ПЕНСИЯНЫН ӨЛЧӨМҮН КАНТИП КӨБӨЙТҮҮ КЕРЕК?

Окурмандардан келген суроолорго Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкы адиси жооп берди.

«ОРУСИЯДА ИШТЕГЕН ЖЫЛДАРЫМ ПЕНСИЯГА ЭСЕПТЕЛИНЕБИ?»
– 55 жаштамын. Мен Москва шаарында окуп, кийин ошол жакта иштеп кала бергем. Жакында үй-бүлөм менен Кыргызстанга көчүп келип, кыргыз жарандыгын алдым. Сурайын дегеним, менин Орусияда иштеген жылдарым пенсияга чыкканда эске алынабы?

Шамил, Ош шаары

– Ооба, пенсия чегерилүүдө Орусияда иштеген жылдарыңыз эске алынат. Эгер Орусияда мамлекеттик ишканада иштесеңиз, анда 1995-жылдын 31-декабрына чейинки, мамлекеттик эмес мекемеде иштеген болсоңуз, 1992-жылдын 12-мартына чейинки эмгек стажыңыз эске алынат.

«КИМДЕРДИН ПЕНСИЯСЫНА КОШУМЧА АКЧА КОШУЛАТ?»
– 8 балам бар. Кийин пенсияга чыкканымда кошумча акча кошулабы? Негизи кимдердин пенсиясына кошумча акча кошулат?

Зубаида, Баткен шаары

– Пенсия чегерилүүдө кошумча акы "Баатыр эне" наамынын ээлерине, согуш ардагерлерине, Чернобыль апаатына катышкандарга, "Почётный донор" наамынын ээлерине, 80 жашка толгондорго жана 1-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилет. Сизге «Баатыр эне» наамы берилсе, пенсияңызга 1000 сом өлчөмүндө акча кошулат. Ал эми райондук коэффициенти бар аймактардын тургундарына кошумча акча кошулат. Мисалы, Баткен облусунда жашагандарга 1100 сом берилет.

«ЭКИ ПЕНСИЯ АЛУУГА БОЛОБУ?
– 2-топтогу майыпмын. Учурда майыптыгым боюнча пенсия алып жатам. Пенсия жашына келгенде курагым боюнча да пенсия чегерилеби?

Сатыбек, Бишкек шаары

Жок, мыйзам боюнча, 1 эле пенсия алууга болот. Пенсия жашына жеткениңизде майыптык боюнча пенсияңыз токтотулуп, курагыңыз боюнча акча каражаты которулат. Эгер карылык боюнча пенсияңыз аз болсо, мурун алып жаткан акчаны тандап алууга укугуңуз бар.

«ПЕНСИЯМДЫН ӨЛЧӨМҮН КАНТИП КӨБӨЙТӨ АЛАМ?»
– Мектепти аяктагандан бери эле жеке ишкерлик менен алектенип келем. Мен кандай жол менен келечекте ала турган пенсиямдын өлчөмүн көбөйтө алам?

Азамат, Бишкек шаары

– Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, пенсия жаш курагына жеткенге чейин ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, келечекте алчу пенсияңыздын суммасын көбөйтө аласыз. Ыктыярдуу камсыздандырууну кааласаңыз, өзүңүз жашаган райондун социалдык фондунун райондук башкармалыгына кайрылыңыз. Алар сизге эрежени түшүндүрүп беришет.

«ТӨЛӨНГӨН САЛЫКТЫН ЭСЕБИНЕН ПЕНСИЯ ЧЕГЕРИЛЕБИ?»
– 45 жаштамын. Ушуга чейин бир да мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Өмүр бою соода тармагында иштеп келе жатам. Дүкөн ачып ошону иштетип, ай сайын мамлекетке салык төлөйм. Сурайын дегеним, төлөгөн салыгымдын эсебинен мага пенсия чегерилеби?

Бактыкан, Ак-Суу району

– Тилекке каршы, салык менен социалдык төгүмдөр ар башка. Сиз жеке иш алып барып өзүңүзгө киреше тапкандыгыңыз үчүн мамлекеттин бюджетине салык төлөйсүз, ал эми социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү келечекте пенсия алуу үчүн төлөнөт. Эгер социалдык төлөмдөрдү төлөп полис алып жүрсөңүз, анда пенсияга чыга аласыз. 3 балаңыз болуп, бийик тоолуу райондо жашасаңыз, 15 жылдык эмгек стажы менен гана 45 жаштан тарта пенсияга чыгууга болот. Башка учурда 58 жаштан тарта чыгышат.

Социалдык маселелер, пенсия тууралуу суроолоруңуз болсо, бизге 0557 756319 WHATSAPP номерине, kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тиешелүү адистерден жооп алып беребиз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nurislam94
2017-08-25 03:54:50
Мааа сага 1000 да акчабы мен ойлопмун 10000 кошуп берсе керек деп
0
Dante
2017-08-26 13:39:20
Nurislam94,акча 1 сомдон башталат
0
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан