Актёр Камчы Сарыбаев 9-августта кызы Асылзаттын туулган күнүн белгилеп, тушоосун кести. "Кызым бир жашка чыгып, тушоо кесүү аземин уюштурганбыз. Анчалык деле чоң кылып, элдин баарын чакырган жокпуз. Тойго ата журтум, кайын журтум жана өкүл балдарым келишти. Тушоо тойдо өзгөчөлүк болсун деп чуркагандардын бут кийимдерин чечтирип чуркаттык. Калганы салтка жараша эле болду",- дейт Камчы мырза.