Кенже Кубатова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЭНЕМИН ДА, ЖҮРӨГҮМ БАЛАМ КИШИ КОЛДУУ БОЛУП КАЗА ТАПТЫ ДЕП СЕЗИП ЖАТАТ»

Ушул жылдын 30-июнь күнү коомчулукка суук кабар тарап, ырчылар Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатованын уулу Канат Наматбеков каза тапкан. Уулун жоготкон Кенже Кубатова «1 күнү жакшы жүрсөм, 10 күнү төшөктө жатмай, 3 күнү жакшыраак бассам, 5-6 күн баспай жатмай...» деп муңкана маек куруп берди.

– Кенже эже, саламатсызбы? Эне үчүн баласынан айрылгандан өткөн кыйноо да, сыноо да жок болуш керек. Уулуңуз Канаттын жаткан жери жайлуу болсун. Бул суук кабарды сизге ким угузду?
– Азыркыга чейин эле эмне болгонун түшүнүп-түшүнбөй, эс-мас абалдамын. Канат каза болордон 3 күн мурун жаным кыйналып бир кызыктай боло бердим, көрсө, жүрөгүм жамандыкты сезген тура. Жолдошум Зайнидин (ред.: Иманалиев) «1 күн болсо да тоого чыгып таза аба жутуп, кымыз ичип келели» деп дал ошол каза болгон күнү, 30-июнда жайлоого чыкканбыз. Ошол жакта жүргөндө түшкү саат 3-4төрдө абышкама акын Мирлан Самыйкожо чалып кабарлаптыр. Мага болсо жүрөгү кармап калат деп жайлоодон түшүп келгенден кийин, кечки саат 6-7лерде кошуна-колоңдор чогулуп келип угузушту.
Анан менин жүрөгүм кармап эс-учумду жоготуп Кочкордогу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калыптырмын.Буту-колум иштебей жакындарым сүйөп барып, сүйөп келишти. Сөөк чыгарар күнү таң эрте «Канатымды көрөм» деп болбой жатып кирдим. Кирип эле баламды тааныбай калдым... Жалгызым, ай... Көпкөк эле бир нерсе жатканын көрүп эжеме «бул ким?..» деп айтканымды билем. Мага балам кепин эмес, мүшөккө салынгандай сезилди. Мен ал жакка жеткиче «чекесинен сылап, ак сүтүмдөн кечтим деп айт» деп какшап барышкан. Анан баламдын чекесинен сылайынчы деп карасам мурдунан аккан каны да сүртүлбөптүр, эки чыкыйы тең сыйрылгансып калыптыр. Эки кашынын ортосунда гана кан болбогон жери бар экен, ошол жеринен болсо да сылайын десем, сылаттырбай коюшту. Эжем «сени ошол эңкейип кучактаган бойдон жүрөгү кармап турбай калат го деп ойлодук» дейт. Энемин да, жүрөгүм балам киши колдуу болуп каза тапты деп сезип жатат, билбейм.
Сөөктү чыгарып жатканда оюмда жакшы эле кыйкырып жаткам «карегим, жалгызым каралдым...» деп, менин жакшы эле үнүм бар экенин билесиңер го. Бирок эжемдер айтышты, эч үнүм чыкпаптыр...

– Токтобек агай менен чоо-жайын сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болдубу?
– Жок. Менин 2 бутум баспаган оор абалымды көрүп туруп Токтобек деле, ошол жакта жүргөн сакалдуусу же Токтобектин теңтуштарынан шайланып чогулуп келип бир себебин түшүндүрүп айтып коюшпайбы? «Сен азыр сөөктү көрөсүң. Ар кандай ой келбесин, тиги-бу» деп. Мен аларга эмне жамандык кылдым?! Керек болсо аларга тулпардай болгон келечектин чоң комузчусун төрөп бердим. Канат Асаналиевдердин үйүндөгү эң биринчи эркек небере болду.
Сөөк чыккан күнү ден соолугум начарлап кайра Ат-Башынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түштүм. Эсиме келгенде Канат менен кошо ууланды деген Токтобектин карындашынын баласына кирип сурайын десем, киргизбей коюшту. Алардын айтымында, порошокту Канат алып келген имиш. Жанындагысы бир-эки жолу тартып көргөндөн кийин эле эс-учун жоготуптур. Анан Канат жүрөгү ооруп жүргөндүктөн көп тартып алып жүрөгү токтоп калды деп айтышты. Канаттын жүрөгү башка себептер менен оорушу мүмкүн, бирок мурда-кийин чексе билинмек, жөн жерден жаманатты кылып жатышат. Балам жылыга эле каникулга барып аман-эсен келчү, анан кандай эле быйыл порошок пайда болуп калды, аны ким алып келиптир? Андай кишини өлтүрчү күчтүү порошок арзан акчага келбейт да же Канатта андай акча болбосо? Ал порошокту чеккенге ким түрткү болуп жатат? Жалгыз баласынын сөөгүн көргөн эне эле эмес, башкасы деле күмөн ойлойт да, туурабы?!
Өз туугандарында өлгөн үчүн унчукпай турушат, менин колумда жүрүп каза болсо «өлтүрдүң-житирдиң» деп тамтыгымды чыгарышмак. Же мени бакпай калганым үчүн басынтып жатышабы?!
Андан кийин деле «киши колдуу болгон го, э? Сотко бербейм, эч нерсе кылбайм, айтып койгулачы санаам тынчысын» деп Токтобектин эжесинен, карындашынан, мен тааныган адамдардан сурай бердим, баары эле ийин куушурат. Алар эле акылдуу, мен таптакыр келесоо эмесмин да. Бизде да тааныш-билиш бар судмедэкспертизада, укук коргоо органдарында иштеген, аларга баламды сүрөттөп айтып берсем, «нашаанын кандай түрү болбосун же нашаага окшош башка чөппү, 1-жолу тартабы же көп жолу тартабы андан өлгөндө мурундан кан кетпейт. Башка себеби бар го» деп айтып жатышат. Мен болгону көргөнүмдү айттым, киши колдуу болуп өлүптүр деп так айткан жокмун.
Кудай сүйүп берген пендесин сүйүп алды. Балам өлүп калгандан кийин териштиргенден табар пайдам эмне? Болгону баламды тынч уктатпай эки күндүн биринде ушул жерде мушташып ызы-чуу болуп жүргүм келбейт. Абышкам «эл болгондон кийин бир күн болбосо бир күн угулат. Ажал улук, алып кетти баланы. Териштирип эмне кыласың, өзүңдү кара» деп сооротуп отурат.
3-августта кыркылыгы өттү, куран окуттук.

– Буга чейин Канат менен байланышып, жолугуп турчу белеңиз?
– Ооба. 2014-2015-жылы Бишкекте катарынан концерт бердим, биринчи концертиме катышкан. Жанында болбосом да сыртынан сураштырып, көзөмөлдөп турчумун.
2016-жылы августта Бишкекке көчүп бардым иштейм деп, үй-бүлөм Кочкордо калды. Искусство университетинде, Нурзат Токтосунованын мектебинде, Мирлан Самыйкожонун окуу жайында, №5 музыкалык мектепте да иштедим. Бишкекте эл мени кучагын жайып тосуп алат, 2 күндүн биринде тойго барып ырдап укмуш болуп кетем деп ойлоптурмун. Андай болгон жок, азыркы заман башка болуп калыптыр. Бир топ кыйналдым-чайналдым. Анан ойлонуп, мени ким бул жакта кыйналып иште деп жатат деп ушул жылдын май айында кайра келе бергем. Бишкекте жүргөндө бир жолу Искусство университетине устатым Улукмырза Полотовго жолукканы барсам, Канат жүрүптүр. Ошол жерден жолугуп сүйлөшкөнбүз, акыркы жолу көргөнүм, сүйлөшкөнүм ошол болуптур.

– Канаттын балалыгын эске салсаңыз...
– Тун уулумду 19 жашымда, студент кезимде төрөдүм. 1 жашка чейин эмизип бактым, анан бир чети эмчектен чыгарайын деп, бир чети Токтобек 1 айга Америкага кетмек болуп, "сен кыйналасың, апам багып берсин" деп сүйлөшүп чоң ата, чоң энеси Ат-Башыга алып кетишти. Баласаак жаным башында боздоп ыйлап жүрдүм, Токо «Америкадан келгенде барып келебиз» деген, бирок келгенден кийин «сени көрсө ыйлайт, алып келип алсак кантип окууну бүтүрөбүз» деп алып барбай койду. 4 айдан кийин барсам балам мени тааныбай калыптыр, кийин баскан-турганын сүрөткө тартып келип тынчтандырып койчу.
5 жашка чыкканда гана алып келип, «мына, бербейсиң эле дейсиң. Өзүң окутуп, тарбиялап ал» дешти. Айылдын кенен жашоосуна көнгөн балам башында айылды сагынып кыйналып жүрдү. 6 жашында №69 орто мектепке, ошол эле учурда комузга бердик. Жарым жылча кыйналды, анан жөндөмдүүлүгүнүн арты менен жетишип кетти. Азыркы жолдошум Зайнидин устаты болуп 3 жыл окутту, анын аркасы менен балам 8 жашында эл аралык «Түрк дүйнөсү» фестивалына катышып, алтын медалга татыган.
Тагдыр жазмышы менен Токо экөөбүз Канат 8 жашка чыкканда ажыраштык. 1 жылдай балам экөөбүз жалгыз жашадык, атасы туулган күнүндө белек-бечкегин берип турчу. Менин катуу кармаганым, «сабак оку, комуз черт» дегенимден качтыбы, же балалык кылдыбы, «атам менен жашайынчы» деп туруп алды. Чечимине каршы болбой коё бердим, бирок көпкө чейин балама таарынып ыйлап жүрдүм.
Жолуксак эле ыйлай берчүмүн, «апа, ыйлабаңызчы, мен чоңойдум, сизге жаман сөз тийгизбейм. Сарсанаа болбоңуз. Сиздей ырчы жок Кыргызстанда, өз баркыңызды билбей жүрбөйсүзбү» десе «ии, чоңоюп, ак-караны таанып калган тура» деп сүйүнгөн элем. Чоңойгондо деле бир серпилген кабагын көргөн жокмун баламдын. Кыздарымды көрүп, учурашып жүргөнү менен, жакындан таанышканга жетишпей калды.
Канаттын «башка өлкөгө барып окуп, иштесем» деген кыялы ишке ашпай калды. Анан дагы "өзүмдүн жаз же рок группамды түзөм" деп максат кылчу. Мен деле мейли чет жерге чыкса, үйлөнүп-жайлангандан кийин апам деп кайрылып келсе келер, болбосо балама таарынмак белем дечүмүн. Кийин бакпаса деле мейли, басып жүргөн карааны канча эле баламдын... Караанына эле семирип жүрүптүрмүн го... Жаш болсо да артына из калтырып кетти, элине таанылды, ошого шүгүр айтып отурам эми.

– Канаттын жаркын элеси бүтүндөй кыргыз элинин эсинде сакталат. Сабыр кылыңыз. Маегиңизге рахмат.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
jasgul
2017-08-15 09:56:57
Сабыр кылыныз эже, эч кимге баланын жамандыгын корсотпосун. Арманыныз тоодой, бакпай калганыныз бир арман болсо, жаш кеткени андан ашып тушуптур. Канаттын жаткан жери жайлуу болсун...
+29
Tyty1990
2017-08-15 10:11:33
Сабыр кылыңыз эже. Эч бир ата эне баласынан айрылбасын.
+26
laboom
2017-08-15 17:02:05
Kantip berdi birinchi balasin kuioosuno,ene bolup turup, baikush bala karalbai kalgan eken da, bawka kuiogoo tiyip baldarin torop, bul bala keregi jok bolup kalgandai. Negizi bala ene menen ele bolgonu jakwi ajirawkanda...... Enedei balani ech kim karabait, tuura emes kilgansiz balani atasina jiberip
-15
mishonia8077
2017-08-17 10:41:06
laboom,бала өзү атасы менен жашайынчы деген деп атпайбы
+4
laboom
2017-08-18 19:00:24
mishonia8077,jakwi eneden bala ech kachan kachbait
-5
Deniza88
2017-08-17 23:03:05
laboom,аны Сен башына келгенде тушуносуздор
+2
laboom
2017-08-18 19:03:17
Deniza88,senin bashina kelip tushunup oturasinbi...? Men tushunup ele atam, birok balani oz enesinen bashka adam jakshi karabait, ene degen ene...
-4
Biinura
2017-08-19 08:31:12
laboom,атасы бербей койгон. Колокого карап тон бычпагын, тууган.
0
Nanei
2017-08-20 19:29:43
laboom,баласынан айрылып олтурса,космостон суйлогонунорго жол болсун. Ким билет тцрмушунда эмне болгонун бул ырчынын
+1
laboom
2017-08-21 02:19:21
Nanei,osho kim bilet, maga dagi jalko ejeni dagi, balasina dagi, andaidi ech kimge berbesin negizi, birok ar bir bala enesi m.n jawaw kerek degen oidomun
0
aku91
2017-08-22 21:56:29
laboom,ой тообоо апасында эмне жазык?Айтып жатат бала озу кетти деп.Озу атам менен жашайм десе апасы каршы болмок беле.Бала деле атасы менен жашагысы келгендир.Бироонун кайгысы зоодой болуп турса билип-билбей туруп энеси жакшы караган эмес деп жазганыныз туура эмес го.Эмне болгонун бир оздору бир Кудай билет
0
belka
2017-08-16 19:34:18
Алла рахматына алсын! Эжеге сабыр тилейм!
+3
arzygulR
2017-08-16 19:47:41
Жаткан жери жайлуу болсун
+7
emmasha
2017-08-17 15:38:54
Кенже эже сабыр кылыныз. Канаттын жаткан жери жайлуу болсун. Мындай азапты эч бир ата-эненин башына салбасын.
+3
nurhan2702
2017-08-17 16:16:47
Сабыр берсин сизге.Баарынан да ата-энеден мурда баланы алып кетпесин кудайым
+3
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан