ЭНЕ... (Кароосуз калган наристенин тагдырын баяндаган фотороман)

Эне болуу биринин тагдырына жазылат, экинчисиникине жазылбайт. Бирок тагдыр жазса да айрымдар энелик кылуу бактысын сезе албайт. Биздин каарман Арууке жаш болгонуна карабай наристени оор турмуштан, көчө жашоосунан алып чыгып кеткенге аракет кылды. Көп курмандыкка барды, жашоо, коом каршы чыкса да, наристе үчүн эне болгонго аракет кылды. Бирок баары ал ойлогондой жеңил эмес эле... Эмесе, окуя башынан болсун.

1)
– Атым Арууке. Университетти бүтүп, ишке орношуп, кадимки жай турмуш менен жашайм. Айлыгым өзүмө жетет. Бирок курбуларым айткандай, эски замандан адашып келип калган жанмын. Мисалы, курбулар менен ушакташуу, түнкү клубга баруу, жигиттер менен таанышуу дегенге кызыкпайм. Эми таптакыр жок эмес, бирок... Негизги маршрут үй жана иш.

2) – Чарчаганда кеңсенин терезесинен сыртка көз салганды жакшы көрөм. Ылдыйды карасам ар дайым бир көрүнүш көзүмө түшөт. Эки селсаяк ушу тегеректе көп жүрөт, аялы-күйөөсү. Алардын жанында 7-8 жаштардагы кыз ээрчип жүрөт. Тиги экөө бирде шынарлаша колтукташып басышса, бирде көчөдөн деле тытышып кетишет.

3) – Кичинекейдин булардын жанында эмне иши бар? Байкасам,
тиги аялды кыз «апа» деп чакырат, жанындагысын «байке» дейт. Демек, атасы ал эмес.

4) – Тагдырбы же башкабы билбейм, бирок мен кичинекей кызды улам бир жерден көрө бердим. Көбүнчө маанайы жок жүрөт, кээде бөтөлкө терип, кээде дүкөндөн соода кылып өзүнөн чоң, оор нерселерди көтөрүп жүргөнүн көрчүмүн.

5) – Мен өзүмдөн улам аракеч эне менен жашоо кандай тозок экенин билем. Атам каза болуп, апам ичип кетип, мени 10 жашымдан тарта апамдын эжеси багып чоңойткон. Андыктан көчөдөгү жашоонун таасири кандай болорун өз жон терим менен сезгем. Ал кыз менин мурунку жашоомдун элеси болчу. Аны көргөн сайын ыйлагым келип, тамагым буулуп кетет.

6) – Бир айдан соң мен анын көчөдө уктап жатканын көрдүм. Өтүп кете албадым. Байкушум, ысыкта отургучка келип уктап калыптыр. Жанына отуруп чачынан сыладым.

7) – Аяна дароо мага көнүп, экөөбүз көп убакытты бирге өткөрчү болдук. Апасынын кызы менен иши да жок. Мен Аянага тамак берип, үйгө алып барып, кээде меникинде түнөп калчу болду.

8) – Бир нече күн Аяна жок болуп кетти. Ал жатып калчу отургучтан, алар жүрчү көчөнүн бурчтарынан издейм, бирок жок. Ага ушунчалык көнгөн экем, кабарын ала албай жинди болуп кете жаздадым.


9) – Бир күнү алдымдан чыкты. Атымды билбесе керек, «апа» деп кыйкырып жиберди негедир. «Алтыным, сени мен бул адамдарга кор кылбайм. Мындай жашоо сендей зирек кыздар үчүн эмес. Мен сени куткарам» деп жаттым ичимден.

(Уландысы кийинки санда)

АЯНАНЫН ТАГДЫРЫ ӨЗГӨРҮЛӨБҮ?
КЫЗ ҮЧҮН АРУУКЕ КАНДАЙ КУРМАНДЫКТАРГА БАРАТ?

Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Altynbekova.01
2017-08-15 14:01:10
Бул жагы туркчо киного...мама деген кино
+2
biznes
2017-08-15 16:49:06
И ооба туркчо кинонун эле озуго. Бирок толук көргөн эмесмин. Баш жагы ушундай болчу
+3
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан