ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 14-августтан 20-августка чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Үйдө жаралган маселелерди чечүүгө энергияңыз да, каражатыңыз да жетиштүү болот. Бузулуп калган тиричилик техникасын оңдоп же жаңысын сатып алууга туура келет. Сиз жактырган адам сүйүүсүн билдириши мүмкүн. Кызганычтан алыс болуңуз. Ортодогу мамилени бузуп алуу коркунучу бар.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Көп убактыңызды башкаларга жардам берүүгө жумшайсыз жана буга чейин бүтүрө албай жаткан иштериңиздин убакыт-сааты чыгат. Интеллектуалдык активдүүлүгүңүздүн деңгээли жогору болгондуктан, оор материалдарды окусаңыз да түшүнөсүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Каражат маселесин чечүү үчүн көп күч жана убакыт коротосуз. Эс алуу үчүн да убакыт табыңыз. Үй тиричилигине керектүү буюмду сатып алууңуз мүмкүн. Психологиялык жана жан дүйнөнү азыктандырчу китептерди окуп, башкаларга жардам берүү, берешендик кылуу сунушталат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жалгыз иштөөнү жактырган бөйөндөр үчүн ийгиликтүү апта. Буга чейин башка адамдар, ар кандай жагдайлар тоскоолдук жаратып бүтпөй жаткан ишиңизди бүтүрүүгө аракет кылсаңыз, жемишин берет. Досторуңуздун кеңештерин угуңуз. Алар сизге колдоо көрсөтүшөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жай жана дипломатиялык түрдө аракет кылуу менен койгон максаттарыңызга жете аласыз. Айрым маселелерди чечүүдө башкалардын көңүлүн бурдурбоо туура. Чач жасалгаңызды же кийинүү стилиңизди өзгөрткөнүңүз маанайыңыздын көтөрүңкү болушун камсыздайт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Досторуңуз менен өткөргөн кечелер жагымдуу болот. Сизди кызыктырган темаларда баарлашуудан, алыска эс алууга чыгуудан таасир аласыз, жаңы идеяларга ээ болосуз. Социалдык тармактарда баарлашуулар активдүү жүрөт. Ички психологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн ыңгайлуу учур.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Башкы максатыңызга жетүү үчүн багыт алыңыз. Жумшактык кылып башкаларга орун берип отура берсеңиз, жеңиш сиздики болбойт. Пикирлештериңиз менен досторуңуз оң таасир берип, ийгиликке жетүүгө салымын кошот.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жубайлардын бири-бирине болгон мамилеси жакшырчу убакыт. Жарыңызга жагымдуу белек, сюрприздерди жасаңыз. Юридикалык маселелерди чечүү, документтерди каттатуу үчүн ийгиликтүү учур.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ден соолугуңузга кам көрүүгө жакшы убакыт. Өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз, дарыгерге кайрылыңыз. Туура диагноз коюп, эффективдүү дарылай алган мыкты адиске туш болосуз. Сынак тапшыра тургандар жакшы баа алышат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз жаңы тепкичке чыгат. Үйлөнүү сунушу болушу да ыктымал. Жубайлар арасында ысык мамилелерге жол ачылат. Эс алуудагы романтикалык көз ирмемдерди жаратуу да жакшы натыйжасын берет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Үй тиричилиги менен көбүрөөк алек болгонуңуз туура. Жакындарыңыздын бирөө ооруп калышы мүмкүн. Аларга каралашуу керек болот. Үйүңүздөгү бүтпөй, жартылай калган жумуштарды жасап, иретке келтирип алуу үчүн жакшы убак.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Романтикалык маанай орун алат. Бойдоктор жаңы адамдар менен таанышат. Жагымдуу таанышуу кыска аралыкка жолго чыгууда, тамактануучу жайда же эс алууда орун алышы мүмкүн. Мындай мамилелер ысык, бирок кыска болорун эске алыңыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө: 14-20-августка чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан