ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 21-августтан 27-августка чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Үй жумуштарынан алыстап калган болсоңуз, түгөйүңүз тарабынан нааразычылык жаралышы ыктымал. Ата-энеси менен бирге жашаган жаштарда туугандары менен конфликт ырбашы мүмкүн. Аптанын башында сүйүктүүлөрдүн ортосунда кызганычтан улам кайым айтыштардын жаралуу коркунучу бар.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Адамдар менен тил табышуу адаттагыга караганда кыйынчылык жаратат. Жүрүм-турумуңуз айланадагылардын агрессивдүү мамилесин жаратышы мүмкүн. Окуу жана дүйнө таанымыңызды кеңейтүүгө, билим алууга ыңгайсыз убак. Сүйүктүүңүз менен романтикалык кеч өткөрүү ыңгайлуу.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чоң буюмдарды сатып алуудан же бир олуттуу ишке акча коротуудан алыс болуңуз. Кирешенин азайып, материалдык чыгымдардын көбөйүшү мүмкүн. Буюмдарды өз колуңуз менен оңдоо да сунушталбайт. Сындырып же такыр эле бузуп аласыз. Алдамчылардын курмандыгы болуп калуу ыктымалдуулугу чоң.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Башкалардын ою менен эсептешпей, жалгыз жумуш жасоого ыктайсыз. Кайсы бир кадамга барууда жети өлчөп, бир кесиңиз. Бул аптада түзгөн пландардын ишке ашуусуна ыктымалдуулук көп. Аптанын экинчи жарымы туугандар менен тил табышуу жана документтерди каттатуу үчүн ийгиликтүү убакыт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бейтапканага барышыңыз мүмкүн. Жолугушуу жана таанышууларга убакыт бөлүү пайдасыз. Апта башында жубайыңыз же өнөктөшүңүз менен түшүнбөстүктөр келип чыгуусу күтүлөт. Сөз бергендерге ишенип юридикалык документтерге кол койбоңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Көп өзгөрүүлөр болот. Пикирлештериңиз жана досторуңуз менен маселелер жаралат. Алар менен карызга акча алышып-беришүүдө абайлаңыз, чыр чыгышы мүмкүн. Ден соолугуңузга жакшылап кам көрүү сунушталат. Сырткы келбетин же кийинүү стилин өзгөртүүнү каалагандар үчүн ыңгайлуу учур.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кыйын тапшырмаларды аткаруу сунушталбайт. Жумушта конфликт жаралышы ыктымал. Досторуңуз менен сүйүктүүңүздүн ортосундагы түшүнбөстүктөргө кийлигишпегениңиз оң, өздөрү чечишип алышат. Балдарыңыздын жарыштардагы ийгиликтери кубандырат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Репутацияны сактоо актуалдуу маселе болот. Мыйзам жана бийлик өкүлдөрү менен маселелерге кабылышыңыз ыктымал. Алыскы жолго чыгуу жана саякаттоо үчүн ыңгайсыз учур. Апта башында жакын адамдарыңыз, үй-бүлөңүздүн колдоосусуз кайсы бир ишти баштоо сунушталбайт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Коопсуздугуңузга жана каржылык ресурстарыңызды сактоого кам көрүңүз. Жаракат алуу, күйүп калуу, бир жериңизди сындырып алуу коркунучу бар. Буга байланыштуу курч жана кесүүчү каражаттар менен иштөөдөн алыс болуңуз. Аптанын экинчи жарымы карьералык өсүш үчүн ийгиликтүү.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жаман ниеттеги жана агрессивдүү адамдарга көп жолугасыз. Сиз үчүн зарыл болгон жолугушууну башка убакытка жылдыруу туура. Жубайлар арасында келишпестиктер күчөшү мүмкүн. Апта башында карызга акча албаңыз жана бербеңиз. Киреше кириши мүмкүн. Дем алыш күндөрү жагымдуу кабар угасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Жумушуңуз күйүп жатса да, эс алууга кыска болсо да убакыт табыңыз. Энергияны көп коротуп, көп иштегениңиз ден соолугуңузга зыян алып келиши мүмкүн. Жубайыңыз менен чырдашуудан алыс болуш үчүн кызганычка жол бербеңиз. Дем алышта жаратылыш коюнунда эс алуу күтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жакшы көргөн адамдарыңызга көңүл бөлүңүз. Көп убакытка ысык алакада болгон адамдарыңыз менен мамилеңиз солгундашы мүмкүн. Балалууларды балдарынын жүрүм-туруму ойлондурат. Тойго чакыруу аласыз, барып көңүл ачып келүүдөн баш тартпаңыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө: 21-27-августка чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан