– Салам, Манас! Казакстандын Астана шаарында өтө турган көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышпай калганың күйөрмандар арасында кызуу талкууланууда. Эмне үчүн барбай калдың?
- Салам. Негизи бир айдан ашык убакыт улуттук курам менен аталган Дүйнө чемпиондугуна даярданып жаткам. Мелдешке жакын калганда ушундай имиштер айтылып баштады. Бирок буга карабай даярдык көрүлүп жаткан. Себептерин айтпай эле уюштуруучулар менин аты-жөнүмдү көргөзүп, ушул улакчы курамда болбосун дешиптир. Менин ордума Нуржан Мелисбек уулу курамга кошулду. Ошондой эле менин атымды сурашты, Бойка дагы мелдешке катышат.
– Ошончолук кызуу даярдыктарды көрүп жатканда мелдешке катышпай калуу капа кылбай койбосо керек?
- Албетте, капа кылды. Жөндүү түшүндүрмөсүз эле четтетип жатканы да түшүнүксүз. Ата-энем дагы «барбай эле кой» дешти. Балким, бул өткөн жылы Көчмөндөр оюндарында болгон окуяга байланыштуу болгондур.
– Анда эмне болду эле?
- Көпчүлүк билгендей, өткөн жылы Көчмөндөр оюндарында финалдык беттеште Казакстан менен ойногонбуз. Оюндун кызуусунда атаандаштын бир оюнчусу менин айымдан жаракат алып калган. Бул эми оюн учурунда болуп жүргөн эле көрүнүш. Ошол казак оюнчусу жаракатынан улам бир айдай дарыланып чыккан.
– Дүйнө чемпиондугунун эрежелери бир катар өзгөрүлгөн таризде өтөт экен...
- Ооба, бул мелдеште бир катар эрежелер өзгөртүлгөн экен. Казактардын версиясы боюнча же башкача айтканда, кокпар боюнча өтөт. Мында тай казан жок болот. Анын ордуна атайын чийилген жерге улакты таштоо керек. Машыгууларда көрдүк, бул бир катар кыйынчылыктарды жаратат экен. Биз тай казанга таштаганга көнүп калганбыз. Ошондой эле жаза алган оюнчунун убактысы 5 мүнөттөн болот.
– Мындан тышкары улактын ордуна муляж тартылат...
- Чемпиондуктун алдында командага атайын муляж алып келип беришти. Чынын айтканда, машыгууда 10 мүнөттөн кийин эле айрылып жарабай калды. Улак бир канча убакыттан кийин колго илингенге жумшагыраак болуп калат, а бул катуу бойдон эле калат. Ошондуктан муляж оюнчулар үчүн кооптуу да экен.
– Бул жылы сенин командаң «Достук» менен «Ынтымактын» тирешүүсү да бүйүр кызытууда. Азырынча ийгилик «Ынтымак» тарапта болуп жатат.
- Бул жылы «Достук» менен «Ынтымак» жогорку деңгээлдеги оюндарды көргөзүп, эки ири мелдештин финалында жолугушту. Көк бөрүдө деле ийгилик жылмайган команда утат. Эки оюнда тең бир упайдын эсебинен утулуп калдык. Жөн гана оомат биз тарапта болбой жатат окшойт. Бул оюндарды канча деген улак сүйүүчүлөрү көрүп, ырахат алганы биз үчүн сыймык. Андай учурда жеңиш маанилүү эмес экендигин ойлоп калат экенсиң. Себеби машыктыруучуларыбыз дагы «күйөрмандар үчүн кызуу беттеш тартуулагыла» деп айтышат.
– Жаш болсоң дагы өлкөбүздөгү мыкты улакчылардын катарындасың. Атактуулук өзүңө сезилеби?
- Кээде күйөрмандар көчөдө же башка жакта болобу таанышат. Учурашып, сүрөткө түшүүнү суранып калышат. Телефон номеримди сурагандарга берип коём. Интернеттен көп суроолорду узатышат, аларга убакыт болгондо жооп берип турам. «Жылдыз оорусу» дегенден алысмын, «кичипейил бол» деп байкелерим мени көзөмөлдөп турушат.
– Алардын арасында кыздар да бар болсо керек. Бойдокчулук менен качан коштошоюн деп жатасың?
- Азырынча жүрөгүм бош. Буюрса, эмки жылы үйлөнөйүн деген максаттар бар. «Ата-энең таап берген кызга үйлөнмөк белең?» деп сурашат, андай учурда биринчи жолугуп көрмөкмүн. Жылдызыбыз келишип калса үй-бүлө деле куруп кетмекпиз.
– Улак тартуудан тышкары эмне менен алек болосуң?
- Учурда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутатымын. Көпчүлүк жергиликтүү тургундардын суранычы менен болдум. Бир эле улак тартыштын артынан жүрбөстөн, айылдын керегине жарай турган иштерди жасаганга аракет кылам.
– Алдыда кайсы мелдештерге катышасың? Кайсы оюндар бар?
- Ушул айдын соңунда көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу өтөт. Оюндар Чолпон-Ата шаарында болот. Анда өлкөнүн мыкты командалары катышканы турат. Учурда бул мелдеште башкы фаворит деген жок. Биздин команданын бир канча аттары Дүйнө чемпиондугуна кетишти. Талас облусунан «Ынтымак» эмес, башка бир-эки команда катышары күтүлүүдө. Азыркы убакта тажрыйбалуу командалардан тарта жаңы чыккандарга чейин мыкты оюн көрсөтө башташты. Андыктан бул мелдеш дагы жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенем.
КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНҮН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА АТТАНГАН КУРАМА КОМАНДАСЫ:
Жолдошбек Орозбаев («Ынтымак» командасынан)
Тынчтык Кабылбеков («Ынтымак»)
Карыпбек Эшиев («Ынтымак»)
Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак»)
Урмат Раушан уулу («Ынтымак»)
Сейтбек Анарбек уулу («Ынтымак»)
Кубаныч Султан уулу («Биримдик Аю»)
Рустам Тыналиев («Биримдик Аю»)
Нурманбет Койчукеев («Биримдик Аю»)
Акбар Иманбеков («Достук»)
Таштемир Замирбек уулу («Достук»)
Аскат Батырбек уулу («Достук»)
Кокпар боюнча Дүйнө чемпиондугу 20-28-август аралыгында Астана шаарында өтөт.
Адилет Керимбек уулу
Адилет Бектуров
sport@super.kg