КҮНДӨН КАЛКАЛАНУУГА САЛЫНГАН ТЫЮУ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТТЫБЫ?

Коомубуздагы айрым айдоочулар унаасынын айнегин караңгылатып жүрүүнү абройлуу болуунун бир жолу деп эсептешсе, көпчүлүгү аны күнөстүү Кыргыз жергесинде жөн гана күндөн калкалоочу ыңгайлуулук катары көрөт. Өткөн жылдын 18-июлунда өлкөдө унаалардын маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Андан бир жыл өтсө да көчөлөрдө айнектери караңгылатылган унааларды көп эле кезиктирүүгө болот. Коомдун коопсуздугун камсыздайбыз деген ураан менен салынган тыюу бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде өз максатына жетип жатат?

«2000 СОМ АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ»

Караңгылатылган айнектер боюнча мыйзамда кандай эрежелер каралганын Бишкек ШИИББинин патрулдук милициянын башкы башкармалыгынын кызматкери Жээнбек Большевиков айтып берди:
– Кыргыз Республикасынын административдик кодексинин 228-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык, унаанын маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүү мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Унаанын айнегинде аны караңгылатчу плёнка же парда болсо, ошол жерден ал каражаттар сыйрылып, айдоочуга 2000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Айдоочу аны шартына жараша 1 айдын ичинде төлөсө болот. Эгер авто ээлери мындай шартка көнбөсө, ал унаанын жолдо авариялык кооптуу кырдаал жаратып жатканы үчүн административдик протокол түзүлүп, кыймылдуу мүлкү унаа токтотуучу жайга алып барып коюлат. Караңгылатылган айнектер менен жүрүү өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, айрым кызматтык унааларга гана уруксат берилген. Алар:

  • Президенттин;
  • Премьер-министрдин;
  • Жогорку Кеңештин спикеринин;
  • Жогорку соттун өкүлүнүн;
  • УКМКнын 9-башкармалыгынын;
  • «Кыргыз инкассациясы» мекемесинин;
  • Соттолгон жарандарды ташуучу автоунаалары.

«АЛДЫҢКЫ АЙНЕКТЕРДЕ ЖАРЫКТЫ ӨТКӨРҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ 70 ПАЙЫЗДАН КЕМ БОЛБОШУ КЕРЕК»

Унаанын айнектерин караңгылатуунун стандарттарын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу стандартизация жана метрология борбору текшерет. Анын директору Бердимамат Аданбаев буларга токтолот:
– Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламентине ылайык, атайын милдеттүү түрдө аткарылуучу талаптар бар. Ал жерде арткы жана арткы каптал айнектерди караңгылатуу боюнча эч кандай талап жок. Ал эми унаа айдап баратканда айдоочуга жол тоскоолдуксуз көрүнүшү үчүн маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектер караңгылатылбашы керек. Стандарт боюнча, бул үч айнекте жарыктык өткөрүү мүмкүнчүлүгү 70 пайыздан кем болбошу кажет. Аны аныктоо үчүн бизде атайын приборлор бар. Биздин борбордогу атайын адистер унааны асман алдына алып чыгып, айнектеринин жарыкты өткөрүү мүмкүнчүлүгү канча пайызды түзөрүн ченеп, ошол боюнча протокол түзүп беришет. Анын талаптарга туура келерин же келбесин патрулдук милиция өздөрү аныктап алышат. Ал эми заводдон караңгылатып өндүрүлгөн деп айтылып жүргөн унаалардын ээлери айнектерин атайын буйрутма менен жасаткандар. Завод атайын кызматка арналган унаалардын гана айнектерин караңгылатышы мүмкүн. Жалпы колдонууга арналган унаалардын айнектери заводдон караңгылатылбайт.

«МЫЙЗАМ ЭЛДИ КАРАПАЙЫМ ЖЕ ӨКМӨТ ӨКҮЛҮ ДЕП БӨЛГӨНҮ ТУУРА ЭМЕС»

Коомдук активист Айбек Баратов унаалардын айнектери караңгылатылган болсо да патрулдук милиция аны сыйрыганын туура көрбөйт.
– Азыр унаасынын айнегин караңгылатып, мыйзамды сыйлабагандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарында, өкмөттө же дагы башка мамлекеттик кызматтарда иштегендер же алардын балдары болуп жатышат. Мыйзам уруксат берсе, мен деле ошентип караңгылатып алмакмын. Бирок баарыбыздын укугубуз бирдей эмес экен. Негизи мындай шарттар менен эрежелер айдоочунун коомдогу ээлеген ордунан же кызматынан көз каранды болбой, бардык айдоочуга бирдей болуусу керек. Менимче, катардагы жаран же мамлекеттик өкүл, президент деп бир айдоочуну өйдө, экинчисин ылдый коюу туура эмес. Же өлкө боюнча бардык айдоочуга уруксат берилсин, же баарына тыюу салынсын. Ал эми караңгылатылган айнектердин кагаздарын айдоочунун уруксатысыз сыйрууну да туура көрбөйм. Анткени унаа бир адамга тиешелүү мүлк болгондуктан, ага анын уруксатысыз башка адам бир нерсе чаптап же сыйрыганы туура эмес. Бул мүлктүн ээсинин укугун бузууга жатат. Анын ордуна мыйзам бузган адамга 20-25 миң сомдун айланасында айып пул салып койсо жакшыраак жыйынтык берсе керек.

«АКЧАСЫН БЕРСЕ ЖАСАЙ БЕРЕБИЗ»

Унаалардын айнектерин караңгылатып иштеген Нуралы бир күндө бир нече адамдын унаасынын алдыңкы да, арткы да айнектерин атайын кагаздар менен каптап берет.
– Караңгылатуучу каражаттар түрүнө жараша «американка», «граффити», «антиблик», «llumar» жана башка болуп бөлүнүп, сапатына жараша бир унаанын алдыңкы-арткы айнектерин толугу менен каптоо орто эсеп менен 1500-4000 сом болот. Бизге айнектерди толук каптатуу үчүн кардарлар байма-бай эле келип турат. Акчасын берсе, жумуш жүрүп жатканына ыраазы болуп жасап бере беребиз.

«СЫЙРЫСА КАЙРА ЧАПТАТТЫРЫП АЛАМ»

Мерседес үлгүсүндөгү унаасынын бардык айнектерин караңгылатып жаткан Нуралынын кардары өзүн Арзымат деп тааныштырды. «Сүрөтүмдү чыгарбагыла» деген ал "айып пул салышса төлөп, кайра эле караңгылата берем" дейт:
– Азыр маңдайкы айнекти 25 пайыз, калгандарын 75 пайызга караңгылатып жатам. Күндүн нуру көздү ооруткандыктан, күндөн калкалануунун жолу катары айнектерди дайыма ушинтип караңгылатып жүрөм. Мыйзамды бузуп жатканымды билем. Патрулдук милиция тоскондо каршылык көрсөтпөй эле караңгылатчу плёнкаларды сыйрыттыра берем. Анан мыйзам боюнча 2000 сом айып пул төлөп, айнектерди кайра 2-3 миң сомго караңгылаттырып алам.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө алдыңкы терезесин толук караңгылатып алып жүрүү мүмкүн эмес. Бул эрежеге баш ийбеген айдоочулар ар түрдүү өлчөмдөгү айып пул төлөшөт. Алсак, Орусияда караңгылатылган айнектер талапка жооп бербесе, айдоочуга биринчи жолкусунда 500-1500 рубль, экинчисинде 5000, Казакстанда айнекти караңгылатуу боюнча эрежеге баш ийбеген айдоочулар
11 000 теңге айып пул төлөшөт.

ЭМНЕ ҮЧҮН УНАА АЙНЕКТЕРИ КАРАҢГЫЛАТЫЛАТ?

  • Унаанын салонун жана андагы адамдарды күндүн нурунан коргоп, салондун бат ысып кетишине тоскоол болот. Мындан улам керектөөчүлөр унаанын аба муздаткычын азыраак колдонуп, аны менен күйүүчү майды үнөмдөй алышат;
  • Сырттан караган адамга салон көрүнбөгөндүктөн, унаада калган буюм-тайымдарды уурдатып алуу коркунучу азыраак болот;
  • Эгер айнек караңгылатуучу плёнка менен капталган болсо, автокырсык учурунда айнек чачырап кетпей, плёнкада калат.

Кыргызстандын аба ырайы жай мезгилинде катуу ысыгандыктан, күндүн нуру айдоочуларга, өзгөчө алыс жолго унаа айдап иштегендерге ыңгайсыздык жаратат. Мындай учурда унаанын айнектерин караңгылатуу күндөн калкалануунун бирден бир жолу. Бул тыюу кылмыштуулуктун алдын алууга канчалык жардам берери, айнегин караңгылатып алганы үчүн канча жол кырсыгы катталганы тууралуу статистика жок. Демек, айдоочулардын ыңгайына, өлкөбүздүн климатына карап айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизилсе, жолдо жүрүү кайсы бир деңгээлде жеңилирээк жана ыңгайлуураак болот беле? Эл өзүнүн муктаждыгына тыюу салган мыйзамга баш ийип, мамлекеттин чөнтөгүнө айып пул катары акча салып жатканы канчалык туура?

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
tuki
2017-08-15 14:07:19
Туура алдынкы каптал айнегин карангылатканга уруксат берсе жакшы болот эле жылына налог толоп деле беришмек айдочулар жылына 100 доллар деп бул маселени Данияр Дербишалиевич которуп журбоду беле
+6
voennyi88
2017-08-15 23:39:08
Арзымат жакпай калдын мага.
+1
datkayimjan
2017-08-16 10:01:02
Арзыматтын акчасы аябай коп окшойт ээ
+1
Targarien
2017-08-16 16:12:00
Жол кырсыктарын азайтуу учун камераларды коюу керек жолдорду ондоо керек ашыкча адам жуктогондорго тыюу салуу керек Карангылатууга тыюу салуунун кереги жок
+3
Arlenchik
2017-08-16 19:43:13
Уруксат берсе баарына, болбосо баарына бербей койсо жакшы болмок бирдей мыйзам кабыл алып, анын эч кандай терс жагы жок кундон коргойт жакшы жагы коп, чаптачулар мындайле мыйзамсыз чаптап журушот аларга алы келбегенден кийин жылына налог катары каражат толотуп баарынале уруксат берип салбайбы.
+2
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан