БУЛ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО ЭҢ ЖАШ ТАЛАПКЕР КУБАН ЧОРОЕВ "ПРОЦЕНТ ЖАНА СҮТКОРЛУК ЖОК АКЫЙКАТ ЭКОНОМИКА" АТАЛЫШТАГЫ ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ЧЫГЫП ЖАТАТ!

Төмөндөгү 4 илимий-монографиялык эмгектери 2016-жылы Орусияда басылып чыккан:

1. Манифест о денежной реформе
2. Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести
3. Фундаментальные проблемы денежной системы Кыргызстана. Новая концепция «Алтын сом»
4. Происхождение кыргызов с точки зрения генеалогических преданий и популяционной генетики
Мамлекеттик тил боюнча экзаменден 80,3 балл алды.

ӨМҮР ТАРЖЫМАЛЫ:
Кубан Чороев 1981-жылы Талас районунун Ивано-Алексеевка айылында жаш кызматкерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Чороев Аманбек Кудайбергенович Ички иштер министрлигинин запастагы полковниги, учурда ардактуу эс алууда. Апасы Касымбекова Алматай Сатымбековна физик-математик, педагог, учурда Бишкек шаарындагы Улуттук компьютердик гимназиясына караштуу балдар интернатынын башчысы.
Кубан Чороев саруу уруусунун курамына кирген Бердике баатыр, Сатыкей баатыр, Ажыбек датка, Нурак датка, Кыдыраалы датка, Сатылган датка, Жанкороз олуя жана залкар акын Эстебес Турсуналиев чыккан алакчын уругунан болот.

БИЛИМИ:
1998-жылы Бишкек шаарынын №12 мектеп-гимназиясын аяктаган Кубан Чороевдин эки жогорку билими бар. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-европа факультетин аяктаган (экономист). 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча магистрлик даражасын жактаган.

ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДАГЫ КЫЗМАТЫ:
2004-жылдан баштап Эл аралык республикалык институттун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө (ЮСАИДдин демократияны жана саясий партияларды өнүктүрүү долбоору) башкы финансы-эсептөө кызматкери, операциялык директору жана башкы каржы-экономикалык аналитик кызматтарын аркалаган.
2013-2014-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө операциялык бөлүмүнүн финансисти.
2014-2015-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) алкагында Нарын облусунун «Бирдиктүү соода брендин» иштеп чыгуу боюнча эксперт. Нарын облусунун бирдиктүү соода брендинин концепциясынын автору. Учурда "Байыркы көчмөн цивилизациясы" коомдук фондунун төрагасы жана Кыргызстан тарыхчылар ассоциациясынын мүчөсү.

Аман Алиев
Талапкердин программасы жана илимий эмгектери менен www.choroev2017.com сайтынан тааныша аласыздар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан