Ушул жылдын 14-июлунан 6-августуна чейин Ливанда өткөн Эл аралык "World Next Top Model-2017" сулуулар сынагына Кыргыздын атынан Сусанна Егорян катышкан. Ал сынакта финалга чейин жеткен. Бирок финалда Армениянын өкүлү катары катышып, "Биринчи вице-мисс" аталган. Анын бул кадамы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, "эмне үчүн Кыргызстандан барган модель башка өлкөнүн намысын коргоп жатат?" деген сындарга кабылды. Эске салсак, Сусанна Егорян "World Next Top Model-2017" сынагына катышуу укугун "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында "Подиум сулуусу" титулун жеңгенден кийин алган. Аны бул сынакка жиберген аталган сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы социалдык тармактардагы талкуулардан кийин өз баракчасына:
"Соңку жаңылыктарды угуп, мен да жаман болдум. Мен Сусаннаны Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышууга жибергем, бирок ал өзүнө добуш берген мени, бүткүл кыргыз элин сатып кетет деп ойлогон эмесмин. Сураныч, суроолор болсо мага эмес Егоряндын өзүнө кайрылгыла",- деген билдирүү калтырган.
Ал арада Сусанна Егорян да интернет баракчасына жооп жазды: "Биринчиден, мени сынакка мамлекет жиберген жок, өзүм кеттим. Экинчиден, сынактын эрежеси боюнча кээде өзүбүз көрсөтүп жаткан мамлекеттин, кээде өзүбүздүн улутубуздун атынан чыгуубуз керек эле. Мындан улам катышуучу кыздарга экиден лента берилген. Эмнеге мынча ызы-чуу кылып жатасыңар, түшүнбөйм. Мен кыргыз элин саткан жокмун. Анын үстүнө мен кетерде "ушул кыздын ордуна кыргыз кызы барса болмок" деген бир канча кептер айтылган соң сынакка өзүмдүн улутумдун атынан деле чыксам болмок. Бирок мен антпестен Кыргыздын атын даңазаладым".
Ал эми өзүн Сусаннанын эжесимин деп тааныштырган adelina_zayer аттуу колдонуучу: "Сиңдимди Таты (Таттыбүбү Самидин кызы) эч кандай сынакка жөнөткөн жок. Ливандагы сулуулар сынагынын уюштуруучуларына өзүм байланышып, өзүм демөөрчү болдум. Таты Сусаннаны Египеттеги сынакка жибермек болуп, лицензия үчүн 1500 евро талап кылган. Сынактын эрежеси боюнча кайсы мамлекет демөөрчү болсо, ошол өлкөнүн атынан катышыш керек! Ливандагы сынакта сиңдим эки өлкөнүн атынан катышты. Себеби сынактын эрежесине ылайык бир этапта өзүнүн улутунун атынан чыгыш керек болчу",- деп жазып чыкты.
Бул окуя боюнча Таттыбүбү Самидин кызына байланышканыбызда ал төмөнкүчө комментарий берди: "Тилекке каршы жакшылыкты түшүнбөгөн адамдар болот экен. Бул сынак тууралуу мен айтпасам Сусанна билмек дагы эмес. Алгач аны бул сынакка кабыл албай коюшкан. Анын көз жашын көрүп жардам бердим эле. Сынактын уюштуруучуларынын бири Элие Нахасом менен байланышып мекендешибизге мүмкүнчүлүк берүүсүн сурангам. Мен тараптан чыгым болгон жок, бирок мен дагы Сусаннадан эч кандай акча алган жокмун. Каяктагы евролор тууралуу кеп болуп жатат? Сусаннанын эжеси сиңдиси катышкан сынак тууралуу эч кандай маалыматы жок болчу. Мен Сусаннага акча жаатында кыйынчылыктар болуп жатат дегенинен сынакка кийип чыкчу бут кийимдеримди берген элем. Аталган сынактын уюштуруучуларынын айтымында Сусаннада Армениянын ID-паспорту бар үчүн өзү ушул кадамга барууну чечиптир. Өкүнүчтүүсү мен Сусаннага добуш бериңиздер деп элди үгүттөгөнүм болду. Бирок мен аны күнөөлөбөйм. Балким, ага ушул кадамга барууну сунушташкандыр. Армениянын атынан чыксам жеңишке жетүү үчүн мүмкүнчүлүгүм көбүрөөк болот деп ойлогондур".