Кыргыз ырчы жигиттеринин дагы бири Мирбек Масалиевдин колуна нике шакеги тагылып, моюнуна каамыт илинди. 4-август күнү ырчы мырза сүйүктүүсү Гүлнур аттуу кызды кыргыздын каада-салты менен үйүнөн алып кеткен эле. 9-август күнү жаштардын заманбап тою Бишкектеги тойканалардын биринде өттү. Жаш жубайларды куттуктап тойго кыргыз сахнасынын көрүнүктүү жылдыздары жана казак элинин атактуу "Музарт" тобу келишти. Үй-бүлө куруп, бакытка балкып турган Мирбек жаңы жашоосу тууралуу: "Келинчегим экөөбүз кичинебизден таанышпыз. Бирок интернет аркылуу гана ал-акыбалыбызды сурап турат элек. Өзүм жактырып биринчи кадамды таштадым. 2 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп анан баш коштук. Тоюбузга атайын казакстандык коноктор келишти, алар менен мамилем мурунтан жакшы болчу. Сакен Майгазиев "үйлөнсөң барабыз" деп көп айтчу. Чакырсам "баурым, албетте, барабыз" деп, келип кетишти",- дейт. Эки жашка бакыт каалайбыз!