СЕЙРЕК ЖАНЫБАРЛАР МЕКЕНДЕГЕН «ПАДЫША-АТА» КОРУГУ

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу «Падыша-Ата» коругу республикага табиятынын кооздугу менен таанылган. Бул коруктун жолу башка коруктарга салыштырмалуу жакшыраак болгондуктан, унаанын бардык түрү менен барууга болот. Ал жерде жайгашкан «Падыша-Ата» күмбөзү, шар аккан суусу, кооз арча-карагайлары, кызыктуу жайлары менен көңүл бурдурат.

КОРУК ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

• «Падыша-Ата» коругунун аянты
– 30 500 гектар;
• Негизделген жылы – 2003-жыл;
• Кербен шаарынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан;
• Өсүмдүктүн 890 түрү өсөт;
• Сүт эмүүчү жаныбарлардын 30дай түрү жашайт;
• Канаттуулардын 85 түрү корукту байырлаган.

Бул таш 1946-жылы болгон катуу жер титирөө учурунда аскадан тоголонуп келип, сөөк коюлган жайга бир метр калганда токтоп калган. Ошондон бери бул ташка эч ким тийген эмес



«20ДАН АШУУН КЫЗМАТКЕР 3 БӨЛМӨДӨ ИШТЕЙБИЗ»

«Падыша-Ата» коругунун директору Абдразак Назарбеков буларды айтып берди:
– «Падыша-Ата» коругу 2003-жылдын 5-июлунда Авлетим токой чарбасынын негизинде уюшулган. Бул корукту түзүүнүн негизги максаты – ушул аймактагы уникалдуу арча түрлөрүн сактап калуу болгон. Корголуучу жана өзгөчө корголуучу аймак болуп коругубуз 2 аймактык бөлүктөн турат. Илимий бөлүмдө 2 кызматкер, коргоо бөлүмүндө 17 кызматкер эмгектенет. Түркстан, Зарафшан арчасы жана Тянь-Шань карагайлары көп кездешет. Жаныбарлардан Сибирь тоо эчкиси, доңуз, илбирс, суур, сүлөөсүн, карышкыр жана аюу бар. Канаттуулардан бүркүт, кекилик, кыргоол байырлайт. Биз мурун Жайык деген аймакта турчубуз. Ал жакта интернет иштебегендиктен, ылдыйкы айылга көчүп келдик. Азыркы кеңсебиз айыл тургунунун үйү. Убактылуу ижарага алып, иштеп жатабыз. Учурдагы башкы көйгөйүбүз жаңы кеңсе куруу. Бирок ага азырынча каражатыбыз жок. Ошентип 20дан ашуун кызматкер 3 бөлмөлүү үйдө иштеп жатабыз. Коомчулукта арчаларды уурдап сатуу боюнча ар кандай сөздөр айтылат. Бирок андай көрүнүштөргө жол бербегенге аракет кылабыз.

Бул эски үй 20дан ашуун корук кызматкеринин кеңсеси



«ТҮШТҮК КОРЕЯ, БЕЛЬГИЯ, ШВЕЙЦАРИЯДАН ТУРИСТТЕР КӨП КЕЛЕТ»


Арстанбек Калетов
21 жылдан бери коруктун аймагында туристтерди эс алдырып, дарылап келет.
– Жалпысынан корукту көргөнгө, дарыланганга былтыр 8 миңден ашуун адам келген. 2016-жылы Түштүк Корея, Бельгия, Швейцария, Албания жана Германиядан бир топ туристтер келип кетишти. Алар көбүнчө кызыл китепке кирген жаныбарларды көрүү үчүн келишет.
Бул жерди иштетүү максатында 1996-жылы мамлекеттик акты менен алгам. Ал учурда ачык талаа эле. Азыр жүздөгөн дарактарды тигип, токойго айландырдык. Аймакта 86 түрдүү дары чөп өсөт. Ошондуктан жылкы багып, кымыз, саамал менен оорулууларды дарылайбыз.

2-3 адамга ылайыкталган конок үйлөр жыл бою туристтердин кызматында

Тоо аралап агып өткөн дарыянын үстүндөгү бул көпүрө "Падыша-Атанын" символуна айланган



«ПАДЫША АТА САФЕД-БУЛАНДАН КАЧЫП КЕЛГЕН»

Падыша-Ата күмбөзүндө учурда кароолчу болуп эмгектенип жүргөн Шералы Шатманов «бул жайдын «Сафед-Булан» күмбөзү менен байланышы бар» дейт.
– Падыша атанын тарыхы 7-8-кылымдарга туш келет. Орто Азияга ислам динин таратууга келген Мухаммед пайгамбардын урпагы Шах-Жарирдин аскерлеринин арасында Саид Камалиддин Солмони Аль-Фарзи аттуу жоокери болгон. Алар Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылына келип, жума намаз учурунда кыргынга учураганда аман калып, «Падыша-Ата» аймагындагы Миң-Жылкы жайлоосуна качып келип, жергиликтүү тургундар менен жашап калган. Каза болор алдында аны Сафед-Буландагы туугандарынын жанына көмүүнү суранган. Ошондой эле ал шакирттерине табытты жерге койбой көтөрүп баруу тапшырмасын айткан экен. Керээзин аткарууга Сафед-Буланга бара жатып, Падыша-Ата суусуна келгенде кекиликтин балдарына кызыгып шакирттери табытты жерге коюп коёт. Кайра көтөрөлү десе, таштан оор болуп көтөрө албай коюшкан экен. Ошентип сөөктү ушул суунун боюна көмүшкөн деп айтылат. «Падыша-Ата» деп аталып калганынын себеби Шах-Жарирдин эң ишенимдүү, жакын адамы Саид Камалиддин Солмони Аль-Фарзи болуп, ал жок кезде башкарууну өз колуна алган. Аны баары тааный бербегендиктен, падыша деген атка конуп, ал көмүлгөн аймак «Падыша-Ата» деп аталып калган. Күмбөздүн ислам тарыхында орду чоң болгону үчүн зыяратчылар көп келишет.

Күмбөздү оңдоп-түзөө иштери 1998-жылы башталып, 2000-жылы пайдаланууга берилген. Кеткен каражаттын баарын жергиликтүү тургундар өздөрү көтөргөн

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
merim
2017-08-15 14:22:47
Сонун экен
+4
konfetka.medik
2017-08-15 16:06:31
биздин кооз жерлерибиздин бири
+4
Sharipa-asia
2017-08-16 18:27:53
Кооз жерлер өзүбүздө эле
+4
Aizirek0805
2017-08-21 10:06:30
Эң кооз жер.Абасы таза,жаратылышы кооз,таштан-ташка урунуп аккан суунун дабышы,канаттуулардын сайраган үндөрүн уксаң укмуш.
+2
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан