Нурлан Насип, ырчы: «АЛГАЧКЫ УНААМДЫ 1 АЙ ГАСТРОЛДОП ЖҮРҮП АЛГАМ»

Маек куруу үчүн атайын Ысык-Көлдө эс алып жаткан жериңден келдиң. Мындай алыс жолго өзүң рулга отуруп көп чыгасыңбы?
– Бул унаам менен Токтогулга анан Ысык-Көлгө эле баргам. Мындай машиналарга өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керек деп ойлойм. Гастролдорго айдай албайм, себеби айылдарда ар кандай жолдор болот, жакшысы шаардын ичинде эле айдаганым оң го. Ал эми мекенибиздин булуң-бурчуна концерт койгону барганда атамдын унаасы менен барабыз. Себеби ал чоңураак, көп киши батат. Рулга сахналаш досторум менен кезектешип отурабыз, жалгыз өзүм өтө алыс жолго айдабайм.

– Учурда айдап жүргөн унааңа чейин канча машина алмаштыргансың?
– Бул 5-болуш керек. Буга чейин түрдүү унааларды айдап көрдүм. Алгачкы унаамды Сыймык Бейшекеев менен 1 ай чогуу Орусияда гастролдоп жүрүп ошонун акысына алгам. Байке мага «1 ай гастролдо, анан сага унаа алып берем» деген эле. 1 айдын кандай өтүп кеткенин деле билбейм, машинаны элестетип эле жүрдүм окшойт. Ал унаамды эстегенде жылуу сезимдер пайда болот. Баары бир биринчим эмеспи. Жумушум жок болсо деле рулга отуруп айдагым келе берчү. Жөн эле унаанын ичинде отургандан ырахат алчумун.

– Айдоочулук күбөлүктү окуп алдыңбы?
– Чындыгында машина алганда күбөлүгүм жок болчу. Бирок айдоочулук тажрыйбам жакшы эле болуп калган эле. Себеби Бишкектеги ресторандардын биринде көпкө чейин официант болуп иштеп жүрдүм. Ал жердеги күзөт кызматкерлери келген кардарлардын машинасын унаа токтотуучу жайга коюшат го, аларга жардамдашып жүрүп жакшы эле айдап калгам. Унаа алганда батыраак айдагым келип шашылып сатып алууга туура келген. Бирок жол эрежелерин жакшы билем.

– Унаа айдоону сага ким үйрөттү эле?
– Ал адам эсимде калбаптыр. Мен унаа айдоодон мурун мотоциклди айдап үйрөнгөм. Атамдын мотоциклин 7-класстан тартып айдадым окшойт. Азыр эстесем анын педалына бутум араң жетчү экен. Кыйналганыма карабай кызыкканым үчүн үйрөнүп кетсем керек. Мотоциклди күн ысык маалда айдасаң бетиңе муздак шамал тийип сонун болот. Кыялымда келечекте учак айдап көргүм келет. Ал дагы өзгөчө керемет сезимдерди тартууласа керек деп ойлойм.

– Ар бир буюмга кам көрүш керек, сен кандай карайсың машинаңды?
– Техникага өтө жакын жигит эмесмин. Ошондуктан унаа сатып алардын алдында досторум менен кеңешем. Буга чейинки машинамды билбей эле кымбат сатып алыптырмын. Сатып алган соң дөңгөлөктөрүн алмаштырдым, эки жагын караттым, баарын кошуп 17 миң доллар коротком. Кийин унааны жакшы билген тааныштарым анын арзаныраак турарын айтып калышты. Өкүнүчтүүсү ошол машинамды 7 миң долларга сатканым болду, мындайда ичиң ачышат экен. Азыр досторумдан сурасам "бул үлгүдөгү унаа жакшы, тиги унаа көп бузулат" деген кеңештерин беришет. Мен болсо сырткы келбетине карап эле тандайм. Ал эми кам көрүүгө келсек, өзүм жууп тазалаганга убактым жок, унаа жуугуч жайларга барам. Анын үстүнө өзүм жууйм деп бир жерин чийип аламбы деп корком. Оңдотууга келсек, анда деле атайын өз ишин билген усталарга кайрылам.

– МАИ кызматкерлери менен мамилең кандай?
– Жаңы ырчы болуп чыгып жатканда МАИ кызматкерлерине кармалсам плакаттарымды берип, ырларым жаздырылган диск карматып эптеп кутулуп чыкканга аракет кылчу элем. Себеби ал учурда мени эл анча таанычу эмес да. Сахнага чыкканыма 7-8 жыл болуп, азыр эми таанып калышпадыбы, «сендей инилерибиз элибизге керек» деп МАИ кызматкерлери коё беришет. Мындай учурда жүрөгүм жылып кубанып калам.

– "Жигит кызды сүйсө, унаасын айдатканга макул болот" дешет. Буга кошуласызбы?
– Мен айдайм дегендерге бере берем. Айдап үйрөнүп кетишпедиби (күлүп). Карындаш, эжелериме деле өзүм кээде үйрөтүп калам.

– Рулда отуруп өзүңдүн ырларыңды угасыңбы?
– Эгерде жалгыз болсом өзүмдүн ырларымды угам. Анан бирөө жарымдын көзүнчө өзүмдүн чыгармаларымды уксам кызыктай абалда боло берем. Себебин түшүнбөйм.

– Алыска гастролдоп көп чыгасың. «Жол азабы – көр азабы» деп коюшат эмеспи.
– Чын айтылган сөз. Кыйынчылыктар аябай көп болот. Мисалы, мына жакында эле Таласка концерт коюп барып, концерттен чыксак машиналарыбыздын дөңгөлөктөрүн кесип кетишиптир. Мен аны байкабай эле айдап жиберип, дөңгөлөгүм кырчылып кетти. Түн ичинде кимге барып жардам сурарыбызды билбей турсак жергиликтүү адамдар жардам беришти.

– "Учурда айдап жүргөн унаасын Нурлан Нурмат Садыровго атаандашып жүрүп алган" дешет...
– Чын эле Нурмат ушундай машина айдайт эле. Бирок атаандашкан эмесмин, ал досум катары "ушундай ал" деп мага сунуштаган. Кудайдан коркпой ушул сыяктуу кептерди айткан адамдарга таң калам. Ал менин досум болсо, кантип Нурматка атаандашмак элем?

– Ылдамдыкты сүйгөн айдоочулардын катарына киресиңби?
– Мен машинаны катуу айдап ырахат алгандарды түшүнбөйм. Албетте, бизде деле ылдамдыкты жогору кылып айдоого муктаж болгон учурлар болот. Бирок андай кадамга жумушума гана байланыштуу барам. Өзүм жай жүрүп баратып ыр укканды жактырган айдоочумун.

– Жолуң ар дайым шыдыр болсун.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насип: "Бир күндө унаама 1000 сомго күйүүчү май куям"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
asha302
2017-08-16 22:15:36
Жөнөкөйү жөнөкөй дечи, бирок кичине лапша илип койгон жери барбы бейм? Мурдагы интнрвьюсунда Асельге iphone белек кылган эмесмин десе, мунусунда машина айдагаганды ким үйрөткөнү эсимде жок дейт. Кантип?
-1
Ali-han
2017-08-17 01:40:04
Тиштери онолуп калганбы???
0
Zina95kg
2017-08-17 02:31:09
Алла озу колдосун сизди.Иштеринизге ийгилик!
+1
Benazir08
2017-08-17 02:52:54
Азамат го бирок так даана суйлобопсун. Кантсе да ырларыны жакшы угам ширин ырдайсын. Бирок Нурлан гулгон голосун эч жакпады же мумкун мага калааты угулгандыр... Айылга гостролго айдабайм дейсин жол бизде аябай жакшы жымындап келесин биз деле сеникиндей машина эле минип журобуз андай болсо Алайга келип кет
0
Perish_
2017-08-17 03:55:21
Жакшы таланттуу ырчы, ырлары абдан жагат. "Таттуу махабатым" деген ыры менен даагыле ооруп журом))Асель менен тойу качан болот экен? Иштеринизге ийгилик!
0
Mirgul.1
2017-08-17 09:01:14
Молодец ак эмгек менен алган унаан кут болсун. Боодо кырсыктан алыс бол! Сен элдин баласысын!
+1
karona12
2017-08-17 11:07:07
Мага жаштардын машина айдап жургону кызыксыз,мага улуу муундагы ырчы айымдардын айдаганы кызык,ошолорду корсотсонор жакшы болмок.
0
Altysha_kg
2017-08-17 13:13:07
Жөнөкөй жигит
+1
Gulia89
2017-08-17 14:19:54
Молодец ишине ийгилик
0
Luna15
2017-08-17 20:28:07
коментарий жазгандар ойлонсонор,27жаштагы бала 1 эмес 2уй алды кычырата салып ата-энесин кочуруп келип киргизип койду,машинадан машина алмаштырып акчаны таап,кооп кетпей бир калыпта журот,талант десенер таланты бар.Азыр 27деги анча мынча балдар уй эмес озунун фамилиясын таппай жургондор канча
+6
Bella1
2017-08-18 04:09:43
Азаматсын! Нурлан бешене тер,ак эмгек менен таап минген унааң кут болсун! Ак жолтой машина болсун.Кыргызстанда сендей таланттуу,жөнөкөй,мырзаларыбыз көөп болсун!!!))
+2
Barclays_CR7
2017-08-20 12:30:26
Тилеке каршы Супердин кийинки санында деле кайрадан Нурлан экен эх эх эх
-1
Ermekbai
2017-08-20 12:30:54
Айдоочулук күбөлүгүмү сатып алгамын дейт ушундайларды жоопко тартуу керек.
-2
Aselya_9105
2017-08-20 12:46:32
Ушундай жигиттер Кыргыз элимде көп болсун. Жөнөкөй, жылдыздуу жигит. Сен мага жагасың.
+1
Tatty11
2017-08-21 23:59:49
Ырлары соонунда
0
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан