"ОШ БАЗАРЫ" БИШКЕКТИН СЫРТЫНА КӨЧӨБҮ?

Бишкек шаарында жайгашкан "Ош базарын" шаар сыртына көчүрүү демилгеси коомчулукта көтөрүлүп келет. Бул сунушту шаардын Ленин районунун акими Нурдин Тынаев да ырастап, актуалдуу маселе экенин билдирген. "Мындай кадамга эртеби-кечпи барабыз. Бирок азырынча бул маселе карала элек",- деди аким журналисттерге. Бишкектин батыш тарабынан орун алган ири базардын тегерегинде унаа тыгыны тез-тез катталып, жүргүнчүлөрдү да, айдоочуларды да жүдөтүп келет. Аталган маселе боюнча калаа башчысы Албек Ибраимов да оюн билдирип, бул чоң иш экенин жана базарды жылдыруу азырынча план катары эле турганын айтты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан