«Дүйнөдө канча өлкө болсо, алардын ар биринин өзгөчөлүктөрү бар. Бул жердин жээгинде адам өзү менен өзү боло алат, ойлорун жыйыштырып, жаңы жашоону баштай алчу жай. Отурган жериңде атүгүл сага чымын-чиркейлер да тоскоолдук жаратпайт. Анткени бул жерде алар таптакыр жок»,- белгисиз туристтин бул сөзү башка планета тууралуу эмес. Сөз Европанын ыраакы түндүк-батышында жайгашкан Исландия тууралуу.
ӨЛКӨ ТУУРАЛУУ:
1944-жылы өз алдынча мамлекет болуп жарыяланган
Борбору – Рейкьявик
Аянты – 103 чакырым квадрат
Калкынын саны – 320 миңден ашуун
Валютасы – Исланд кронасы
Расмий тили – Исланд тили
Башкаруу формасы – Парламенттик республика
БУУ жана НАТОнун мүчөсү
ТААРЫНЫЧКА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ
Исландияга алгачкы ирет баш баккан адамга жергиликтүү тургундар сүрдүү көрүнүшү мүмкүн. Ооба, викингдердин тукумдары башкача көрүнүшпөйт, сыңары. Бирок жакындан таанып-билгенде гана сыйчыл жана жайдары экендиги билинет. Исландия калкы боюнча саны эң аз мамлекеттердин катарында. Алсак, учурда 320 миңге жакын эли бар. Бул көрсөткүч II дүйнөлүк согушка чейин 50 миңди гана түзчү. Калктын саны аз болгондуктан, исланддыктар бири-бирине тааныш же тууган болуп чыга келишет. Андыктан алар катуу урушуп же ажырашып кетишсе да жакшы мамиледе болууга аракет кылышат. Урушуп кетип сүйлөбөй, мамилени таптакыр токтотуп коюу жат көрүнүш. Өлкөдө жайбаракат жашоо, эч ким эч жакка шашылбайт. Статистикага таянсак, исланддыктар узак өмүр сүрүшөт. Орточо жаш курак аялдардыкы – 81 жаш, эркектердики – 76. «Тиги исланддык 100дөн ашыптыр» деген сөздөргө бул жерде эч ким деле таң калбайт.
Ыраакы аралга элдер XI кылымда отурукташа башташкан. Алар Норвегия падышасы Харальд Iден качып, жаңы жашоо издеп келишкен. Аталган аралда убакыттын өтүшү менен жаңы өлкө пайда болгон. Бирок маал-маалы менен бирде Норвегия, бирде Даниянын карамагында болуп турган. Согуш маалында Улуу Британия жана АКШнын оккупациясында болгону менен, 1944-жылы толугу менен көз карандысыз деп жарыяланып, республика аталган.
КОНСТИТУЦИЯНЫ КАРАПАЙЫМ ЭЛ ӨЗГӨРТКӨН
Исландияга 2010-жылдагы окуя көп таасир берген. Анда Исландиянын балыкчы, фермер, дарыгер сыяктуу карапайым эли жаңы Конституцияны жазышкан. Буга себеп, 2008-жылдагы Дүйнөлүк финансы каатчылыгы болгон. 2003-жылдан тарта Исландия банктары жеке менчикке өткөрүлүп, чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен өлкө 5 жыл аралыгында дүркүрөп өнүккөн. Бирок канчалык инвестициялар көбөйгөнү менен, менчик банктардын карыздары көбөйүп отурган. Жыйынтыгында өлкө карызы бир канча эселеп өссө, 2008-жылдагы каатчылык өлкөнүн үч негизги банктарын банкрот кылган. Алар улутташтырылып, инфляция орун алган. Жылдын аягында Исландия өзүн банкрот деп жарыя кылган. Жалпы карыз 3,5 миллиард евродон ашып кеткен.
Карапайым эл муну төлөөгө караманча каршы чыгып, референдум өткөрүшкөн. Анда "чет элдик насыя берген инвесторлордун карызын төлөбөйбүз" деп добуш беришкен. Себеби банкрот болгон банктар менчик болчу, андыктан карапайым калкты төлөтүүгө эч кимдин укугу жок. Дүйнөлүк жана Европа банктары, бир канча Европа өлкөлөрүнүн кысымына карабай, Исландия бийлиги муну колдогон. Анын ордуна карызга батырган банк ээлерин Интерполго өткөрүп беришкен
ИСЛАНДДЫК КЫЗГА ҮЙЛӨНГӨНҮ ҮЧҮН 5 МИҢ ЕВРО ТӨЛӨНӨТ ДЕГЕН КАЛП
Өткөн жылы "иммигранттар Исландияга барып, жергиликтүү кыз менен баш кошсо, айына мамлекет тарабынан 5 миң евро төлөнөт" деген жаңылык желдей тараган. Бул жаңылыктан кийин дүйнө жүзү боюнча көпчүлүк эркектер Исландияга баш багууну көздөп, Тышкы иштер министрлигине миңдеген адамдар сурам жиберишкен. Исландия өкүлдөрү бул жаңылык калп экендигин расмий түрдө айтууга аргасыз болушкан. Чындыгында, «муздар өлкөсүндө» статистика боюнча эркектер менен кыздардын саны дээрлик бирдей.
Исланддыктар интернетти жакшы көрүшөт. Акыркы маалыматтар боюнча, дээрлик ар бир жарандын Фейсбукта баракчалары кездешет.
ТҮНДҮК ЖАРКЫРАГЫ, МИҢДЕГЕН ГЕЙЗЕРЛЕР
Өлкөнүн аты «муздар өлкөсү» деп аталганы менен, анчалык суук деле эмес. Кышында аба температурасы -6га чейин эле жетсе, эң ысык мезгилде +20дан ашат. Жаратылышы өзгөчөлүгү менен арбап алат. Андагы токойлор, муз менен курчалган деңиз жээктери, түндүк жаркырагы жана миңдеп саналган гейзерлер туристтерди көңүл кош калтырбайт. Жергиликтүү элдер "бир аз шамалдуу жана суугураак мезгилди жактырган адамдар үчүн жашоого эң ыңгайлуу жер" деп айтышат.
Төрт тарабын суу курчагандыктан исланддыктардын башкы кесиби балык уулоо. Бекеринен улуттук тамак катары акуланын этинен жасалган хаукарль саналбаса керек. Исландияда гейзерлер көп болгондуктан, аларды иштетүү, пайдалануу иштери жүргүзүлгөн. Муну менен катар өлкөдө алюминий заводдору, туризм, технология жаатындагы иштер өнүгүү жолунда.
Футбол боюнча «Евро-2016» оюндары Исландияда спорт да бар экенин дүйнө жүзүнө көрсөттү. Алардын күчтүү делген Англияны жарым чейрек финалда утуусу жана күйөрмандардын өзгөчө колдоосу көпчүлүктүн назарын бурду.
ТҮРМӨЛӨРҮ БОШ, АРМИЯСЫ ЖОК
Бул мамлекет тууралуу кызыктарды айта берсе толтура. Мисалы, бул жакта кылмыштуулук дээрлик жок. «Тоноп кетет, уурдап кетет» деген сыяктуу күмөн саноо болбогондуктан, исландиялыктар бир жакка чыгарда үйлөрүн ачык таштап, унааларын бекитишпей же балдарын деле кароосуз сыртта калтырып коё беришет. Кылмыштуулуктун жоктугунан өлкөнүн түрмөлөрү ээн калып, ага кээде конгонго жери жок калган туристтер түнөп кетишет. Мындан тышкары бул мамлекетте армия да жок. Аларга тиешелүү милдеттерди жээк кайтаруучулар менен полиция кызматы аткарат. Бирок өлкө аймагында ок атышууга муктаждык жаралбагандыктан укук коргоо органдары курал-жарак көтөрүшпөйт. Эгер кимдир бирөө аскерге барып, кызмат өтөгүсү келсе, Норвегиянын армиясына бара алат. Бул эки өлкөнүн ортосунда аскердик кызмат өтөө боюнча келишим түзүлгөн.