ШАЙЛОО-2017: ТАЛАПКЕРЛЕР БИРИГЕ БАШТАДЫ

2017-жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоого карата талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктап, учурда арыз берген 59 жарандын 52си гана калды. БШКнын берген маалыматына караганда, талапкер катары арыз берген Марта Кыдыралиева, Муканбайжан Айманбаев, Камил Токтобаев белгиленген убакытка чейин шайлоо фондусун түзө албай калганына байланыштуу арыздары кайтарылган. Ошондой эле талапкерлер Нусрет Муса-Оглы Мамедов жана Анвар Сартаев мамлекеттик тилден тест тапшыруу алдында президенттикке ат салышпай тургандыгын маалымдашкан. Андан сырткары талапкер катары арыз берген Роман Ремнев менен Куттубек Бешбаковдун жаш курагы талапка жооп бербегендиктен четтетилген.
Учурда талапкерлер мамлекеттик тилден тест тапшырышууда. Алар толук кандуу талапкер катары катталуу үчүн 30 миң жарандан кол топтоп, 1 миллион сом өлчөмүндө күрөө коюусу зарыл.
6-августта "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Торобаев жана "Ата Журттун" лидерлери Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев биригип, арасынан жалгыз талапкерди алып чыгарышарын жар салышты. Буга чейин аталган 4 үлкөн саясатчы тең президенттик жарышка катышарын билдирип БШКга арыз беришкен. Бул төрт саясатчынын биригүүсү Бакыт Торобаевдин кеңсесинде өткөнү коомчулукта төртилтиктен "Өнүгүү-Прогресстин" лидери президенттик жарышка аттанат деген пикирлерди жаратты.
8-август күнү төртөө президенттикке талапкер Темир Сариев менен биригүү тууралуу сүйлөшүшкөнү маалым болду. Сариев "пикирлерибиз дал келди" деп, бирок биригүү боюнча так чечимди маалымдаган жок.
Бул ирет президенттик шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй атаандаштыкта жана ири каражат сарптоо менен өтөрү түшүнүктүү. Талапкерлер негизги атаандаш катары бийликтин өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен "Республика – Ата-Журт" лидери Өмүрбек Бабановду көрүшүп, биригүүлөр дал ушул эки талапкерге теңтайлашуу аракетинде жасалууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан