– Бул окуяны эстеген сайын же ыйлаарыбызды, же күлөрүбүздү билбейбиз. Анда сүйлөшкөн кызым Майрам 18 жашта, мен 19 жашта болчумун. Жаштык денебизге батпай турган учурубуз. Бир күнү Майрамга жолукканы жатаканага келдим. Эптеп вахтёрша кемпирден жалынып жатып уруксат сурап бөлмөсүнө кирдим. Дем алыш күндөрү болгондуктан, бөлмөсүндөгү кыздар туугандарыныкына кетишип, жалгыз экен. Өйдө жакта туруп алып бир нерсе кылып жаткан экен, эшикти ачарым менен кыска көйнөктөн апакай сандар көзүмө уруна берди. Шак эле апакай балтырларын сылап колумду сан жагына жөнөтүп бараттым. Экөөбүз эшикти ичинен илгенге алыбыз жетпей кучакташып өбүшө кеттик. Аптыгып туш келген жеринен өпкүлөп, ал да көзүн жума моюнумдан кыса кучактайт. Кийимдер да алда кайда кетти ыргытылып... Дапдаяр болуп калганыбызда Майрам «Асылбек, мен кызмын, абайла» деди шыбырай. «Коркпо, акырын эле, абайлап эле» дедим күбүрөй. Ошентип бири-бирибизден кумар тарабай кумарлуу түндү башыбыздан өткөрдүк. Бул жоругубуз бир нече жолу кайталанды.
Бир күнү эле лекцияда отурсам Майрам келип калды. Майрамдын көздөрү алайып коркуп алган. Колумдан сүйрөй четке алып чыгып «боюмда болуп калыптыр» деди.
– Эмне-е?
– Ооба, дагы «абайлайм, акырын эле» деп коёт...- деп ыйламсырады.
– Кантип? Мен...- башымды кашып туруп калдым.
– Эми эмне кылабыз?
– Үйлөнөбүз да,- дедим мен оозу бош.
Эч кандай даярдык жок болчу. Айылга ата-энеме бардым да, «үйлөнөм» деп туруп алдым. «Ой, коё тур, күз келсин, мал семирсин» деген сөздөргө да көшөрүп туруп алдым.
– Ай, деги соо элесиңерби, эмне мынча шашылып?- деди апам.
– Ой, апа, соо элебиз, койгулачы...- демиш болдум. Иши кылып колдо барды эптеп жатып үйлөндүк. Кызык нике түндө башталбадыбы. Көшөгө тартылып, кабаттай салынган төшөктүн үстүндө экөөбүз оюнду баштадык. Мурун абайлап жүргөн жаным эми чындап чоң оюн баштадым. Өтө берилип кеткен экем, Майрам капысынан бакырып жиберсе боло... Менин да көзүм ымыр-чымыр, денем балкып мындай жыргал сезимди биринчи башымдан өткөрдүм. Келинчегимдин көзүнөн чоп эттире өпсөм, көзүнө жаш толуп туруптур.
– Эмне, оорудубу?- десем «ийи» деп коёт. Шейшепте кызгылтым «белгибиз». Экөөбүз тең далдырап туруп калдык. Анан бирдей каткырып жибердик. Көрсө, биз «шектүү шектенет» болуп эле алдын ала боюнда кылып шашылыш үйлөнүп алган экенбиз. Ал кезде тест-мест эмне экенин деле билчү эмеспиз да. Майрам экөөбүз бактылуу жашап жатканыбызга 15 жылдын жүзү болду. Канча жолу кандай ыкма менен кумарга батканым эсимде жок, бирок ошол нике түндөгү кумарыма эч качан жетпеди. Келинчегимдин жоготкон «белгиси» ошентип табылган.
Асылбек
Астра Айдарова