БИР БҮРКҮМ

  • 11-августтан 13-августка чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолорго КАР ТҮШҮШҮ мүмкүн. Маалыматты ӨКМдан кабарлашты.

  • Мамлекеттик каттоо кызматы БШКга ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО катыша алчу шайлоочулардын тизмесин берди. Өлкөдө 18 жашка толуп, биометрикалык каттоодон өткөн 2 миллион 914 миң 588 шайлоочу бар.

  • 31-августта ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ карата "Ала-Тоо" аянтынын майрамдык жасалгасына мэрия 6 миллион 308 миң 877 сомдук тендер жарыялады.

  • Европа өнүктүрүү банкынан берилген насыяга сатып алынган 50 ТРОЛЛЕЙБУС ушул жылдын октябрь айынан тарта Бишкекте пайдаланууга берилет.

  • 2016-жылы Кыргыз мамлекетинин жарандыгын 6224 адам алган. Алардын 3366сы аял, 2858и эркек. Чет өлкөдөн келип ЖАРАНДЫК АЛГАН адамдардын 2 миңден ашууну Өзбекстанда төрөлгөн.

  • ЖАРАНДАРДЫН КООПСУЗДУГУ боюнча 135 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргыз мамлекети 74 балл алып, "жакшы" деген баага татыган. Ал эми Тажикстан 86 балл алса, Өзбекстан 95 балл алып, дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга татыган. Сурамжылоону америкалык "Gallup International" уюму жүргүзгөн.

  • Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргыз өлкөсүндөгү президенттик шайлоого 350 кыска мөөнөттүү жана 34 узак мөөнөттүү БАЙКООЧУЛАРДЫ жөнөтөт. Маалыматты аталган эл аралык уюмдан билдиришти.

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы АБДИЛ СЕГИЗБАЕВ 2016-жылы 327,3 миң сом киреше тапкан.
    Ал эми каржы министри АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ былтыр 998 миң сом киреше тапкан. Анын декларациясында үйү менен унаасы жок экени көрсөтүлгөн.

  • 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө 2583 ЖОЛ-ТРАНСПОРТ КЫРСЫГЫ катталып, андан 307 адам көз жумса, 3834 адам жаракат алган.

  • Бишкек шаарынын ПРОКУРОРУ болуп Абдыбакыт Халмурзаев дайындалды. Ал 2010-жылы башкы прокурордун орун басары болуп эмгектенген. Бишкектин прокурору болгонго чейин ал шаардын Октябрь районунун прокурору болуп иштеп турган.

  • Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ТАРЫХ МУЗЕЙИ ушул жылдын 15-ноябрында ачылат. Аталган мекеме реконструкция иштерине байланыштуу 2016-жылдын 25-мартында жабылган. Оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 15 миллион доллар жумшалууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан