Стринг-арт стилинде (мык менен жипти колдонуп) сүрөт тарткан кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Монголиянын президенти менен жолугуп, президентке өзүнүн портретин тапшырды. Өнөрпоз алгачкы эмгеги жана стринг-арт ыкмасы менен сүрөт тартууга болгон кызыгуусу тууралуу биз менен маек курду.
– Сиздин ийгилигиңиз бизди да кубандырды. Айтсаңыз, Монголиянын президентин тартуу идеясы кайдан келди жана ал жакка жетүү кыйын болдубу?
– Рахмат, элимдин колдоосуна ыраазымын. Менин башкы максаттарымдын бири – 70 өлкөнүн тарыхый инсандарынын портретин тартуу. Ошондуктан мен тиги өлкөгө барышым керек, ушуну тартышым керек дебейм. Каалоом болсо эле эмгек жарата берем. Ал эми Монголияга 8 күндө жеттим. Кыйынчылык болгон жок. Себеби буга чейин алыскы сапарларга жөө чыккам, 20 күндөп жол жүргөн убактарым болгон. Каражат жаатынан деле маселе жаралбайт, жардам бергендер бар.
– Президент Халтмаагийн Баттулга менен жолуккандан кийин сизде ал тууралуу кандай сезимдер калды?
– Баттулга мырза да мага окшоп сүрөт тарткан, эскиз чийген чыгармачыл инсан экен. Жумуш убактысы бүткөндөн кийин иш ордунда калып карандаш менен сүрөт тартарын айтты. Ошондой эмгектеринин бирин мага тартуулады. Ал жөнөкөй, кичи пейил, адамгерчиликтүү инсан катары жылуу сезимдерди калтырды. Монгол президентинин "Эч качан токтобо!" деген сөзү мага стимул болду. Ошондой эле кыргызстандык мекендештерге салам-дубай жолдоп, Кыргызстанда да достору бар экенин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле күчөй берсин деген тилегин айтты.
– Стринг-арт ыкмасы менен сүрөт тартууга эмне түрткү болду?
– Мындан 2 жыл мурун,
29 жашымда жата бербей эмгек кылышым керек, артымда из калсын, эмне кылсам тарыхта айтылып калам деген ой болду. Көпкө ойлонуп, Кыргызстандын тарыхый жерлерин кыдырып, «29-күз» деген китебимди жаздым. Анан май боёктор менен сүрөт тарттым. Бирок башкача нерсе жаратыш керек болду. Бала күнүмдө үйдүн дубалына мык кагып, анан зым ороп шыбаганыбызда кандайдыр бир сүрөттөр пайда болчу. Ошол нерсени илип алып, мык менен жиптин жардамы менен сүрөт тартууга кириштим.
– Алгачкы жана жалпы эмгектериңиз тууралуу маалымат берип өтсөңүз?
– Алгач эле кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон баштадым. Ошол маалымат тарагандан кийин буйрутмалар болду, бирок бизнес кылуудан баш тарттым. Мен акчага кызыгып кетсем, максатым ишке ашпай калмак. Андан кийин президент Алмазбек Атамбаевдин портретин тарттым. Кийинки эмгегим Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун атасына арналды. Грозный шаарына велосипед менен 20 күндө жетип, тапшырып келгем. Ал жактан Москвага, Питерге жөнөп кеттим. Владимир Путиндин,
Пётр Iдин портретин тарттым. Мындан тышкары, Дубайдын желегиндеги 7 эмираттын шейхтеринин портретин 3 айда тартып бүттүм. Жалпысынан 16 эмгегим бар. Анын арасында залкар манасчы Саякбай Каралаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана башка тарыхый инсандарды тарткам.
– Владимир Путин, Рамзан Кадыров менен жолугууга мүмкүн болбой калган эле...
– Орусиянын президентинин портретин «Белек фонду» кабыл алып, азыр президенттин резиденциясында турат. Ал эми Рамзан Кадыров кабыл ала элек. Буюрса, август айынын аягында жолугушууну пландап жатабыз.
– Бир портретке канча килограмм мык, канча метр жип кетет?
– Портрет стандарт болгону менен кишилер стандарт эмес. Бирөөнүн сакалы бар, бирөөнүн чачы жок дегендей. 1-2 жарым килограммга чейин мык, 1000-2500 метрдей жип керектелет. Бир эмгекке 7-10 күн коротом.
– Портреттин көлөмү кандай болот?
– Негизи мен стандарттуу эле жасайм. Узуну 2 метр 44 сантиметр, туурасы 1 метр 22 сантиметр.
– Бир кезде устат болуп, балдарды окуткам дегениңиз бар. Азыр чет өлкөлөргө көп чыгып жатасыз, балдардын окуусу токтоп калдыбы?
– Алгачкы эмгегимден кийин буйрутма кылгандар, үйрөнөбүз деген жаштар көп болду. Анан каалоочуларды чогултуп, атайын ийрим ачкам. Үйрөнгөндөн кийин балдар келбей коюшту. Ошондон бери устат болуу ишим токтогон. Балдарга дайыма «акчага кызыкпагыла, атыңарга иштегиле» деп айтчумун. Мен акчага кызыкпайм. Чет өлкөлөрдөн жакшы сунуштар түшөт, бирок максатыма жетмейинче иштешпейм.
– Ийгилик каалайбыз! Мекенибизге аман-эсен келип алыңыз!
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg