Ачыгы, ар бир эркек жок дегенде бир жолу бул маселеге туш келиши мүмкүн. Кожоюну "майданга" даярданып шымаланып эми киришкенде шылкыйып "2" алган окуучудай туруп берет. Сизди уят кылган «алигинин» бул жоругу эмнеден экенин билип алыңыз.
1. Эркек өтө чарчап, көп күн уйкусуз калып, моралдык жактан кыйналып же стресс болгон учурда биздин «каарман» да ишине даяр болбой калат. Сексуалдык каалоо эркектин эмоционалдык абалы менен өтө тыгыз байланышта. Бул учурду аттап өтүп кеткенге бир аз убакыт керек. Алгач башка маселелерди чечип, мээ сергигенден кийин кыжалат болбой "чабуулга" өтө бериңиз.
2. Өтө уялып, толкунданып, «Өнөктөшүм мага ыраазы болбой калабы?» деген ой көбүндө эле болот. Мындай абалга эркектер өнөктөшү менен биринчи жолу мамиле болордо, биринчи нике түндө же көп убакыт аял менен кумарга бата элек болсо туш болушат. Толкунданбаңыз, баары жакшы болот. Алгач ушу нерсени башыңызга киргизип, ишенимдүү болсоңуз, «иничек» дагы сизди ара жолдо калтырбайт.
3. Алкоголь ичимдиктери «алигинин» номер биринчи душманы. Айрым учурда жакшы маанай үчүн деп ичип коюшат, бирок эң кызыктуу жерге жеткенде... Эх, кандай гана өкүнүчтүү, болбоду! Мындайда куру убаракерчиликтин кереги жок, башка ыңгайлуу бир убакытка жылдырбасаңыз болбойт.
4. Өтө толук эркектерде бул абал көп кезигиши мүмкүн. Ашыкча салмак кан айлануу системин жайлатат, организм жалкоолонуп, «алигинин» да оюнга моюну жар бербей калат. Нерв клеткалары сезимталдыгын жоготкондуктан эрекция кармоо оор болуп калат. Демек, сиз туура тамактанууга өтүп, спорт залга баш багууга мезгил келди.
5. Тестостерон – «алигинин» мотору, эркектер үчүн күч-кубаттын гормону. Кээде организмде бул гормон аз өлчөмдө болуп калат. Айрымдарда жаш курагы келгенде же башка бир себептерден улам азайып кетет. Бул сексуалдык каалоо жок болуп калат дегендик эмес, аны аткарганга күч-кубат жетпей калат деген кеп. Ошондуктан текшерүүдөн өтүп, дары-дармек ичсеңиз баары өз жайына келет.
6. Эгерде сиз гүлдөн-гүлгө секирген көпөлөк болсоңуз да «алигиңизди» чарчатып коёсуз. Табиятынан бир эркектин энергиясы бир гана аялды камсыз кылганга жетет. Ошентип отуруп ал өз функциясын таптакыр аткаргандан баш тартып коюшу мүмкүн. Баш аламан байланышты токтотсоңуз, ал дагы сергип, өз күчүнө кирип, ишке даяр болуп чыга келет.
7. Венерикалык оорулардын айынан, айрым учурда көп дары-дармек колдонуудан улам да сиз каалаган учурда ишке көңүлү чаппай калышы мүмкүн.
ЭРКЕКТИН ПСИХОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ
«Бүттү, менин ишим бүткөн тура» – эркектер бул абалды дал ушундай кабыл алышат. Акыр заман, кыямат болуп кеткен жок. Чүнчүп, депрессия болуп же адиске көрүнүүдөн баш тартпаңыз. Уяла турган эч нерсе жок, жогорудагы себептерди жокко чыгарсаңыз эле, ал аз убакытта калыбына келиши мүмкүн. Эгерде көп убакыт катары менен ушул абал кайталанса, сөзсүз сексопатолог, уролог, венерологдун кабыл алуусунда болуңуз. Дарылануу 90 пайыз жардам берет. Негизгиси, жеңил кабыл алганыңыз оң.
АЯЛДЫН ПСИХОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ
Жуунуп-тазаланып, жаккан атырдан себинип, эми кумарга батуу алдында турсаңыз эле өнөктөшүңүз... Бирок бул учурда сабырдуулук менен өзүңүздү башкарыңыз. Кагып-силкип ого бетер абалды оорлотпоңуз. Тескери карап, төшөктү чүмкөнүп жатып алуу менен да абалдан чыга албайсыз. Тескерисинче, өнөктөшүңүздүн каалоосун ого бетер күчөтүү менен ишеним бере аласыз. Эркелетип, «алигини» оор уйкудан ойготконго аракет кылыңыз. Анда да болбодубу, демек, кийинки убакка жылдыра туруңуз. Эгерде өнөкөт болуп кетсе, дарыгерге баруусуна жардамчы болууңуз оң.
Асылбек
Астра Айдарова