«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК ОТЧЁТУН ЧЫГАРДЫ

«Кумтөр Голд Компани» 2016-жыл үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча отчётун чыгарды. Отчёт мамлекеттик бийлик органдарын, өкмөттүк эмес секторду жана кеңири коомчулукту кен ишканадагы жаратылышты коргоо ишмердүүлүктүн абалы жана компания тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоодогу аткарылган иш-чаралар жөнүндө маалымдоону көздөйт. Отчётторду жарыялоо маалыматтык ачыктык жана бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү диалогду колдоо үчүн компаниянын ыктыярдуу демилгеси.
Отчёттун форматы глобалдык отчёттуулук демилгесинин, тоо-кен өндүрүшү менен металлургиялык сектордо отчёттуулукка кошумчанын талаптарына жооп берет. Отчёттогу маалыматтардын мазмунун, алкагын жана чектерин аныктоодо компания үчүн да, бардык кызыкдар тараптар үчүн да эң олуттуу маселелерге токтолдук. Бул отчётту глобалдык отчёттуулук демилгесинин эксперттери текшерүүдөн өткөрдү жана глобалдык демилгенин бардык талаптарына ылайыктуу деп таанылды.
Отчёт Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга жана китепканаларга таратылат.
«Кумтөр Голд Компанинин» 2016-жыл үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү жөнүндө жылдык отчёту бардык кызыккандарга орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Кыргыз тилиндеги отчёт бир аздан соң жеткиликтүү болмокчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан