СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Күрөш

АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ!



Финляндиянын Тампере шаарында 4-августтан 7-август аралыгында жаштар арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. Грек-рим күрөшү боюнча 74 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 55 килограммда Жоламан Шаршенбеков жана 120 килограмм салмакта Роман Ким күмүш медалдарды тагынышса, эркин күрөш боюнча 50 килограмм салмакта Акбар Кенжебек уулу коло медалын жеңди. Кыздар арасындагы мелдеште 72 килограмм салмак ченинде Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын жеңип, Дүйнө чемпиону аталды. Ошондой эле 67 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова коло медалын жеңип алды. Кыргыз балбандары командалык эсепте 5-орунга жазылышты.

Бокс

ЖАШ МУШКЕРЛЕРДИН ИЙГИЛИГИ



Филиппиндин Пуэрто-Принсеса шаарында 1-7-август аралыгында өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз мушкерлери 5 медаль тагынышты. Аталган мелдеште Умар Кубанычбек уулу 63 килограммга чейинки салмак ченинде финалда өзбекстандык спортчуга жеңилип, күмүш медалга ээ болду. Ал эми 50 килограмм салмакта Муктарбек Ибраимов, 57 килограмм салмак ченинде Айдар Ороскулов, 66 килограмм салмакта Дастан Оңолбеков жана 80 килограммдан жогору салмак ченинде Ахмад Усупов коло медалдарын тагынышты.

Жеңил атлетика

БОЛТТУН ИШИ БҮТТҮ



Олимпиаданын 8 жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондуктарында 100 метр аралыкты 5 ирет жеңип алган ямайкалык легендарлуу жөө күлүк Усэйн Болт Лондондо өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышып, чоң спорттон кетет. Анда 31 жаштагы спринтер 100 метрлик аралыкка чуркоодо алтын медалга ээ боло албай, көпчүлүктү таң калтырды. Ал америкалык Жастин Гэтлин менен Кристиан Коулмэнден 0,03 секунд артта калып, коло байгеге гана ээ болду. Бул жыйынтык менен Усэйн Болт 2008-жылдан бери алгачкы жолу жеңилип жатат.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан