«Бул абалымды элге жарыялоо максатым эмес, бирок жардамга муктажмын» деп эки уулун жетелеген каарманым редакциябызга баш бакты. Көзүнүн жашын көл кылып өзү кабылган тагдырды айтып берсе биз да жашыдык.
«СПИД ДЕГЕН ЭМНЕ ЭКЕНИ ТУУРАЛУУ ТАКЫР ТҮШҮНҮГҮМ ЖОК БОЛЧУ»
– Атым Айгүл (аты өзгөртүлдү). Жашым 30га чыкканда айыккыс ооруга чалдыгып, эки уулумду жетелеп көчөдө калам деп эч качан ойлогон эмесмин. Бир жыл мурун жолдошум каза болду. Өлөрүнүн алдында көп убакыт ооруду. Дене табы көтөрүлүп, тамакка табити жок болуп, жөтөлүп жүрсө сасык тумоо деп ойлоп жүрө бергенбиз. Денесин жара каптап эле каза болуп калды. Дарыгерлер башында бизге эч нерсе айтышкан эмес. Аны жерге бергенден кийин бир жума өтпөй ооруканадан мени чакырышып, «жолдошуңуз СПИД деген оорунун 4-стадиясында каза болду, сиз да текшерилиңиз» дешти. СПИД деген эмне экенин билчү эмесмин, бул илдет тууралуу такыр кабарым жок эле. Буга чейин ооруканага төрөгөнгө эле барчумун, дары ичип, ийне сайдырып көргөн жан эмесмин. Анализ тапшырсам менде да ВИЧ-инфекциясы бар деп табышты. Бирок мен түшүнбөгөндөн кийин бул дартка олуттуу караган жокмун, кадимки жеңил айыкчу оорудай кабыл алдым. Врачтар мага баарын түшүндүрүп беришкен соң жана дагы башка маалыматтарга ээ болгондон кийин коркуп калдым, бул дарттан кутулуунун жолу жок экенин билдим.
Алгачкы анализдин жыйынтыгынан күмөн санап, кайрадан анализ тапшырдым. Ошол эле жыйынтык чыкты. Бул ирет канымда ВИЧ-инфекциясынын бар экендиги тууралуу маалымат мага чындап катуу тийди. Врачтар менен урушуп сыртка чыгып кеттим, көпкө ойлонуп отурдум. Бирок балдарым үчүн жашашым керек экенин билип, дарыланам деп кайра ооруканага бардым, учурда дарыларды үзгүлтүксүз ичип жатам. Мага жолдошумдан жуккан окшойт. Ага кайдан жукканын билбейм. Жолдошум алыскы аймактарга КамАЗ айдап иштеп акча таап бизди бакчу. Бирок мен мындай жагдайга туш болгонума эч кимди күнөөлөбөйм, жолдошумду дагы. Бул мага келген сыноо деп кабыл алам. Сыноого сынбайм, балдарым үчүн жашоо үчүн күрөшөм.
«АЙЫЛДАГЫЛАР ЖАНЫМА ЖОЛОБОЙ, МЕНИ МЕНЕН СҮЙЛӨШПӨЙ КАЛЫШТЫ»
– ВИЧке кабылганымды билген кезде өмүр бою бир казанда кайнап, чогуу жашаган кошуналарым, жакындарым, айылдыктардын мага болгон көз карашы өзгөрдү. Мен үчүн эл арасында мурдагыдай аралашып жашоо мынчалык кыйынчылык жаратарын билген эмесмин. Мага кыйын күндөрүмдө колдоо көрсөтүп, жанымда болот деген үмүт менен кайнежеме ооруп калганымды айткам. Бирок кайнежем бул кабарды уккандан кийин жолдошумдун каза болгонуна мени күнөөлөдү. «Бир тууганыма ооруну сен жугуздуң, сенин айыңдан каза болду» деди. Кайнежелерим мени менен бир дасторконго отурбай, сүйлөшпөй калышты. Минтип менин оорулуу экеним бүт айылга билинип калды. Айылдыктарда деле мен сыяктуу, бул илдет тууралуу түшүнүк жок да. Алар жаныма жакындаса, чогуу тамактанса жугуп калат деп ойлошот. Ошентип эл менден качып баштагандай, менден алыс турушуп, мени менен сүйлөшпөй калышкандай туюлду, баарынан четтеп калдым, өзүм да айылга батпай, кысыла бердим. Кайнежемдер болсо ачык эле «эки балаң менен өзүнчө батирге чык» дешти.
Бир күнү турмуштук, болбогон эле маселе үчүн кайнежем менен айтыша кетип, ал кийимдеримди көчөгө ыргытып, үйдөн чыгып кетүүмдү талап кылды. Балдарымды жетелеп көчөдө калдым. Жөлөк пул деп алган 600 сом менен Бишкекке келдим.
«МАГА ОКШОГОН АЙЫМДАР КӨП ЭКЕНИНЕ ТАҢ КАЛДЫМ»
– Бишкектин бекетине түнкү саат 3тө жеттик. Бара турган жерибиз жок да, таң атканча бекетте отурдук. Күн көзүн көрсөтө баштаганда элден сураштырып жашай турган жер издей баштадым. Бир таксист баш калкалоочу жер таап берди. Ал жакта бир чоң бөлмөдө селсаяктар, үй-жайы жоктор, аял-эркеги аралаш жашадык. "Ош базарындагы" радиоузелге барып жумуш караштырып, кулпунай терип иштеп калдым. Күнүнө 200-300 сом тапчумун. Балдарым дайыма мени менен жүрүшөт, теришип жардам беришет. Ысыкта жүрө берип бир уулум ооруп калды, аны карап, өзүм да ооруп иштей албай калдым. Анын үстүнө "балдарың менен жакшы иш аткарбайсың" дешип көптөр жумушка да алышпайт экен. Анткени балдар бат чарчашат, «апа, кетеличи» дей беришет. Өзүм да кыйналып калам. Дары күчтүү болгондуктан аны күчтүү тамактар менен ичиш керек. Менде азыр андай шарт жок болгондугуна байланыштуу дары ичкенде башым айланып, айрым учурда бир күн бою алсыз абалда жатып калам.
СПИД-борбордон пенсия катары 3 айда бир 1000 сомдой акча берип турат экен. Акчасын ала элекмин, 3 ай боло элек да. Азык-түлүк берип турушат. Ал жакта атайын түзүлгөн топ бар, психологдор иштешет. Таң калганым, мага окшогон айымдар көп экен. Чогулуп сүйлөшүп отурабыз, бири-бирибизди өзүбүздөн жакшы эч ким түшүнбөсө керек. Алар менен баарлашуу жеңил. Башка адамдарга айта албаган көйгөйлөрүбүздү ошол жактан бөлүшүп, жеңилдеп алабыз.
Учурда «Кызыл жарым ай» коому жардам берип жатат. Коом азык-түлүккө 3000 сом беришкен. Бул акчага эки балам менен өзүнчө батирге чыккам. Бир ай өтүп, батирдин да мөөнөтү бүтүп баратат. Бул убактылуу кыйынчылыктан чыгып кетиш үчүн элден жардам сурайм. Балдарымды окутуп, батирдин акчасын төлөш үчүн кайрымдуулардын көмөгүнө муктажмын. Кийин өзүм иштеп бутума туруп балдарымды багып кетүүгө күчүм жетет. Мен күчтүү аялмын.
«БАЛАМДА ДА ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫ БОЛУШУ МҮМКҮН»
– Эки балам бар. Бири 8, экинчиси 7 жашта. Алар да анализ тапшырышкан. Улуусунуку таза чыкты, экинчи уулумдун канында вирус болушу мүмкүн деген күмөндөр бар. Аны ойлогон сайын жүрөгүм ооруйт. Кайрадан анализ тапшырабыз. Корком, балам да ооруп калса, кантем? Кийинки анализ таза чыкса экен деп Кудайга жалынып эле отурам. Уулдарымды окутууга буга чейин мүмкүнчүлүк болгон эмес. Атасы ооруп иштей албай калгандыктан, каражаттын тартыштыгынан улуусу окуй элек. Эми мен бир нерсе болуп кетсем да, балдарым кийин кыйналбаса экен деп аларды окутуп коюу үчүн жан үрөйм. Балдарыма бул абалым тууралуу айтып жүрөктөрүн ооруткум келбейт. Ушул экөөнө жакшы тарбия берип алсам деп тилейм. Бир кыялым бар. Мага окшоп ВИЧке кабылган аялдардын балдарына жардам берип бала бакча ачкым келет. Балким, ушул каалоомду ишке ашыруу буюруп калар. "Толук айыгып кетүү мүмкүн эмес" дешти дарыгерлер. Айыкпасам да күрөшүп жашайм. Балдарым үчүн жашашым керек, мен аларга керекмин.
«МУГАЛИМ БОЛОМ ДЕГЕН ТИЛЕГИМ ОРУНДАЛБАЙ КАЛДЫ»
– 9-класска чейин мектепте окудум. Таежемдин колунда чоңойдум, бөлөлөрүм иштеп кетишип, үйдүн түйшүгү мага түшүп, андан ары окубай калгам. Мектепке бараткан кыздарды карап суктанчумун. Мугалим болом деген тилегим да орундалбай калды. 17 жашка чыкканда кошуна балага турмушка чыктым. Кыздардын баары ЖОЖдорго тапшырып Бишкекке кетип жатышкан маалда мен бир үйдүн түйшүгүн моюнума артып үйдө отуруп калдым. Кайын журтум жакшы кабыл алышты. 5 жылга чейин төрөбөй жүрсөм да эч нерсе дешпей жакшы карашты. Кийин 2 балалуу болдук. Жолдошум менен бай жашабасак да, бактылуу жашадык.
«БАЛАЛЫГЫМ КАЗА БОЛГОН АПАМДЫ КҮТҮҮ МЕНЕН ӨТТҮ»
– 6 жашымда апам каза болуп калыптыр. Анда мени башка жакка алып кетишип, «апаң Москвага иштегени кетти» дешкен. Мени таежем алып бакты. Мен шордуу 11ге чыкканча апамды күтүп, сагынып, аны жек көрүп жашадым. Күндө жол карачумун. Кийимдеримди салып алып аялдамага барып күтүп отурчумун, азыр апам түшөт деп үмүт кылып. Апамдын гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн аппак жоолугу бар эле, ошол жоолук эсимде калыптыр. Эл арасынан ак жоолукчан аялдарды издечүмүн. Бул эмне деген күтүү азабы экенин башынан өткөргөндөр гана түшүнсө керек. Балалыгым күтүү менен өтүп кетти. Мен 11 жашка чыкканда атам мени көргөнгө келди. Мектепке чейин барып классташтарыма токоч, таттууларды алып берген. Анда менин бактым тоодой болду, «менин атам» деп баарына мактангам. Атам мени жетелеп жүрдү, мектептин багында кучактап алдына алып отуруп, апамдын 5 жыл мурда эле кайтыш болгонун айтты. Жаман болдум, бакырып ыйладым. Бирок көксөөм сууп, апам жок, күтө турган да адам жок экендигин кабыл алдым. Атам болсо 2-3 күн жанымда жүрүп, кайра кетип калды. Ошондон бери кайрылган жок. Аны көп жолу издедим, телепрограммаларга кайрылдым, Казакстанда иштегенин айтчу эле деп Казакстанга баргандардан издеттим, таба албай келем. Азыр мен жакындарымдын колдоосуна муктажмын.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg