САЙМАЛУУ-ТАШ –АСМАН АЛДЫНДАГЫ ТАБИГЫЙ ГАЛЕРЕЯ

Кыргыз жеринде ары кызыктуу, ары сырдуу тарыхый жайлар көп. Алардын ичинде түпкү мааниси ушул убакка чейин белгисиз бойдон келе жаткан, сыры толук ачыла элек аймактар бар. Алардын бири – Саймалуу-Таш петроглифтер галереясы.

Ээлеген аймагы –
болжол менен 7-10 гектар
Бийиктиги – деңиз деңгээлинен 3200-3400 метр
Таштардын саны – болжол менен 10 миңдин айланасы

Жалал-Абад шаарынан болжол менен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Саймалуу-Таш коругу дүйнөдөгү ири петроглиф галереяларынын бири болуп саналат. Ачык асман алдында жаткан жүздөгөн таштардын бетине түшүрүлгөн айрым белгилерди түшүнүү кыйын. Бирок жан-жаныбарлардын, адамдардын сөлөкөттөрү жана башка символдор кыргыздын ошол доордогу жашоо тиричилигин, маданиятын, коомго, жаратылышка болгон түшүнүктөрүн чагылдырат. Тарыхчылардын айтымында, андагы таш бетине түшүрүлгөн жазуулар, белгилер жана сүрөттөр 7-10 миң жыл
мурда жазылган.

«ЮНЕСКОНУН ТИЗМЕСИНЕ КИРГЕН ЭМЕС»

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов «Саймалуу-Таш комплекси ЮНЕСКОнун мурастарынын катарына, «Гиннесстин рекорддор китебине» кирбегени өкүндүрөт» дейт:
– Эгерде эл башчылары жерин даңазалаганга акылы жетип аракет кылганда дүйнөдө теңдеши жок Саймалуу-Таштагы байыркыдан калган сүрөттөр «Гиннесстин рекорддор китебинен» эчак орун алмак. Бул таш бетиндеги сүрөт галереясында 15 миңден ашуун ар кандай сүрөттөр чегилген. Мына ушундай уникалдуу тарыхый жай эмдигиче
ЮНЕСКОнун тарыхый баалуулуктарга ээ мурастарынын тизмесине алынбай келет. Бул жердеги байыркы сүрөттөрдү кыргыздар эзелтеден эле ыйык тутуп келишкени менен, илимий чөйрөгө 1902-жылы гана белгилүү болгон. Аны падышалык Орусиянын төбөлдөрү угуп калып, топограф Николай Хлудов Саймалуу-Ташка атайын барып, сүрөттөрү менен таанышып чыккан соң чогулткан материалдарын Ташкентте чыгуучу жыйнакка сунуштаган. Мына ошол жыйнактагы макала Саймалуу-Ташты илимий чөйрөгө тааныткан. Кийин 2001-жылдын 25-майында бул аймак Саймалуу-Таш мамлекеттик улуттук жаратылыш сейил бак макамына ээ болуп, ошондон бери коргоого алынып келет.
Саймалуу-Таштагы таш бетиндеги сүрөт галереясына 4 чакырымга чукул жерди чукуп, алтын казуу боюнча маселе коюла баштады. Эгерде бул маселе чечилип калса, анда биз келечекте Саймалуу-Таштай дүйнөдө теңдеши жок керемет мурасыбыздан айрылып калышыбыз мүмкүн. Биз бул жайдагы таштарды келечек муунга түгөлү менен сактап, өткөрүп беришибиз керек. Анткени таш бетиндеги айрым сүрөттөрдүн омкорулуп алынып кеткенине күбө болсок, кээ бир таштардагы сүрөттөрдү атайылап өчүрүү аракети байкалат. Бул Саймалуу-Таштагы уникалдуу сүрөттөрдүн келечегине зор коркунуч жаратат. Аны менен кошо тарыхыбыз талкаланат.

«ЖАКТЫРБАГАН АДАМДЫ ЖАКЫНДАТПАГАН САЙМАЛУУ-ТАШ»

– 5 жыл мурда Саймалуу-Ташка барганымда, ал жердин өзгөчө сырларга ээ экенин, жактырбаган адамын нөшөрлөгөн жаан менен тосуп алып, артка кайтууга аргасыз кыларын бизди коштоп жүргөн киши айтты. Беш-алты саат дегенде гана 3 миң метр бийиктикте орун алган асман алдындагы сүрөт галереясына кыйынчылык менен жеттик. Саймалуу-Ташка жетүүнүн мындай катаалдыгына бир чети сүйүндүк. Жол оңой болгондо эмдигиче эчендеген сүрөттүү таштар чет өлкөлөргө сатылып, таламайга кабылмак.

«ТУРИСТТЕР ҮЧҮН ШАРТТАР ТҮЗҮЛГӨН ЭМЕС»

Аталган корукка барып келгендердин бири Нуржан Алымканова Саймалуу-Таш комплексинин күнгөй-тескейин минтип айтат:
– Саймалуу-Ташка бир нече жыл бою барууну кыялданып жүргөм. Анан атайын өзүм экспедиция уюштуруп, көксөөмдү ишке ашырдым. Мындай жерге жалгыз барууга батынмак эмесмин. Ошондуктан досум жана устатым, кыргыз тоолорунун сырын мыкты билген Ирина Романовская менен чогуу чыгууну туура көргөнбүз. Бизге Польшадан келген туристтер кошулуп, төртөөбүз чыктык. Бул тарыхый жай аба ырайына байланыштуу жыл бою жабык туруп, августта гана 1 айдай убакытка ачылат. Казарман айылынан корукка чейин унаа менен 1 саатта, андан өйдө ат менен 3 саатта чыктык. Тоо-таш, мөңгүнү басып, көздөгөн жерибизге да жеттик. Ал жердин кооздугу сөз менен айтып жеткиргис. Таштанды жок, таза болгону менен, вандализмдин ал жакка да жеткенин көрүүгө болот. Баргандар петроглифтердин жанына өз ысымдарын жана башка туш келди сөздөрдү жазып кетишкен. Туристтер көп экен. Бирок аларга арналган карта же багыт берүүчү баракчаларды көрө алган жокпуз. Атайын Саймалуу-Ташка чыгуу үчүн ижарага 1000 сомдон берилген жылкылардын да абалы начар экен. Негизги маселелер ушулар болбосо, жалпысынан керемет жер.

САЙМАЛУУ-ТАШТА МАНАС АЙТЫЛДЫ

Ушул жылдын 7-августунда «Жибек Жолунун ак конушу» долбоорунун алкагында Саймалуу-Ташта биринчи жолу багыттуу түрдө манас айтылды. Долбоордун жетекчиси Гүлжан Иреш: «Саймалуу-Ташка 11 адамдан турган топ барып, ал тарыхый жайда түлөө өткөрүп, ата-бабалар баскан жерге таазим этип, бата сурадык. Манасчылар Камил Мамадалиев, Кутман Борончу уулу, Нурлан Талантбеков манас айтышты. Долбоор буга чейин Европанын 5 мамлекетине кыргыздын көчмөн маданиятын көрсөтүп келген, эмки кезекте чыгыш өлкөлөрү (Япония, Тибет, Монголия) турат»,- дейт. Ал буга чейин Саймалуу-Ташка 8 жыл мурун барганын, бирок бул жолу барганында таштардын мурдагыдан азайып калганын байкаганын билдирди. «6 саат төмөндө жайгашкан корукчулар Саймалуу-Ташты болгону эки ат менен көзөмөлдөшөт экен. Чет элдик туристтер тик учак менен келип, түнөп кетип жатышат. Алар ташты алып кетпей жатканына ким кепилдик бере алат?»,- деп суроо салат Гүлжан Иреш.

Тоонун үстүндөгү бул көл бир ракурстан караганда жүрөкчөнү элестетет.

Таш бетине түшүрүлгөн белгилер ата-бабалардын ошол кездеги турмушун чагылдырат.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg
(Айрым сүрөттөр Нуржан Алымканованын архивинен алынды)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
satiev87
2017-08-22 12:37:22
кудай насип кылса келечекте созсуз барам.
+7
Nargiza1987k
2017-08-22 13:00:32
Сактап калышыбыз керек мындай жерлерибизди
+9
suuperi
2017-08-22 14:04:04
kelgile men tosup alam
+5
suuperi
2017-08-22 14:04:40
men tosup alam kelsener
+2
emmasha
2017-08-22 17:16:31
Ушул жайды коргону бизге да насип этсин.
+1
Beka.kaba
2017-08-22 17:43:02
Келгиле тоо жакта жашайм тозуп алам
+1
Beka.kaba
2017-08-22 17:43:54
Насип етет конул буруп келсенер
+1
aiym96
2017-08-22 18:54:00
Аябай кооз экен, жанынан коруу бизгеда насип этсин.
+1
Uhtishka.
2017-08-22 19:15:37
Баргым келдии ,кайда тирилик деп журуп жада калса Кыргызстандын да, кооз жерлерин коруу насип кылбайт ((
+4
myrzaym
2017-08-22 23:01:51
Аллах насип кылса барабыз!
+2
bazar
2017-08-25 09:54:34
Эротикалык мааниде дагы сүрөттөр чегилген дешет, мүмкүн ошол сүрөттөрдү өчүрүп салышкандыр.
0
aylin_kg
2017-08-27 04:05:52
bazar,мааниси кандай болбосун бул суроттор тарыхый,коздун карегиндей сактоо керек!
0
Girl1996
2017-08-25 12:58:01
Koldo bar altyndyn kadyry jok degen ushul eken daaa
+2
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан