ЖАЙКЫ ЭС АЛУУДАН КИЙИН ДЕНЕГЕ КАМ КӨРҮҮ

Жайкы эс алуу, көл, тоо... Албетте, көпчүлүгүбүздүн эсибизде жагымдуу көз ирмемдер калат. Аны менен катар күндүн, шамалдын, суунун таасиринен улам терибиз, чачыбыз кургап, жүзүбүзгө майда бырыштардын, сепкил, тактардын түшүшү күтүлөт. Бул убактылуу гана нерсе, алардан оңой эле арылууга болот. Кантип дейсизби? Косметолог Мээрим Нурдинованын кеңештерине кулак салалы.

ЧАЧ

Көйгөй: Кургашы жана алсыз көрүнүшү.
Себеп: Күндүн жана көлдүн, деңиздин туздуу, бассейндеги хлордуу суулардын таасиринен улам чач кургак болуп, учу ачакейленет.
Эмне кылуу керек? Зайтун, пальма, арган майлары жана айран менен достошуп, аларды ичип да, чачыңызга маска жасасаңыз да болот. Мындан сырткары А жана В витаминдерине, йод, калий, цинкке бай азыктарды күнүмдүк рационуңузга кошуңуз. Чачты жасалгалоо үчүн убактылуу мусс жана лактан баш тартып, алардын ордуна нымдандыруучу крем, спрейлерди колдонуп туруңуз. Чачты калыпка келтирүүчү атайын шампунь, бальзамдарды пайдаланыңыз.

МАСКАЛАР

1 жумуртканын сарысына 1 аш кашык балды аралаштырып, башыңыздын терисине жана чачыңызга сүртүп, 30 мүнөт кармоо керек. Андан соң ромашканын же чалкандын тундурмасы менен жууп коёсуз.


Кургап кеткен чачтар үчүн үй шартында уютулган майлуу айрандан жасалган маска 3 жумада өз жыйынтыгын берет. Ал үчүн айрандан жумасына 2 жолу маска жасоо керек.

ДЕНЕ

Көйгөй: Теринин күнгө тегиз тотукпашы.
Себеби: Териңизди күндөн жетишсиз коргогонсуз же күйгөндөн кийин нымдандыруучу каражаттарды колдонгон эмессиз.
Эмне кылуу керек? Жуунганда терини жумшартуучу самын, гелдерди колдонуп, андан соң нымдандыруучу каражаттарды сүйкөңүз. Мисалы, тери үчүн эфир майларын.
Көйгөй. Теринин кургашы жана кычышуусу.
Себеп. Санааркабаңыз, күн нурларынын таасиринен жана аба ырайынын алмашуусунан улам бет териси сыяктуу эле дене да жабыркайт.
Эмне кылуу керек? Албетте, дененин нымдалышын шарттоо керек. Эгер мүмкүн болсо, мончого барыңыз. Мончо зат алмашуу процессин жакшыртууга жардам берет. Ал эми кычышуу чыдатпаса, дарыканадан тиешелүү каражат алып пайдалануу, же болбосо дерматологго кайрылуу оң болот.

ЖҮЗ

Көйгөй:
Тери серпилгичтигин жоготту.
Себеби: Күн нурларынын таасиринен улам териде зат алмашуу процесси жайлап, организмден коллаген заты аз иштелип чыга баштайт. Мындан улам тери калың тартып, серпилгичтигин жоготот.
Эмне кылуу керек? Албетте, биринчи кезекте коллагендин иштелип чыгуусун жакшыртуу керек. Ал үчүн териге лифтинг-сары сууларын сүртүү, укалоо жана үй шартында маскаларды жасоо керектелет.
Көйгөй: Майда бырыштардын түшүшү.
Себеби: Күндүн ысыгынан улам териге нымдуулук жетпей, кургап, мындан улам бетке майда бырыштар түшөт.
Эмне кылуу керек? Үй шартында терини нымдандыруучу пилинг, маскаларды жасоо жана эфир майларынан компресс коюу туура.

МАСКАЛАР

1 аш кашык эритилген шоколадга 1 аш кашык каймак жана 1 чийки жумуртканын сарысын кошуп аралаштырып, бетке сүйкөө керек. 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп, нымдандыруучу бет майдан сүйкөө сунушталат. 5-6 жолку процедурадан кийин тери кадимкидей жакшырат.

Көйгөй: Сепкилдин жана тактардын түшүшү.
Себеби: Күндөн жакшы коргонбогондо, күндөн коргоочу бет майдын туура эмес тандалышы, же болбосо аны пайдаланууну унутуп калуу сепкил, тактардын пайда болушун шарттайт. Эгер мындай тактар эс алууңузга чейин эле болсо, анда косметологго кайрылганыңыз оң. Ал эми эс алуу учурунда пайда болгон жаңы тактардан үй шартында тиешелүү каражаттарды, процедураларды колдонуу менен 2 ай ичинде арылууга болот.
Эмне кылуу керек? Мындай учурда сизге агартуучу пилинг, лифтинг-сары суулары жана маскалар жардамчы боло алышат. Күн сайын агартуучу сары суу менен бетиңизди сүртүп, күн нурларынан коргоочу бет май колдонуңуз жана жумасына эки жолу пилинг жасап, агартуучу маска жабыңыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан