Түркиянын Стамбул шаарындагы сейил бакка бийиктиги 10 метрге жеткен Манас баатырдын эстелиги орнотулду. Мындай демилгени кыргыз ишкери Темирлан Сарлыкбек уулу бир жарым жыл мурун көтөргөн. Эстеликти орнотууга жалпысынан 8 миллион сомго жакын каражат сарпталып, анын 4 миллионун ишкер өзү төлөгөн. "Эстеликтин үлгүсүн тандоого Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев жана академик Абдылдажан Акматалиев жардам беришти. 8 ай дегенде орнотуп бүттүк. Стамбулдагы кыргызстандыктар, элчилик, шаар мэриясы, досторум чоң жардам беришти. Эстеликти орнотуудагы негизги максат – кыргыз баалуулуктарын чет өлкөгө таанытуу",- дейт Сарлыкбек уулу.
Эстеликтин ачылуу иш-чарасына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш жана эки өлкөнүн маданият министрлери катышты.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg