Эки көзү тең көрбөгөн Анарбек мырза: "АДАМ БАЛАСЫ БААРЫНА КӨНӨТ ЭКЕН. АЗЫР КОЛУМДАН БААРЫ КЕЛЕТ"

Ысык-Көл облусуна болгон иш сапар учурунда Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылынын тургундарынан "биздин айылда көзү азиз киши бар. 2 көзү тең көрбөйт. Бирок көзү соо адамдарга караганда колу жөндөмдүү, кээ бир электр буюмдарын өзү эле оңдоп коёт" дегендерин угуп, Анарбек мырзанын тагдыры менен таанышкыбыз келди. Биз жолуккан учурда ал айыл мечитинин үн күчөткүчү менен колонкаларын оңдоп жаткан экен. Үйүнө барганыбызда да, каарманыбыздын бардык буюм-тайымдары өз ордунда турганына күбө болдук. Ал оор тагдыры тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"ОЙГОНСОМ ЭЛЕ АЙЛАНАМ БАШКА ТҮСТӨ КӨРҮНҮП КАЛДЫ"

- Мен 1974-жылы туулгам. Өзүмдүн атым Анарбек, бирок баары Аку деп таанышат. Ушул айылда туулуп-өскөм. 7-8 жаштарымда көзүм катаракта болуп ооруп, операция жасалган экен. 12 жашымда өйкөп жүрүп эле бир көзүм, 18 жашымда экинчи көзүм көрбөй калды. Ошол күнү эртең менен ойгонуп, сыртка чыксам эле айланам башка түстө көрүнүп калды. Койлор жашыл болуп көрүндү. Анан эле экинчи көзүм да көрбөй калды. Ооруканага барсам, дарыгерлер дарылоого мүмкүнчүлүк жок деп айтышты. Көзүмдүн ичке чели катмарлап, тамырлары кургап кетиптир. Ошентип 1-топтогу майып деп пенсия чектеп беришти.
Алгач көпкө чейин жүдөп, элден тартынып эшикке чыкпай калгам. Ойго ар нерсе келет, эмне кылышты да билбейм. Ал тургай "жол таппай ар жак-бер жакка бурулганымды коңшулар көрсө эмне дейт?" деп кыжаалат болуп дааратканага да баргым келчү эмес. Энем, 2-класста окуган иним жетелеп жүрүштү. Инимди ээрчитип алып экөөбүз токойдон отун кыйып келчүбүз.
Адам баласы баарына көнөт экен. Кийин Каракол шаарына барып, наабайканада 13 жылдай камыр жууруп иштедим. Идишке 1 кап ун, 1 жарым куту туз, 1 куту ачыткы салып, анын үстүнө 4 чака суу куюп, атала болгончо аралаштырам. Жарым кап унду алдыма коюп алам, андан утуру кошуп камырды ийлейм. Ошентип бир жарым кап унду жарым саатта жууруп койчумун.
"Пенсиябызды чогултуп мончо салып иштете баштадык"
- 2007-жылы үйлөнүп, бир жылдан соң аялым экөөбүз айылга көчүп келип, мечиттин жанындагы ушул барак үйдө жашап калдык. Аялымдын да көзү оорукчан, начар көрөт. Экөөбүз пенсиядан тыйын-тыпыр ашырып чогултуп жүрүп мончо салдык. Бир жумада 3 күн жагып иштетем. Андан бир аз акча түшүп турат. Бука бордоп сатып иштейин деп сарай салып, азыр астын полдоп жатам. Себеби мурда уй баккан элем, астын полдоп койбосо жер оюлуп кетет экен.
Келинчегим экөөбүздүн ортобузда 2 бала бар, улуу кызым 9га, кичүү уулум 5 жашка чыкты. Мечиттин жанына көчүп келгенден кийин дин жолуна түштүм. Азыр 5 убак азан айтам. Анда-санда мечитке даабатчылар келет, аларды тосуп алам, узатам. Мечитке күнүнө 1 эмес, 10 маал келип кетем, жолду жаттап алгам. Кээде балам жетелеп алып келип, алып кетсе, кээде өзүм эле барып келем.

"БОЛГАРКА МЕНЕН ТЕМИРДИ КАДИМКИДЕЙ КЕСЕМ"

- Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деп бекеринен айтылбаптыр, аракет кылып изденсе эле баары колдон келет экен. Көзүм көрүп жүргөн маалда эле техникага жакын элем. Көзүм көрбөй калгандан тарта радио сыяктуу буюмдарды оңдойм, электриктин жумушун да аткарам. Азыр монтаждын бардык түрүн: 1 фазаны да, 3 фазаны да жасай алам. Эч кимден суранбай электр зымы тартылган карагайдын башына да чыгып, зымдарды тартып коём. Раковина, унитаз, колонка коюп, ысык-муздак суу чыгарып сантехникалык иштерди да жасайм. Айылдык мечиттин электр жаатындагы иштерин бүт өзүм жасайм, молдоке үстүртөн текшерип коёт. Бул эмгегимен акы алам деп деле үмүт кылбайм. Электр тармагында жакшы эле түшүнүгүм бар. Мисалы, электр зымы тартылган устунда 4 зым болот эмеспи, анын бирөө нөл болсо, үчөө фаза болот. Нөлдө ток жок, беркилеринде ток бар. Аны билиш үчүн колумдун артын тийгизип көрөм, нөлдө ток жок, ал эми тогу бар зымдар болсо тартпайт, колду түртүп коёт. Ошондон токтун бар-жогун сезем. Ал эми алакан менен кармаса ток тартат. Электр араасы, дрель, болгарка сыяктуу аспаптардын баары менен иштей берем. Кээ бирөөлөр "ушул аспаптар менен иштей аласыңбы, кантип эле?" деп көрмөйүнчө ишенбейт. Мен болгарка менен темирди кадимкидей эле кесем. Суранып келсе, бычак, балталарын да курчутуп берем. Ушундай аспаптар менен иштей аларымды айылдыктар айтса, башка жактан келгендер таң калышат экен. Зериккенде намаз окуйм, зикир кылам, бузулуп калган буюмдар болсо, ичин ачып текшерип чыгам.

"АЛДЫГА КОЙГОН ЧОҢ МАКСАТТАРЫМ БАР"

- 1999-жылы досум экөөбүз базарда баратсак, бирөө гитара сатып жатыптыр. Кылдары да жок экен, 350 сомго сатып алып, кыл тагып, грифтерин оңдодум. Ар кимден сурап черткенди үйрөнүп, Маркум Таалай Бектурганов менен Нурлан Тилебаевдин ырларын гитара менен ырдачумун. Бара-бара кызыгуум калып, азыр чертпей да, ырдабай да калдым. Коңшу бир жигит бар, ал гитарасын күүлөткөнү келгенде, кээде кичине чертип калам. "Үмүтсүз адам – шайтан" деп коёт, адам үмүт менен жашаш керек. Менин да алдыга койгон чоң максаттарым бар, азырынча айтпай эле коёюн. Буюрса, бир күнү көрүп каларсыздар.

Каарманыбыз бычак курчутуп жаткан кези.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эки көзү көрбөсө да электр тогун кураштырган Анарбек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Talgat89
2017-08-15 10:36:10
Козун сокур болсо да, кокурок сокур болбосун деген ушу да. Мен мындай кишини кинодон гана коргон элем. Чыныгы жашоодо да болот экен да ээ. Кудай бизге ден-соолук берген, корсун деп козду берген. Ошого карабай кээде жашоого нааразы болуп, кыйналдым, мен бактысызмын деп ойлоп кетебиз озубузду. Демек бактылуу жашайм десек бизде бардык мумкунчулуктор бар экен да. Болгону кокурок гана сокур болуп коп нерсени коз менен корсок да коодон менен корбойт экенбиз. Бактылуулукту ушул кишиден улгу алсак.
+29
Talgat89
2017-08-15 10:41:39
Мага кээде башыма депрессия сыяктуу кыжаалат ойлор келип жаным кыйналчу.Бул кишинин маегин окуп чыгып эми озумдон уялып калдым. Мен эми эч качан озумду мен бактысызмын дебейм. Ийгиликтерге жетишем десек, бизде бардык мумкунчулуктор бар тура. Болгону аны туура пайдалана билуу озубуздон экен.
+18
kutman-kg94
2017-08-15 10:51:00
Кудай колдосун сизди
+13
kutman-kg94
2017-08-15 10:51:26
Кудай колдосун сизди
+8
ayjan_90
2017-08-15 16:05:40
Азамат байке экен жалкоолорго ууруларга сойкуларга корсотуш керек экен ушул видеону балдары да бир жакына жылдыздуу экен уй булолук бакыт каалайм
+15
mirkaa5182
2017-08-15 22:32:39
Азамат, ден-соолукта болсун.
+4
dina1223
2017-08-16 14:24:31
балдарыле бир сооннунго..жакшылыктарын коруогуло
+3
Haku
2017-08-17 14:24:52
Алла колдун сизди
+3
danil.91
2017-08-17 18:27:48
башкаларга улгу боло турган киши екен
+2
nurbegim_88
2017-08-20 11:37:51
Азаматсыз Кудайым бериптир сизге...
+1
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан