчүн.

ТУЗДАЛГАН ЧЕРРИ ПОМИДОРУ


Керектелүүчү азыктар:
(1литрлик банка үчүн)
Черри помидору – 500 грамм
Сарымсак – 4 тишче
Тоголок кара мурч – 5 даана
Укроп гүлү – 1 тал
Лавр жалбырагы – 1 даана
Райкан – 2 жалбырак
Туз – 0,5 аш кашык
Бал – 1 аш кашык
Уксус (70%) – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп тазалап алабыз.
2. Бууланган банканын астына таза жуулган укроп гүлүн, лавр жалбырагын, тоголок кара мурчту, райканды, сарымсакты, андан соң помидорлорду салабыз.
3. Банкага кайнап жаткан сууну толтура куюп, 10 мүнөт тыныктырып коёбуз.
4. Бул аралыкта маринад даярдайбыз: 1 литр сууга 1 аш кашык туз, 1 аш кашык бал кошуп кайнатуу керек.
5. Банкадагы сууну төгүп, ордуна маринадды жана 1 чай кашык уксусту куюп банканын оозун бекитебиз. Банканы көмөрүп, жылуу оройбуз.

КЫРТЫЛДАК БАДЫРАҢ

Керектелүүчү азыктар:
(3 литрлик банка үчүн)
Бадыраң – 2 килограмм
Лимон – 4 кесим
Сарымсак – 5-6 тишче
Болгар калемпири – 2 даана
Лавр жалбырагы – 2 даана
Тоголок кара мурч – 10 даана
Кориандр – 0,5 чай кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Туз – 2 аш кашык
Лимон кислотасы – 1 чай кашык
Укроп гүлү – 3 тал

Даярдоо ыкмасы:
1. Бадыраңдын эки учун кесип, муздак сууга 2-3 саатка чылап коёбуз.
2. Сарымсакты, болгар калемпирин, укроп гүлүн тазалап, жылуу сууга жууйбуз.
3. Бууланган банканын астына таза жуулган укроп гүлүн, лавр жалбырагын, тоголок кара мурчту, сарымсакты салабыз.
4. Булардын үстүнө таза жуулган бадыраңды, болгар калемпирин жана лимондун кесимдерин иреттүү кылып тизип салабыз да, үстүнө кайнак сууну толтура кылып куябыз. Банканын оозун жаап, 20-25 мүнөт тыныктырып коёбуз.
5. Маринад жасоого киришебиз. Ал үчүн 1 литр сууга 1 аш кашык кумшекерди, 2 аш кашык тузду жана 1 чай кашык лимон кычкылын салып кайнатабыз.
6. Банканын ичиндеги сууну төгүп, ордуна кайнап жаткан маринадды куюп капкак менен бекитебиз. Жабарда капкакты кайнак сууга малып алууну унутпаңыз. Банканы көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

БАНКАДАГЫ АССОРТИ

Керектелүүчү азыктар:
(3 литрлик банка үчүн)

Гүлдүү капуста – 1 даана
Помидор – 0,5 килограмм
Бадыраң – 0,5 килограмм
Кабакча – 1 даана
Сабиз – 3 даана
Болгар калемпири – 3 даана
Сарымсак – 2 баш
Лавр жалбырагы – 4 даана
Тоголок кара мурч – 10 даана
Укроп гүлү – 3 тал
Туз – 3 аш кашык
Кумшекер – 2 аш кашык
Уксус – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчаларды жууп-тазалап, бадыраңды 2-3 саатка муздак сууга чылап коёбуз. Бадыраңдын эки учун кесип салсаңыз да болот.
2. Сабизди тегерек туурап, кайнак сууга 1 мүнөткө малып алабыз.
3. Бууланган банкага укроп гүлүн, лавр жалбырагын, тоголок кара мурч, гүлдүү капуста, андан кийин бадыраң, помидор, туурасынан кесилген кабакча, сабиз, сарымсак, болгар калемпирин иреттүү кылып тизебиз.
4. Банкага кайнак сууну толтура куюп, капкагын жаап, 10 мүнөт тыныктырабыз. Убактысы келгенде банкадагы сууну төгүп, кайнак суу куюп, дагы 10 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
5. Бул аралыкта аралашма даярдайбыз. Ал үчүн 1 даана сабизди, 2 даана болгар калемпирин, 1 баш сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп аралаштырабыз.
6. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, ага даярдаган аралашмабыздан 3 аш кашык, 1 аш кашык уксус, 2 аш кашык кумшекер, 3 аш кашык туз салып 3 мүнөттөй кайнатабыз да, банкага куюп оозун бекитебиз. Банканы көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

ТУЗДАЛГАН ПАТИССОН

Керектелүүчү азыктар:
(1 литрлик банка үчүн)
Патиссон – 500-600 грамм
Сарымсак – 4-5 тишче
Хрен жалбырагы – 1 тал
Укроп – 5-6 тал
Тоголок кара мурч – 10 даана
Туз – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Уксус (70%) – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 50 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1. Өтө чоң эмес, майда патиссондорду тандап алабыз. Аларды жууп тазалайбыз да, сабагы чыккан жерин кесебиз (чоңдорун майда бөлүктөргө бөлүп жасасак да болот).
2. Андан кийин бууланган банкага хрен жалбырагын, укропту, салып, үстүнө патиссондорду тизебиз.
3. 1 литр сууга 1 аш кашык туз, 1 аш кашык кумшекер, 50 грамм өсүмдүк майын кошуп кайнатып, банкага куябыз.
4. Соңунда 1 аш кашык уксусту куюп, оозун бекитебиз.
5. Банканы көмөрүп, жылуу оройбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Serenada
2017-08-15 10:44:17
жакшф салаттарды жазгылачы
+2
oorup-turat-juroogum
2017-08-15 16:00:38
soonungo
+1
Jarookerjan
2017-08-15 16:02:21
Бадыран,помидор туздоодо уксустун 70% дуулугунун ордуна 9% дыгын колдонсо боло береби? Билгендер болсо жазып койгулачы сураныч.
0
omur81
2017-08-15 17:16:38
9% болбойт
0
omur81
2017-08-15 17:18:37
70% тиги жакшы кармайт
+1
melashka
2017-08-16 13:54:08
Мен издеп жаттым эле рахмат
0
Adelka
2017-08-16 16:06:11
Капуста менен жашыл помидорду кайсы маалда кантип туздаса болот билгендер айтып койгулачы?!
0
Zo9lu
2017-08-16 19:14:38
Мен капуста менен жашыл памидорду кеч куздо туздайм, челекке эле туздап капкагын жаап коём кышы менен жеп чыгабыз
0
satiev87
2017-08-17 01:53:07
шилекейди агыздынарго
0
deva
2017-08-17 10:45:16
9% уксусту салаттарга кошосуз, катып коюңуз
0
nazira...
2017-08-17 14:18:10
Мен 3-х литровый банкада туздасам комкоруп койбойм го боло береби, компотту деле.
0
amina_kyzym
2017-08-23 18:14:20
basai kapustany kantip tuzdait
0
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан