КРЕДИТТЕРДИ КАЙРА КАРЖЫЛООНУН КҮНГӨЙ-ТЕСКЕЙИ

Кредит алуучулар үчүн кийинки кезде бир кыйла жеңилдиктер каралып, улам жаңы ыңгайлуулуктар сунушталып келет. Ал кызматтардан пайдалануу үчүн болгону банктан алган каражатты туура пайдаланып, ак ниеттүүлүк менен кайтарып берүү талап кылынат. Бул ирет сөз кылайын деген маселе да керектөөчүлөрдүн насыя алуусу, тагыраак айтканда, кредитти төлөп берүү үчүн кайрадан каржылануу мүмкүндүгү тууралуу болмокчу. Мындай иш-чаралар ишкерлер менен жарандарга иш жүзүндө канчалык жеңилдик берет? Кайра каржылоонун оң жана терс жактары кайсылар? Ушул сыяктуу суроолорго Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Инспектрлөө башкармалыгынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору Адилет Нурланов жооп берди.

– Алгач кайра каржылоо деген эмне, ушуга токтолуп кетсеңиз...
– Кайра каржылоо – бул иштеп жаткан кредитти жагымдуу шарттарда жаңы насыянын жардамы аркылуу жалпы же жарым-жартылай кайтаруу. Силер бул кызматты пайдаланыш үчүн өзүңөр тейленип жаткан банкка же болбосо башка банктарга кайрылсаңыздар болот.
Кайра каржылоо – кардардын насыялык жүгүн олуттуу азайтуу жана алардын маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк берип, натыйжалуу, ыңгайлуу курал болуп саналат. Бирок чечим кабыл алуудан мурда кредиттик мекемелердин бардык шарттарын карап чыгып жакшылап таразалап, ушундай кредит алуу пайда алып келерин аныктоосу зарыл.

– Кайсы учурда кардар кайра каржылоо кызматынан колдоно алат?
– Кардар адатта кайра каржылоо үчүн банкка тиешелүү болгон бир нече себептер менен кайрылышы мүмкүн. Айтсак:

  • Буга чейин берилген кредиттин шарттары жана талаптары катаал болгондо;
  • Бир нече кредиттерди бир кредитке байлоо зарылдыгы чыкканда;
  • Күрөөдөгү мүлкүн бошотууда;
  • Акча каражатынын басымдуу бөлүгүн алууда;.
  • Алынган кредиттин валютасын алмаштырууда;
  • Кредит боюнча ай сайын төлөмдөрүн кыскартууда.

Жогоруда атап өткөн жагдайлардын эң кеңири кездешкени – бул буга чейин берилген кредиттин шарттары жана талаптары катаал болгон учур. Адатта кредит боюнча банкка ашыкча пайда өтө эле жогору пайыздык чендер же ири комиссиялар менен түшөт. Бул шарттар кардарларга шашылыш түрдө акчага муктаж болгон учурда пайда болот. Жагдай жакшыра баштаганда кардар кредит боюнча оорчулукту азайтууга жана келишимдин шарттарын жакшыртууга аракеттенет.
Ал эми бир нече кредитти бир кредитке байлоо боюнча айтсак, кайра каржылоо схемасы кредит боюнча төлөмдөрүн көзөмөлдөп туруш үчүн гана эмес, ай сайын кредиттик төлөмдөрдү азайтууга жана мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары дагы бир кредит алууга шарт түзүлөт. Бириккен кредиттер алдын ала төлөнүп, кардардын кредиттик тарыхына жакшы таасир калтырат.

– Сиз мындан башка дагы бир нече жагдайдын түрүн санап өттүңүз эле, аларга да токтолуп түшүндүрмө бере кетсеңиз. Мисалы, мүлктү күрөөдөн бошотуу жагдайы кандай учурда талап кылынат?
– Күрөөдөгү мүлктү бошотуу жагдайы көбүнчө банкка күрөө катары керектөөчүлөр ири ишканасын же болбосо унаасын өткөрүп беришкенде каралат. Анткени кээде аларды сатуу же алмашуу зарылдыгы келип чыгат. Мына ушундай болгон учурда күрөө менен кандайдыр бир иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эместигинен, күрөөнү бошотуш үчүн кардар карызды толук төлөп бүткөнгө чейин күтүүсү зарыл. Ал эми кардар кредитин кайра каржылай турган болсо, ал кредит боюнча карыздарын толугу менен жаап, күрөөдө турган мүлкүн бошото алат.
Мындан сырткары акчанын көпчүлүк бөлүгүн алуу жагдайына токтолсом. Кардардын бир нече чакан кредиттери бар болгон болсо, анда банк кардарга жаңы кредит берүүдөн баш тартуусу мүмкүн. Ал эми кайра каржылоо учурдагы иштеп жаткан кредиттерди кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк берет да, кардар жеке муктаждыктарына иштетүү үчүн зарыл болгон акча каражаттарын ала алат.
Ошондой эле алынган кредиттин валютасын алмаштыруу жагдайы да бар. Чет өлкө валютасынын кескин кымбаттап кетиши кредит боюнча төлөмдөрдүн суммасына таасирин тийгизет. Кайра каржылоо программасынын сунушу менен кардардын учурдагы кредитинин валютасын өзгөртүүгө жана башка жагымдуу шарттарды сунуштоого болот.
Ал эми кредит боюнча ай сайын төлөмдөрдү кыскартуу жагдайы кардардын каржылык мүмкүнчүлүктөрү начарлаган учурда кредит мөөнөтүн узартуу жана кредиттик жүктү азайтуу үчүн кайра каржылоо программасы сунушталат. Анын натыйжасында айлык төлөмдөр кыскартылып, кардардын кредиттик тарыхына терс таасирин тийгизбейт.

– Кайра каржылоонун дагы кандай жагымдуу жактары бар?
– Негизги жакшы жактарын карап көрсөк, кайра каржылоонун натыйжасында:

  • Карыз алуучунун кредиттик жүгүн, пайыздык чендерин, айлык төлөмдөрүн төмөндөтүү жана кошумча жыйымдарын кыскартуу менен азайтылат.
  • Кайра каржылоонун арызы болушунча кыска мөөнөттө каралат, анткени кардардын кредит боюнча төлөмдөрү ар бир ай сайын төлөнүп жана кредит боюнча калдыгы улам алмашып туруусу эске алынып, кайра каржылоочу банк берилүүчү кредиттин суммасын эртерээк санап чыгуусу зарыл.
  • Кайра каржылоо үчүн арыз карап чыгуу тартиби жаңы берилүүчү кредит долбооруна салыштырмалуу жөнөкөй.
  • Кайра каржылоо күрөөдө турган мүлктү бошотууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Кайра каржылоо менен кардар башка кредиттик мекемелердеги бир нече кредитти бириктирип алууга, ошону менен бирге төлөмдөрдү азайтуу үчүн мүмкүнчүлүк алат.
  • Кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө аркылуу кардардын кредиттик тарыхын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.


– Кайра каржылоонун кандай терс жактары бар же жокко эсеби?
– Албетте, кайра каржылоонун терс жактары дагы бар. Аларга токтоло турган болсок, мисалы, мурдагы кредиттин өлчөмүн, төлөмүн төмөндөтүү менен кардар бир нече жоготууларга учурашы мүмкүн. Ал үчүн кайра каржылоонун пайдасын алдын ала эсептеп чыгуу зарыл. Мындан сырткары эгерде мурунку келишимдеги кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү боюнча мораторий бар болсо, ал кредиттик туумдарды жана айып пулдарды белгиленген өлчөмдө кайра каржылоо келишиминде камтылышы мүмкүн. Ошондой эле көптөгөн документтерди топтоо зарыл болот. Мында стандарттуу документтердин пакетин эле эмес, карыз берген банктын эсептерин, билдирүүлөрүн чогултуп чыгуу керек. Дагы бир жагымсыз көрүнүш катары банк кардарга татаал талаптарды коюшун айтсак болот. Анткени мурдагы насыянын төлөмдөрүн бир аз кечиктирүү болсо эле банк кардарга кайра каржылоодон баш тартып коюшу мүмкүн. Кайра каржылоо кредиттери кардардын финансылык абалы начарлап кеткен учурда дагы берилбейт.

– Кредитти кайра каржылоо зарылбы?
– Кредитти кайра каржылоо зарыл деле эмес. Бул ар бир кардардын жагдайына жараша болот. Ошондуктан биз дайыма сунуштап келебиз, кредит алуудан мурда сөзсүз бардык оң жана терс жактарды таразалап, андан кийин гана кредитти алуу зарыл деп. Албетте, банктардын башка көптөгөн сунуштары сыяктуу эле, кайра каржылоо кардардын тандоосуна коюлат. Бирок тандоо кылуудан мурун биринчи кезекте жок дегенде жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Эгерде андай эсептөөлөрдү өзүңүз өз алдынча жүргүзө албасаңыз, анда түздөн-түз банк кызматкерлерине кайрылсаңыздар болот.

– Кайсы учурларда банк кредитти кайра каржылоодон баш тартышы мүмкүн?
– Эгерде кардардын учурдагы кредиттик төлөмдөрү боюнча кечиктирүүлөрү же кредиттик тарыхы начар болгон учурда банк карызын кайра каржылоодон баш тартууга укуктуу.

– Кредитти кайра каржылоого бел байлаган кардарга кандай талаптар болушу мүмкүн?
– Жогоруда айтып кеткендей эле, кайра каржылоодо ар бир кредиттик мекеменин талаптары ар кандай болушу мүмкүн. Мындан сырткары талаптар бир гана кардарга эмес, кайра каржылануучу кредитке дагы коюлат. Мисалга алсак:
1. Кайра каржылоо процедурасы мааниси боюнча кредитти ыңгайлуураак шартта кайра каттоо дегенди түшүндүрөт. Демек, кредит алуудагы керек болгон бардык документтердин түрлөрүн (киреше булактары, үй-бүлө курамы, күрөө жөнүндө жана башка ушул сыяктуу толук маалыматтар) талап кылат.
2. Кардар ФКУга кайра каржылоону жүргүзүү максатын толук далилдеп, кайра каржылоо эки тарапка тең ыңгайлуу экенине ынандыруусу зарыл.
Кредитти кайра каржылоодогу эң негизги талаптар жогорудагылар болгон болсо, ал эми финансы-кредиттик уюмдар дагы кошумча шарттарды коюшу мүмкүн. Мисалы, кредиттин мөөнөтү. Кредитти төлөп бүтүүгө аз убакыт калган болсо, финансы-кредиттик уюмдар буга макул болбоосу мүмкүн. Буга себеп, финансы-кредиттик уюмдарга өтө эле кыска мөөнөттүү кредит берүү ыңгайсыз. Ал эми кайра каржылоодо ФКМ, албетте, өз кызыкчылыктарын дагы эске албай койбойт.

– Сиз жогоруда кредиттик тарых жакшы же жаман таасир калтырышы ыктымалдыгын айттыңыз. Анын кардарга карата мааниси канчалык?
– Албетте, өтө маанилүү! Негизинен кредиттик тарых – бул кредит тууралуу финансы-кредиттик мекемелер өз ара бири-бири менен зайымчынын (карызкордун), кредит алуучунун, кепилдик берүүчүнүн карызы жана милдеттемеси, кредиттик келишимдер боюнча милдеттемелерди кандай жагдайларда аткаргандыгы тууралуу маалыматтардын жыйындысы. Кредиттик тарых төмөнкү маалыматтарды камтыйт: качан, канча кредит, кайсы финансы-кредит мекемесинен алынган, мөөнөтүндө алынган милдеттенмелери аткарылган же белгиленген мөөнөттөн өткөрүлүп аткарылганбы, келишимдин шарттары толук аткарылдыбы?
Кредиттик тарыхтарды сактоонун негизги максаты – финансы-кредит мекемелери өз ара потенциалдуу карыз алуучу жөнүндө так жана толук маалыматтарды топтоп, кредит берүүгө жооптуу мамиле кылуу жана бир финансы-кредит мекеменин каражатын башка кредитти жабууга жумшап, жарандардын карыздан карызга чөгүп кетүүсүнө чек коюу болуп эсептелет.
Кредит берүүдө финансы-кредиттик уюмдардын кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүү жолу менен туруктуу финансы-кредит системасын түзүүгө жана көз карандысыз берилген кредиттердин санын статистикалык талдоо кылууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Жогоруда айтылгандай, кредиттик тарых кардарга коюлуучу талаптардын эң башкысы. ФКУнун кардарды кайра каржылоодон баш тартуусуна кардардын кредиттик тарыхынын начар болуусу башкы себеп болушу мүмкүн.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан