ТАЖИК ОПЕРАТОРЛОРУ "КЫРГЫЗТЕЛЕКОМГО" КАРЫЗЫН ТӨЛӨП БЕРБЕЙ ЖАТАТ

Тажикстандык байланыш операторлору "Кыргызтелеком" ААКсына интернет ташуу кызматы үчүн 1,3 миллион доллар карыз. Аталган маалыматты мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Нурлан Мадаминов маалымдады. Анын айтымында, тажикстандык "Сатурн онлайн" байланыш оператору 662 миң 613 доллар, ал эми "Телеком техноложи" байланыш оператору 687 миң 219 доллар карыз. Маалыматка караганда, аталган тажик мекемелери эл аралык арбитраждык соттун чечимине карабай "Кыргызтелеком" ААКсынын алдындагы карызын төлөбөй келет. "Кыргызтелеком" карызды алуу боюнча Кыргыз өкмөтү Тажикстандын бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп берүүсүн суранууда",- дейт Мадаминов.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан