Самат Дөөлөтбаков: “ЖУМУШУМДУН АРКАСЫ МЕНЕН КӨПТӨГӨН БИЗНЕСМЕНДЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫМ”

Чет эл ырлары менен музыкасынын жакшы жактарын өзүнө сиңирип, кыргыз ырчыларынан өзгөчөлөнүп чыгарма жараткысы келген жигит Самат Дөөлөтбаков бизде мейманда. Самат учурда ырчылык менен катар белгилүү банктардын биринде эмгектенет.

– Алгачкы кепти эстегенде жылмаюу жараткан биринчи сүйүүңдөн баштайын деп турам...
– Биринчи сүйүүм Токмоктогу бала бакчада жүргөндө Динара деген кызга арналган. Кичинекей балдар жакшы көрүү сезимин бетинен өөп билдиришет го. Мен өпкөнгө да жараган эмесмин. Бир орунга тура албаган суу куйду тентек болгонум менен, уяңдык жайым бар эле. Чачынан чоюп, жакшы көрө берчүмүн.
– Мектепти Токмок шаарынан аяктадыңбы?
– Ооба, Токмоктогу түрк лицейин бүтүргөм. 2001-жылы Бишкектеги Эл аралык университетине тапшырып, ошол кездеги эл аралык компьютер тармактары факультетин, андан соң ушул эле окуу жайдын эл аралык бизнес бөлүмүн бүтүрдүм.
– Үйлөнгөнүңдө “аялы өзүнөн улуу. Байдын кызы болгону үчүн гана үйлөнүптүр. Ата-энеси келин кылбайбыз дешкен экен” деген имиштерди уктум эле...
“Ата-энеси каршы болду” деген имиштер туура эмес. Айида менден 8 айга улуу. Үйлөнгөнүм ата-энем үчүн сюрприз болгон. Алар мени үйлөнөт деп күтүшкөн эмес эле да. Анда 23 жашта болчумун. Айида менен кыз-жигит болуп жүргөнүмдү билишчү. Ал гана эмес, таанышчу. “Кайын журтуң бай турбайбы?..” деген сөздү туугандарымдан да көп угам. Бирок менин ата-энем деле кедей эмес. Эки жак бирдей эле турушат.
– Азыркы жаштар сырткы келбеттерине карап туруп, “не пара” деп коюшат го. Сен андай кептерге туш болгон жоксуңбу?
– Ошондой сөздөрдү мен дагы уккам. Мен үйлөнгөнгө чейин бойдоктуктун доорун жакшы эле сүрдүм окшойм. Биринчиден, өң-келбетине эмес, кыздардын түшүнүктүү экендигине көңүл бурам. Айида кыргыз болгону менен, Ташкентте 20 жыл жашаган. Биздин жашоону, менталитетти көп билчү эмес. Алгач ал эң жакын досум эле. Айидага болгон сырларымды айта берчүмүн. Ал мага жакшы кеңештерин берип турчу.
– Кызың канчага чыгып калды? Кимге окшош? Апасына жакынбы же сагабы?
– Кызым Аэлина 1 жаш 7 айга толду. Мурду апасыныкына окшош, калганы бүт менин көчүрмөм. Бир кийимди кийгизейин десем, “жок, аны кийбейм, муну кием” деп кыялын көрсөтүп калды. Ал дагы мага окшогон бир орунда турбаган тентек. Ырдап-бийлегени да укмуш. Эч кимден коркпой, чочуркабай, кимге болбосун бара берет. Ата-энемдин биринчи небереси да. Мени катуу кармаган ата-энем кызымдын жанында маскарапоз болушат. Апасы бирдеме бере койсо апасына, мен бере койсом мага жакын боло калат. Кыскасы, кантип момпосуй табышты билет.
– Экинчи баланы качанкыга пландап жатасыңар?
– Бала пландоого аябай көңүл бурам. Эне боюна бүткөндөн кийин укол алып, дары иче албайт да. Ошондуктан экөөбүз тең дайыма витамин кабыл алып, ден соолугубузду чыңдап жүрөбүз. Отуз жашка чейин үч балалуу болоюн деген планым бар. Коңшубуз биз курактуу жаш үй-бүлө. Алардын баласы Аэлина менен тең. Экөө көп учурда чогуу ойнойт. Ал эркек бала да, кызыма караганда ороюраак. Ошонусун карап туруп, дагы деле кыздуу болгум келе берет.
– Кызыңды жубайың карайбы же бала бакчага барабы?
– Жубайым шаардык фирмалардын биринде иштейт. Кызыма бала багуучуну алты айынан эле жалдаганбыз. Азыр ошол кыз же таенеси карайт.
­– Банктагы ишиң кандай? Мурунку интервьюңда “начальник болгону жатам” деген элең...
– Кудайга шүгүр, иштерим жакшы эле. Биздин банк 2007-жылы прогрессивдүү өнүгүп, үч айда бир жаңы филиалы ачылып жаткан. Менин баамымда, ошол филиалдардын бирине башчы болмокмун. Аңгыча каатчылык башталып, иш солгундоого учурады. Жакындан бери ишибиз кайрадан жанданууда. Филиал ачылчу маал эми келди окшойт. Ачылып калса, көтөрүлөм деген чоң үмүтүм бар.
– Көтөрүлүп кетсең, ырчылыкты таптакыр таштап койбойсуңбу?
– Эч качан таштабайм. Банкта иштегениме үч жыл болду. Үч жылдан бери 5 клип тартып, 10го жакын ыр жаздырдым. Бирок мен өзүмдү 100 пайыз сахнанын адамымын деп эсептей албайм. Банкка киргенге чейин кафеде, интернет клубда, кыймылсыз мүлк агенттигинде, дизайнердик тейлөө кызматтарында, түнкү клубда, кыскасы, көп тармакта иштедим. Мага баарынан финансы жаатында иштөө аябай жакты. Менин жумушум – фирмаларга насыя берүү. Алгач ар түрдүү фирмалардын, компаниялардын жетекчилери менен жакшы мамиле курууга аракет кылам. Анан насыяны канча пайыз менен, канча мөөнөткө берерибизди сүйлөшүп, банкка ал туурасында маалымат берем. Ушул жумушумдун аркасында көптөгөн жетекчилер жана ийгиликтүү бизнесмендер менен тааныш болдум. Алардан тажрыйба алып жаткан кезим.
– Учурда чыгармачылыгыңда эмне жаңылык бар?
– Жаңылык көп деле эмес. Чынын айтсам, активдүү иштебей калдым. Элге чыга элек ырларым бар, ошолорду эле “бышырып” жатам.
– “Ишенүү” деген ырыңда “жан жерим, ишенем сага” деген саптар бар эмес беле. Муну кыргызчаны жакшы билбегендиктен жазгансың го...
“Жаным, жерим, ишенем сага” деген сөздү ырга карата кыскартып ырдаган болчумун. Бирок чынында “жан жерим” деген уят сөз экенин билген эмесмин. Ыр элге жайылып кеткенден кийин гезиттерден телефон чала башташты. Анан Чыңгыз Мырзаев “досум, ушундай болуп калган турбайбы, өзгөртпөсөң болбойт” деди. Ошондон улам кайра барып оңдогонго туура келди. Жакшы жери, мага окшогон кыргыз тилин жакшы билбеген балдарга “жан жерим” деген сөздүн мааниси ушул ырдан соң түшүнүктүү болду.
– Ушул ырыңдан кийин чыгар­маларыңдын сөзүн, обонун өзүң жазгандан коркуп калган жоксуңбу?
– Бардыгынын сөздөрүн, обондорун өзүм жазбайм. Акыркы убакта “ырлардын тексттерин карап берчи” деп Чыңгызга берип жүрөм. Мындан ары акындар менен иштешейин деп жатам. Анткени сындар көп болуп кетти. Мисалы, Урматтын, Султандын ырларын укканда, сөздөрүн көп түшүнө албайм. Себеби алар кыргыздын адабий сөздөрүн колдонушат. Чет өлкөлүктөрдүн ырларын карасаңыз, “келдиңби, анан качан кетесиң?” же “мен бир кызды өптүм, мага жагып калды” деген жөнөкөй сөздөр. Мен ошентип жазайынчы, “көркөмдүк жок” деп сындап чыгышат. Биздин менталитет ушундай тура. Элибиз өзүнүн ырларында кыргыздын улуу, көркөм сөздөрүн гана уккусу келет экен.
– Кой сойгонду, ат чапканды билесиңби?
– Кой сойгонду билбейм, бирок шыйрагын жакшы эле кармашам. Айылга чоң апамдыкына барып жүрүп, 6-классымда ат мингем. Айылда жүргөнүмө эки жума болгондо шаардан иним келип калбайбы. Ага да үйрөтүп коёюн деп атка мингиздим. “Бастыр” десем коркот, анан атты чыбык менен чаап жибердим. Ат үркүп кетип, иним кулап, колун чыгарып алган.
– Ыр жаздырар алдында канча убакыт даярданасың?
– Мисалы, той-топурга чыгарда жандуу үн менен ырдай турган болсом, машинада баратып эле кыйкырып ырдап алам. Ал эми ыр жаздырар алдында 2-3 күнгө чейин машыгам. Вокал жагын мыкты өздөштүрүш үчүн кафеде ырдаш керек же атайын сабак алыш керек. Жакында эле “бир клубдун жүзү бол” деген сунуш түштү. Ал жерде сынактарды уюштуруп, аны менен катар ырчылык жана алпаруучулук милдетти аркаламакмын. Төлөгөн акчасы жакшы болгону менен, иш убактысы түнкү 1ден 4кө чейин экен. Эки күн иштеп көрдүм. Банктагы жумушума уктап калып, кечигип бардым. Анан аны жыйыштырууга аргасыз болдум.
– Кайын журтка кандай күйөө баласың?
– Бул суроого кайын журтум жооп берсе жакшы болмок. Кайын атам бирдеме кылып жатса “жардам берейин” десем, “кой, балам, отура бер” дей берет. Негизи, ак колмун. Бирок үйдөгү эркекке тиешелүү иштерди жасайм. Квартира алганда майда-чүйдө жумуштарды бир байкени чакырып жасата берчүмүн. Бир сааттык жумушуна 2500 сом алат. Байкасам көп акча кетип жатат. Ошондон кийин аспаптар топтомун сатып алып, чукулап жүрүп өзүм үйрөнүп кеттим.
– “Саясатка аралашам” дечү элең. “Бийликке жаштар келиш керек” деген пикирлер болуп жатпайбы. Азыр “президент бол” десе, макул болосуңбу?
– Апрель окуясынан кийин саясаттан бир аз көңүлүм калды. Биздин баштан өткөн революциянын баары көп өлкөлөрдө болгон. Революция болгон жерде сөзсүз талап-тоноочулук болот. Буга таң калбашыбыз керек. Бийликке туугандары жок, жаш бала келсе жакшы болмок. Ал эми мени “президент бол” дешсе, макул болбойм. Анткени бул жоопкерчиликтүү ишке азырынча даяр эмесмин.
– Бирөөдө бересең же аласаң барбы?
– Албетте, бар. Ата-энеме өмүр бою карызмын. Ал эми кийин балдарымда аласам болот. Балдарыңдын билим, таалим-тарбия алышына көп акча жумшайсың, кийин алар кайтарып беришет.

САМАТ ЖӨНҮНДӨ

  • 1984-жылы 3-февралда туулган.
  • 4 бир туугандын экинчиси.
  • Ата-энеси Токмокто жашайт.
  • Азыркы квартирасын жана машинасын өзү иштеп тапкан акчасына алган.
  • Бир жылда эки-үч ай залга барып машыгып турат.
  • Компьютерде ойноп же чуркап эс алат.
  • Кийимдерин Түркиядан алдырат.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
safina
2010-05-03 11:43:56
Менин жактырган ырчым, бут жеринен жагат, бирок менин таанышым айтып калды ал Самат аябай саран деп, уйуно келгенде жон сырта иштеген жумушчуларга керсейет деп.
0
ЛИМОН
2010-05-05 19:08:17
Мага такыр жакпайт. Ырдаганы да.озу дагы
0
Kyrgyzzz
2010-05-06 16:30:25
Эх,уста саясаттан ынкылапты коруп туруп коонун калса анда чындап кызыкпайт экенсин.Сен ырдап эле журо бер.Элди насыя берип карызга азыраак батыргыла.Ийгилик.Lirseyde okuptur.Turk4onu jaman korom owentse da "Samat abi halk icin hizmet etmeliyiz.Bu vatani kurtarmaliyiz di mi.HAdi bol shanlar dilerim."
0
Acia
2010-05-06 21:31:07
Чыгармачылык ийгилик!Бобогун чындыгында абай татту экен!
0
Назик кыз
2010-05-07 09:36:32
Интервьюсун окуп, аябай позитивдуу адам экенин байкадым.... Ишинизге ийгилик каалайм, жана ойлогон ой-максатынызга жетиниз!
Кыргызда сиздей адамдар кобое берсин ;)
0
diash
2010-05-07 23:19:48
Nazik kyz men sizge koshulam.
Iigilik saga Samat!!!
0
aku
2010-05-09 11:23:58
super info rahmat kopton beri kutup jurdum ele Samat jonundo maek kachan chygat dep maga Samat ayabai jagat.ozun alyp jurgonu,suilogonu
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан