МЕССИНИН КӨЛӨКӨСҮНӨН ЧЫГУУ. НЕЙМАР "ПСЖГА" ӨТТҮ

"Барселонанын" Суарес-Месси-Неймар үчилтиги тарады. 4 жылдан кийин Неймар өз жолу менен кете турган болду. Месси же Роналду эмес, эми дүйнөнүн эң кымбат футболчусу Неймар. Анын баасы – 222 миллион еврону түздү. Бул трансфер бир канча жумага созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында гана ишке ашты. Муну менен бразилиялык футболчу жайдын башкы каарманына айланды.

НЕЙМАР ТРАНСФЕРИ ТУУРАЛУУ:

"Мен үчүн алга умтулууга акча түрткү берген эмес, бербейт дагы. Бул менин карьерамдагы жаңы этап. Дүйнөдөгү эң кымбат футболчу болуу мен үчүн эч кандай көйгөй жаратпайт, жүк да болбойт.

НЕЙМАРДЫН БААСЫ:

2017-жылы "ПСЖ" "Барселонадан" 222 миллион еврого сатып алды.
2013-жылы "Барселона" "Сантостон" 57 миллион еврого (кошумча төлөмдөрдү кошкондо 95 миллион евро болгон) сатып алган.

ВЕРРАТИГЕ КЫЗЫГАМ ДЕП...

Каталондук "Барселона" үчүн бул жай адаттагыдай эле башталган. Өткөн жылдагыдай эле испан клубу жарым коргоочуга муктаж болуп, өз курамына алууну көздөп турган. Алар француздук "ПСЖнын" футболчусу Марко Верратини карамагына алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп башташкан. Футболчунун агенти менен жолугушуп башташканы "ПСЖ" клубунун президенти Нассер Аль-Хелаифинин кыжырына тийген. Жыйынтыгында ал Верратини клубдан кетирбей тургандыгын билдирген. Арадан бир аз убакыт өтпөй, "ПСЖ" Неймарды алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштаган. Неймардын келишиминде анын баасы 222 миллион евро деп жазылган. "Барселонанын" башчылары муну бир да клуб төлөй албайт деген таризде түзүшкөнү байкалат, бирок "ПСЖнын" катарлык ээлери үчүн бул баа өтө кымбат деле болгон жок.

ТРАНСФЕР КАНТИП ИШКЕ АШТЫ?

Толугу менен 222 миллионду төлөө "ПСЖ" үчүн мүмкүн эмес болмок. Анткени ФИФА тарабынан клубдар үчүн "финансылык фэйр плей" деген түшүнүк киргизилген. Анда клубдун коротуулары анын кирешесинен ашпашы керек. Бул шартты бузбай, бирок Неймарды алуу үчүн "ПСЖ" башка кадамга барды. Ал үчүн Неймар өзүнүн келишимин өзү сатып алуусу керек болду. Катарлык фонд тарабынан каражат Неймарга берилип, ал "Барселонадагы" өзүнүн келишимин өзү сатып алды. Жыйынтыгында, эркин футболчу аталып, париждик клуб менен жылына 30 миллиондон ашык евро таба тургандай 5 жылдык келишим түздү. Сериалдай созулган бул трансфер 4-август күнү жүзөгө ашты. Мунун аягы "хэппи энд" болобу же жокпу, алдыңкы жылдар көргөзөт.

"АЛТЫН ТОПТУН" АРТЫНАН ТҮШТҮ

Бразилия менен Аргентинанын ортосунда баары бир атаандаштык күч. Футбол мекени саналып келген өлкөнүн футболчусу кантип эле аргентиналыктын көлөкөсүндө калсын?..Ооба, Бразилияда дал ушундай таризде ойлонушат. Алардын Роналдиньо, Роналдо сыяктуу футболчуларынан кийинки мууну, ишеничи эле Неймар. 25 жаштагы футболчу "Барселонада" негизги оюнчулардын бири саналганы менен, канчалык аракет кылбасын Мессинин артында гана болуп келген. "Голду киргизсе "Барселона" футболчусу киргизди, аты калды Мессиге" дегендей, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында "ПСЖны" 6:1 эсебинде уткан оюнда Неймар мыкты футбол көрсөткөнү менен, эртеси ЖМКларда Мессинин эки колун жайып турган сүрөтү тараган. Мындай кадамга баруу үчүн да эрк керек. Демек, Неймар өз баасын билген, өзүнө ишене турган, бир клубду жеңишке сүйрөй турган деңгээлге ээ. Эми Месси, Роналду атаандаштыгына үчүнчү футболчу кошулду деп түшүнүү керек. Муну келечекте Неймар "Алтын топ" алуу менен далилдей алат.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Tyty1990
2017-08-15 10:15:58
Акча баарын чечет.
+2
Tyty1990
2017-08-15 10:16:59
Неймар кетип,барса судьяларды сатып ала баштады. Суарести театрга окууга берди.
+10
sema..kgz
2017-08-16 09:55:02
Tyty1990,ток этер жерин айтыпсынго хаха
+1
sema..kgz
2017-08-16 09:55:28
Tyty1990,ток этер жерин айтыпсынго хаха
0
sarter-9301
2017-08-16 21:58:34
sema..kgz,точна неймар кучтуу жарым коргочу эле. Ал жок бир топ эле кыйналат барса.
+1
umar_official
2017-08-19 18:08:41
мессиге жетпейт все равно
0
Syimyk_zh
2017-08-21 03:11:25
Месси Мыкты оюнчу Тарых га коз чаптырып корсок
0
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан