ГИНЕКОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго "Мир здоровья" медициналык борборунун гинекологу Айпери Соурбекова жооп берет.

"ТУКУМСУЗДУКТУН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?"

– Турмушка чыкканыма бир жылдан ашты. Бирок боюма бүтпөй жатат. Дарыгерге азырынча кайрыла элекмин. Сурайын дегеним, тукумсуздуктун негизги себеби эмнеде?

Бегайым, Бишкек шаары

– Көп учурда жыныс органдарынын сезгенүүсүнөн улам жатын түтүктөрү жабылып тукумсуздукка себеп болушу мүмкүн. Ар кандай жыныстык инфекциялар сезгенүүгө алып келет. Алардын ичинен хламидий инфекциясы эң көп кездешет. Мындан сырткары гормондордун бузулуусу да тукумсуздукка алып келиши ыктымал. Сөзсүз жолдошуңуз экөөңүздөр тең дарыгерге кайрылыңыздар. Канчалык эрте аракет кылсаңыз, ошончолук мүмкүнчүлүгүңүз көп болот.

"ЖАТЫНДАН ТЫШКАРЫ БОЙГО БҮТҮП КАЛБАШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?"

– 26 жаштамын. 2 балам бар. Былтыр жатынымдан тышкары бойго бүтүп, оң жак жатын түтүгүмдү алып салышкан эле. Дагы балалуу бололу деген планыбыз бар. Кайрадан жатынымдан тышкары боюма бүтүп калабы деп санааркап жатам...

Жаңыл, Кара-Балта шаары

– Жатын түтүктөрүнө суук тийгенде же сезгенгенде жатындан тышкары бойго бүтүп калат. Көпчүлүк айымдар аны билбей жүрө беришет. Андыктан убак-убагы менен текшерилип турган оң. Толук дарыланып бүткөн соң баланы пландоону сунуштайм.

"БАЛДАРДЫН АРАЛЫГЫ КАНЧА ЖАШ БОЛУШУ КЕРЕК?"

– Колумда 5 айлык балам бар. Жакында дагы кош бойлуу экенимди билдим. Кайненеме айтсам "удаасынан төрөп ал" деп жатат. Өзүм болсо колумдагы баламды да, ичимдеги түйүлдүктү да кыйналып калышпайбы деп аяп жатам. Эмне кылсам болот?

Адинай, Кой-Таш айылы

– Негизи төрөй турган балдардын аралыгы 3 жылдан болгону туура. Анткени үч жыл аралыгында эне толук өзүнө келип, кийинки балдары ден соолугу чың болуп төрөлөт. Чечим сиздин эркиңизде.

"ЖЫНЫСТЫК ООРУЛАР АРТРИТКЕ АЛЫП КЕЛЕБИ?"

– Жыныстык жактан жуккан ооруларды дарылабаса сөөктөр кыйшая баштайт деп уктум. Мунун канчалык чындыгы бар? Эгер чын болсо, кайсы оорулар?

Жамиля, Бишкек шаары

– Айтылган кеп анык. Көп учурда жыныстык жактан жуккан хламидиоз, гонорея сыяктуу ооруларды өз учурунда дарылабаса урогендик артритти пайда кылат. Анткени бул оорулардын козгогучтары канга өтөт да, кемирчектерди, булчуң байламталарын жабыркатат. Көбүнчө бут жана белдин сөөктөрүн. Мындан сырткары көздүн көрүүсү начарлап, бөйрөк оорулары, бойдон түшүп калуу, баланын өлүк төрөлүшү, ара төрөө жаралат. Андыктан жубайлардын экөө тең текшерилип, бир убакта дарылануулары зарыл. Болбосо оору кайра жуга берет.

"ЭТЕК КИРИМ КЕЛЕРДЕ АЧУУЛУУ БОЛУП КАЛАМ"

– Өзүм шайыр, ачык-айрым эле келинмин. Бирок этек кирим келерге жакын көп нерсени жактырбай, бирөө менен урушкум келип, ачуулуу болуп калганым өзүмө аябай байкалат. Курбумдан сурасам, ал мындай абалга кабылбайт экен. Бул эмнеси?

Фатима, Сүлүктү шаары

– Бул медицинада этек кир келер алдындагы синдром деп аталат. Сизди минтип кубултуп жаткан нерсе – аялдар гормондорунун төмөндөп-жогорулоосунда. Гормондор айымдардын турмушунда эң чоң роль ойношот, эне болууга, андан сырткары жүрүм-турумга, мүнөзгө да таасир этишет. Эстроген гормону этек кир келип кеткенден кийин көбөйөт да, аялзатына сулуулук, наздуулук, сексуалдуулук жана энергия тартуулайт. Ал эми этек кир келер астында жыныстык гормондор төмөндөй баштагандыктан кээ бир аялдар өздөрүн жаман сезип, болор-болбос нерсеге капаланышат. Өз убагында тамактанып, уктап, эс алып, ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасап, таза абада сейилдеп, сууда сүзгөндү адат кылыңыз.

"БОЮМДАН ТҮШҮП КАЛДЫ"

– Эмнеден экенин билбейм, жакында боюмдан түшүп калды, түйүлдүк 3 жумалык болчу. Аябай стресс болуп, ооруканага да барган жокмун. Бойдон түшүп калган учурда жатынды сөзсүз тазалатуу керекпи?

Акылай, Бишкек шаары

– Акылай, жатыныңыздын ичинде эч нерсе калбаганына ынаныш үчүн УЗИге түшүп коюңуз. Эгер таза болсо, тазалатуунун кажети жок. Сөзсүз дарыгердин текшерүүсүнөн өтүүнү сунуштайм.

"ВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯЛАРДЫН ТҮЙҮЛДҮККӨ КАНДАЙ ТЕРС ЖАКТАРЫ БАР?"

– Учурда 3 айлык боюмда бар. 2-3 күн мурун жолдошумдун жыныстык жактан жугуучу оору жуктуруп, дары ичип жүргөнүн билип калдым. Сурайын дегеним, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын жана вирустук инфекциялардын тондо жаткан түйүлдүк үчүн зыяны жокпу?

Анипа, Бишкек шаары

– Жыныстык жактан жугуучу вирустар баланын өпкө, бөйрөк, жүрөк сыяктуу ички органдарын ын жана муундардын, мээ, жүлүн, көздүн өсүүсүн жабыркатат же бойдон түшүүгө алып келет. Оорукчан, нышан, тубаса майып, алсыз, иммунитети начар балдар төрөлөт. Бойдо бар кезде баланын тону аркылуу инфекция кирбей бала таза сакталып өскөнү менен, төрөлүп жатканда энесинин жыныстык органдары аркылуу жугуп калуусу мүмкүн. Андыктан дарыгерге кайрылып, жолдошуңуздан сизге оору жуктубу-жукпадыбы текшерилиңиз. Толук дарыланып бүтмөйүнчө жыныстык катнашка барууга болбойт.

"ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРДЫН ЭТЕК КИРИ КАНЧА ЖАШЫНДА КЕЛЕТ?"

– Кызым 14 жашта. Былтыр декабрда этек кири 2 күн келип, ошондон кийин келбеди. Бул эмнеси?

Гүлнара, Кербен шаары

– Өспүрүм кыздардын алгачкы этек кири 12-14 жашында келет. Толук калбына келүүсү үчүн 1-2 жыл талап кылынат. Жыныс органдарын УЗИге тарттырып, балдар гинекологуна көрсөтүп коюңуз.

Эч кимге ооз барып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге 0557 75 63 19 WhatsApp номерине же kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринен жооп алып беребиз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
sordi
2017-08-15 10:17:27
Азаматсын! Айпери сен биздин сыймыгыбызсын! Ишин илгерилей берсин. Уй-Булон менен бактылуу бала-чакалуу болгула! Аган!
+4
Gulia89
2017-08-16 00:10:05
Рахмат чоон аябай пайдалуу кенешинизге
+3
bemjaku8896
2017-08-16 22:29:23
рахмат
+2
cholpon119966
2017-08-18 17:16:57
Оорубасан да билип алганын пайда. Рахмат доктуй эже☺
+3
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан