САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ЛУКАШЕНКО БАКИЕВДИ КАЙТАРЫП БЕРҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛОТ
Убактылуу өкмөт Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына ээ болгондуктан, мурунку президент Курманбек Бакиевди юридикалык жактан кол тийбестигинен ажыратуу жөнүндө декрет кабыл алды”,- дейт Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров. Анын айтымында, эми укук коргоо органдарынан аны кармоону сурашат. Андан сырткары мурдагы мамлекет башчыны күчтөп алып келүү декрети даярдалып жатканын жана ага жакында кол коюларын билдирди. Беларусь өлкөсү Курманбек Бакиевди Кыргызстанга берүүдөн баш тартса да, Эл аралык конвенция боюнча кайра мекенине жөнөтүүгө аргасыз болот. Курманбек Бакиевге Баш прокуратура тарабынан КЖКнын 97-беренеси (массалык өлтүрүү) жана 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.


КУРМАНБЕК БАКИЕВГЕ КӨП АЯЛДУУЛУК БОЮНЧА
КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛОБУ?
Кыргызстандагы укук коргоочулар Көп аялдуулук беренеси боюнча Курманбек Бакиевге каршы кылмыш ишин козгоону талап кылып жатышат. Укук коргоочу К.Умуралиеванын айтымында, К.Бакиев Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесин бузуп, бир эле убакта бир нече аялга үйлөнгөн. Беларуска Айнагүл аттуу жубайын, 9 жашар кызын жана 5 жаштагы Акжол аттуу уулун алып кеткендиги билинген соң «мурунку ажо көп аял алгандыгы үчүн да сот жообуна тартылышы мүмкүн» деген пикирлер айтылды. Бирок бул маселе көптөгөн аткаминерлерге жакпай турганы анык. Анткени экс-президент бул иши боюнча мыйзам алдында жооп берсе, артынан бир топ чиновник, саясатчы, депутаттарды чуурутуп ала кетиши мүмкүн.
Эскерте кетсек, К.Бакиевдин расмий түрдөгү жубайы Татьяна Бакиева болуп эсептелет. Алардын ортосунда Марат жана Максим аттуу балдары бар экени жалпы журтка маалым.


7-АПРЕЛЬ ОКУЯСЫ: 9 АДАМГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында 7-апрель күнү болуп өткөн окуяга байланыштуу 9 кишиге кылмыш ишин козгоду. Алар кызмат абалынан ашыкча пайдалануу жана адамдарды өлтүрүү боюнча айыпталышууда. Алсак, Мамлекеттик күзөт кызматынын (МКК) төрагасынын мурунку орун басары Данияр Дунганов жана мурунку Коргоо министри Бакыт Калыев камакка алынган. Президенттин Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча мурунку мамлекеттик кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев өз ыктыяры менен келип, көрсөтмө берүүдө. Мурунку Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Москва шаарынан кармалып келинип, учурда ага да “кызмат абалынан ашыкча пайдаланган” деген айып коюлуп, камакка алынган. “Конгантиев учурда МУКК­нын тергөө изоляторунда. Ага врачтар жана жакындары тоскоолдуксуз киргизилүүдө”,- деп билдирет Азимбек Бекназаров. МККнын мурдагы төрагасы Жаныш Бакиев, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Мурат Суталинов, МУККнын башчысынын мурунку орун басары Марат Бакиев, мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөнов жана МККнын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Н.Темирбаевге сырттан айып коюлуп, бешөөнө издөө жарыяланды.


ЭКИНЧИ ЖОЛУ ТӨРАГАЛУУ БОЛГОН БШК
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Акылбек Сариев шайланды. Буга чейин Убактылуу өкмөт тарабынан аталган кызматка “Жарандар паракорчулукка каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Т.Исмаилова дайындалган эле. Бирок ал жетекчиликтен баш тарткан. Андан сырткары жаңы декрет боюнча БШКга 19 мүчө бекитилмек. Анын ичинен алтоо БУУнун өкүлдөрү болмок. Бирок мындай уюмдун кайсы бир өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө укугу жок экени эске алынып, алар мүчөлүккө кабыл алынган жок.
Акылбек Сариев Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев менен эч кандай туугандыгы жок, болгону фамилиясы окшош.


КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН ЧЕК АРАСЫ АЧЫЛА ЭЛЕК
Кыргызстан тарабынан Казакстандын чек арасын ачуу боюнча өтүнүчтөргө карабастан жол ачылган жок. “Чек араны күчөтүлгөн режимде коргоо улантылып, өткөрүү пункттарындагы чектөө алына элек”,- дейт Казакстандын чек арасынын өкүлү. Ал Кыргызстандын ичиндеги кырдаал жөнгө салынгандан кийин гана ачылышы ыктымал. Маалыматтар боюнча жабылган чек аралардын айынан эки тараптуу зыяндын көлөмү миллиарддаган сомго жеткен. Ошондой эле кыргызстандыктардын Казакстанда жүрүү эрежеси 90 күндөн 30 күнгө кыскартылды. Бул тууралуу Казакстандын Бишкектеги элчилиги билдирүү таратты. Ага ылайык, мындан ары Казакстандын аймагына кирген кыргызстандыктар барган жериндеги дарек боюнча 5 календарлык күн аралыгында милициянын каттоосуна туруусу керек. Андан кийин 30 күн визасыз жүргөнгө укуктуу болот. Кошумчалай кетсек, кыргызстандык атуулдар 2008-жылдын 1-июлунан тарта каттоосуз жана визасыз Казакстанда 90 күн эркин жүрүүгө укуктуу болчу.


ЖАШТАРДЫН ИШИ БОЮНЧА МИНИСТРЛИК ТҮЗҮЛӨТ
Убактылуу өкмөт жаштардын иши боюнча министрлик түзүү жөнүндө декрет кабыл алды. “Жаштар 7-апрелдеги окуяда өлкөдө бийликтин алмашышына салымын кошуп, жан беришти”,- дейт Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Алмазбек Атамбаев. Ал эми Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин айтымында, бир катар органдардын аппараты кыскартылат. Анын эсебинен бөлүнгөн каражат жаңы түзүлгөн министрликке сарпталат. Андан сырткары Инвестиция жана инновацияны өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиктин имараты аталган министрликке өткөрүлөт.
27-28-апрелде өткөн жаштар форумунда бир катар уюмдар Убактылуу өкмөттүн курамында жаштарга кызмат берилишин талап кылышты.
Ошондой эле Кыргызстандагы бир топ жаштар уюму биргелешип “Кыргызстан Улуттук Жаштар Конгрессин” 3-майда Бишкектеги Улуттук филармонияда өткөрүү чечимин кабыл алышты. «Андыктан Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жүрөгүндө оту, журт сүйөрлүк деми, жүлүнгө жетер кеби, келечекти түзүүгөөэби бар бардык жаштар келип, омоктуу ойлорун ортого салып кетсе» дешет Конгресстин уюштуруучулары. Бардык каалоочуларга эшик ачык.
Уюштуруу комитети: (0312) 911 618; (0778) 858 416; (0772) 546 511.


УТРК КООМДУК ТЕЛЕКАНАЛГА АЙЛАНАТ
Кийинки аптадан баштап Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясы Коомдук телевидение болуп түзүлөт. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Өмүрбек ­Текебаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү илимий жана маданий ишмерлерден, саясатчылардан, коомдук лидерлерден турган Байкоочу кеңештин курамына 15 адам киргизилет. “Мамлекет тарабынан каржыланганы менен аталган телеканал, бийликке эмес коомго кызмат кылат”,-­ дейт Өмүрбек мырза.


БАШ МЫЙЗАМДЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ ЖАРЫЯЛАНДЫ
Убактылуу өкмөт Конституциянын жаңы долбоорун коомчулуктун талкуусуна сунуш кылды. Анда президенттин ыйгарым укуктары чектелген. Мисалга алсак, жаңы долбоор боюнча президент өз алдынча референдум жарыялай албайт. Референдумду 300 миң шайлоочу же Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен гана жарыялоого мүмкүн. Ошондой эле бир палаталуу ЖКдагы 90 депутаттык орунду 105 же 120га чыгаруу сунушталган. Коомчулуктун талкуусунан соң аталган долбоор 19-майда такталат. Ал эми 27-июнда жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча жалпы Элдик референдум өткөрүлөт.


КЫРГЫЗСТАНДЫ БӨЛҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЧАКЫРЫК ТАШТАГАНДАР КИМДЕР?
“Демократиялык Түштүк Кыргызстан Республикасын түзүү” тууралуу үгүттөө кагаздары калктын арасында таркатылып жатат. Анда мурдагы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин 7-апрелдеги кандуу окуяга тиешеси жоктугу жана ага оппозиция мүчөлөрү жооптуу экендиги айтылган. “Азаттык” маалымат агенттигинин айтымында, мындай кагаз менен компакт-дисктерди ачык эле базарларда таратып, үйлөрдүн алдына таштап кетишүүдө. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбековдун айтымында, ушундай маанидеги кагаз жана кассеталар Ош облусунун Кара-Суу районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда жайылтылган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча чакырык таратып жүргөндөрдүн аты-жөнү такталып, аларды жоопкерчиликке тартуу маселелери чечилип жатат.


БЕРМЕТ АКАЕВА БИШКЕКТЕ
Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева мекенине эки жарым жылдан кийин кайтып келди. Ал “CA-News” агенттигине берген маегинде 7-8-апрелдеги кандуу окуяга Акаевдинүүй-бүлөсүнүн эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Өзү болсо бул күндөрдө Москвада болгондугун жана саясатка аралашуу боюнча конкреттүүүчечим кабыл ала электигин да билдирди.


ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН ИШ БАШКАРМАЛЫГЫНАН АКЧА ТАБЫЛДЫ
Кызматтан кетирилген президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгы тинтүүгө алынды. Тинтүү кезинде ири суммадагы акча табылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тинтүү учурунда 11 миллион 139 миң сом, 52 миң 887 доллар, 25 миң 340 евро, 44 миң 384 рубль, 52 миң 520 беларусь рубли, 1 миң 250 чех крону жана 2 миң 200 венгер форинти табылган. Табылган акчалар Улуттук банкка өткөрүлүп берилди.


АЙРЫМ ИШКАНАЛАР МАМЛЕКЕТТИН КАРАМАГЫНА КАЙТАРЫЛДЫ
Бишкек мунайзат компаниясы жана Бишкек арак заводунун улутташтырылганы маалым болду. Айта кетсек, Бишкек мунайзат компаниясы Максим Бакиевге таандык болчу. Ал эми Бишкек арак заводун Аскар Акаевдин үй-бүлөсү мамлекеттен өз карамагына өткөрүп алышса, Бакиев бийликке келгенде завод мурунку “үй-бүлөдөн” кийинки “үй-бүлөгө” өткөн.
Ошондой эле «МеgаСом» уюлдук компаниясынын 49 пайыз акциясы мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Кирешелүү компаниянын калган 51 пайызы боюнча иликтөө уланууда.


БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ БЕРҮҮ 11-МАЙДА ТОКТОТУЛАТ
Шаардын жылуулук түйүндөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү максатында ысык суу берүү 11-майдан 11-июнга чейин токтотулат. Бул убакыт аралыгында 2010-2011-жылдагы жылытуу сезонуна даярдык көрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Айбек Кочкоров, Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Кыргызка
2010-05-05 13:00:41
Posmotrim chto nashi budushie ministry i president sdelajt...Nadejus oni opravdajut nashi ojidanija.Kak to ne veritsja.
0
LIVER
2010-05-05 14:21:58
Я лично не верю, и старой и новой власти, надо совсем политика 2-или 3-уровня избирать,презилентом станет если из действуюших министром, я уверен картина не поменяется. Среди них нету талкого политика.
0
italia
2010-05-05 14:32:15
Бермет Акаева Кыргызстанга спокойна еле кирип чыгып жатса, значить 2,5жылдан кийин Бакиевтин уй-булосу да келип кетип турат турбайбы е Кыргызстанга?
0
green
2010-05-05 15:52:44
Бермет Акаева эмне жок дейм да, кыйратып ийчудой болуп. Жыргатса мурун эле жыргатпайт беле.
0
Kenje
2010-05-05 23:33:44
кыргызстан бутуна туруп кетээрине козум жетпейт, политиктердин баары бир бироосу президент болот да ошол эле плостинка айлана берет,кыргызстанда калган бар нерсени сатып ал деле качып кетет
0
Kyrgyzzz
2010-05-06 16:54:14
Конгантиевди азыр соттор камап жатат.Анан 5 жылдан киыин дагы кокус ынкылап бол4у болсо ошол эле сот кайра актап койот.Исаков деле ошондой болбодубу.Эми Бакиевдин жугурдоктору оппозиция болот дагы убактылуу окмоттун иштерин чукулап баштайт.Ушинтип айлана берет.Бирок,10 жылдан кийин азыркы советтин калдыктарыны суруп салчулар келет.Гарантия 100%
0
Kyrgyzzz
2010-05-06 16:57:53
Казакстан,Озбекистан,Орусия баары баары Кыргызстанга Экономикалык бойкот жасап атат.Ынкылапты уюштурардан мурун ойлош керек эле ушуларды.УТРК коомдук дейсинер баарыбир бийликтин кункарамасы болот.Эртен шайлоого жакын Биз "Отунбаевага ишенебиз", "Албетте,Отунбаева" деген ураандар менен жатып эле калса керек.Эгер Отунбаева кандидатурасын койсо.
0
Kyrgyzzz
2010-05-06 17:04:24
Баш мыйзамды ат тезегин кургатпай орусчалап уруп-согуп жазып атасынар.Текебаев "Баш мыйзамды Кыргызча жазчу кадрлар жок дейт".Кыргызстандагы тил профессорлору куруп калыптырбы.же,Орус байкенер чымчылап атабы.Казактар менен Озбектертерде мамлекеттик тил бироо эле го.Биз дагы ошондой кылсак болбойт бекен.Эгер ушул маселени чече албасанар анда азыркы Убактылуу Бийлик эчтекеге жарабаган "л.." болуп каласынар.Отунбаева Кыргызча уйронсо жакшы болмок бакчадагы баладай 2 созундо бир такала бербей.
0
Нукура кыргызка
2010-05-06 17:42:39
Урматтуу жердештер азыркы жаны власть деле жыргатпайт,жаны конституциясы беш жылдан кийин оздоруно тийет.Акаевага бала бар бекен Кыргызстанда.??? "Кыргыз" Отунбаева койо албайт кондидатурасын анын жашы 62 экен,анан эч ким колдобойтго дейм....
0
diash
2010-05-07 23:04:36
Emnege onolboit onolboit dep jazasynar baarynar, kelgile andan koro Jany kele turgan okmotu bolobu, prezidenti bolobu Kudaidan suranaly MEE bersin dep. Ishenbei otura bersener alardy kim koldoit? Ozubuz dagy aitchy nerseleribizdi aityp, kichine aldyga umtulsak dele bolot da, asylyp ele otura berbei. Bul chyndyk. Kartan kempirleerdin ushagyndai kylbai ozunor kyimyldabaisynarby, je Kudaidan tilengile Akylduusu kelsin dep.
Iigilik baarynarga jana ushaktashkandan koro Alladan tilengenibiz er
0
diash
2010-05-07 23:08:18
Bir az jakshy janylyk okup alyp ele el kaira ushaktashkandan bashka ech nerseni bilishpeit, kachan yntymaktuu bolup biri biribizge koldoo korsotuunu uironobuz?
Evropada jurup ushul kommentariilerdi okup jaman bolosun. Jamandagandan bashka ech nerseni bilbeisiner.
Kechirgile kiminerge tiip jatsam, birok bul chyndyk.
0
Kyjal
2010-05-08 19:04:53
Baarybys ele bilip turabys shany okmot dele eskidey ish kylaaryna, bul kyrgys elinin kanynda da, tuuganyna shardam berish, aga shardam berbese, kijin aga shardam berbey koet, oshon uchun tuugan ,tuushkandaryna ish berip, mamleket uchun emes, osu uchun ishtegender kyrgysda toltura. Misaly uchun, men dele ministr bolsom, tuuganymdy shanyma shumushka alypn , shardam beruuga araket kylam. Bul chyndyk, ar biroobus ele ushundaybys.
Emi ushunun baaryn ugup, okup shatkan bijliktegiler namystany
0
Kyjal
2010-05-08 19:05:34
p, anday emes, bis mynday ishteybis dep, Kyrgystandy krisisten alyp chygyshsa, kanday sonun bolor ele da? Rosa eshe shana Co, kanday deysiner?
0
AazamatBBB
2010-05-10 07:15:22
жакшы да жаманда кабарынар бар экен бирок чоон рахмат
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан