2017-ЖЫЛДЫН II ЧЕЙРЕКТЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК НАТЫЙЖАЛАРЫ

"Centerra Gold Inc." («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2017-жылдын II чейрегиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарышты. Биринчи жарым жылдыкта «Кумтөрдө» 266 023 унция же 8 274,25 килограмм алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 4,7 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

ӨНДҮРҮШ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

 

2017-жылдын II чейрегинде "Кумтөрдө" 138 623 унция алтын өндүрүлгөн, ал эми 2016-жылдын ушул эле мезгилинде өндүрүүнүн көлөмү 97 724 унцияны түзгөн. Бул көбөйүү кайра иштетүүгө №17 иш участогунан мурдагы жылдары алынган кампалык запастардагы бай руданы пайдалануунун натыйжасы. Бул рудадагы алтындын курамы 2016-жылдын ушул чейрегинде №17 иш участогунун баштапкы баскычтарынан кайра иштетүүгө казып алынган рудадагыга караганда жогору болгон. 2017-жылдын II чейрегинде фабрикага алтындын орточо курамы тоннасына 3,53 грамм руда берилген, ылгап алуу 79,3 пайызды түзгөн, ал эми 2016-жылы ушул чейректе бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө тоннасына 2,63 грамм жана 71,9 пайызды түзгөн.
2017-жылдын II чейрегинде 135 235 унция, же 4,21 тонна алтын сатып өткөрүлдү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 168,6 миллион долларды түздү.
«Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн «Кыргызалтын» сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргызстандын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.

ОПЕРАЦИЯЛЫК ЖУМШООЛОР МЕНЕН КОМПЛЕКСТҮҮ ИШ-ЧАРАЛАР

Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүү көрсөткүчтөрүнүн негизинде) 2017-жылдын II чейрегинде 2016-жылдын ошол чейрегине салыштырмалуу 22,2 миллион долларга кыскарып, 39,3 миллион долларды түзгөн. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык жумшоолор 86,7 миллион долларды түзсө, ал эми 2016-жылдын ушул чейрегинде алар 80,5 миллион долларды түзгөн.

КЫРТЫШ АЧУУ ИШТЕРИН КАПИТАЛДАШТЫРУУНУ КОШО АЛГАНДАГЫ ТОО КЕН ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЖУМШООЛОР (2017-ЖЫЛДЫН II КВАРТАЛЫ 2016-ЖЫЛДЫН II КВАРТАЛЫНА САЛЫШТЫРМАЛУУ)

Кыртыш ачуу иштерин кошо алганда тоо кен иштерин жүргүзүүгө жумшоолор 2017-жылдын II чейрегинде жалпысынан 48,2 миллион долларды, башкача айтканда, 2016-жылдын ушул эле чейрегине салыштырмалуу 1,3 миллион долларга көптү түздү. 2017-жылдын II чейрегиндеги жумшоолордун өсүшү техникалык тейлөөгө жумшоолордун өсүшү, атап айтканда, Liebherr үлгүсүндөгү экскаваторлор менен бульдозерлерди оңдоо иштерине кеткен каражат өскөн (1,1 миллион доллар). Ошондой эле жамааттык келишимдин жогору баалары боюнча эмгек акы төлөөгө жумшоолор өскөн (1,0 миллион доллар) жана кыргыз сомунун 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бекемделиши менен түшүндүрүлөт. Бул алардын керектелүү көлөмүнүн азаюусуна жана сатып алуу баасынын төмөндөшүнө байланыштуу автоунаа дөңгөлөктөрүн сатып алууга жумшоолордун кыскарышы (1,0 миллион доллар) менен жартылай компенсацияланган.

ФАБРИКАЛЫК КАЙРА ИШТЕТҮҮГӨ ЖУМШООЛОР
(2017-жылдын жана 2016-жылдын II чейректери салыштырмалуу)

Фабрикалык кайра иштетүүгө жумшоолор 2017-жылдын II чейрегинде 16,5 миллион долларды түздү, ал эми 2016-жылдын ушул чейрегинде алар 15,7 миллион долларды түзгөн. Жумшоолордун өсүшү 2017-жылдын II чейрегинде жарым-жартылай өзү майдаланылуучу жана жеткире майдалоочу тегирмендерде футеровкаларды алмаштыруу менен байланышкан коштоочу техникалык жумуштардын графигине байланыштуу жүрдү, 2016-жылдын ушул чейрегинде болсо жүргүзүлгөн эмес. Бул анын керектелүү көлөмүнүн азаюусуна жана анын сатып алуу баасынын төмөндөшүнө байланыштуу цианидди сатып алууга жумшоолордун кыскарышы (0,8 миллион доллар) менен жарым-жартылай компенсацияланган.

КЕН ИШКАНАСЫН ТЕЙЛӨӨГӨ ЧЫГЫМДАР
(2017-жылдын жана 2016-жылдын II чейректери салыштырмалуу)

Кен ишканасын тейлөөгө чыгымдар 2017-жылдын II чейрегинде жалпысынан 11,3 миллион долларды түзгөн, ал эми 2016-жылдын II чейрегинде алар 10,9 миллион долларды түзгөн.

БАШКА ЖУМШООЛОРДУН ДИНАМИКАСЫ

Коштоочу продуктунун эсебинен улам жана сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде негизги фондуларды кармап турууга жалпы чыгымдар (ага дүң кирешеге салык кирбейт) 2017-жылдын II чейрегинде 780 долларды түздү, 2016-жылдын II чейрегинде болсо 768 долларды түзгөн, башкача айтканда, 2 пайызга көбөйгөн. Бул көбөйүү кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун 28,5 миллион долларга көбөйүүсү менен байланышкан, себеби 2017-жылдын II чейрегинде кен ишканасы №18 участокко жана Сары-Төр карьерине басым жасаган жана №17 участоктун төмөнкү баскычтарынан арзаныраак руданын кампалык запастарын кайра иштетүүдөн үнөмдөөнү азайткан.
Коштоочу продуктунун эсебинен улам жана сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде негизги фондуларды кармап турууга жалпы чыгымдар (ага дүң кирешеге салык кирет) 2017-жылдын II чейрегинде 956 долларды түздү, ошол эле учурда 2016-жылдын II чейрегинде бул сан 945 долларды түзгөн. Бул көбөйүү негизги фондуларды кармап турууга жалпы чыгымдардын өсүшү менен байланышкан.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТИНЕ ТӨЛӨМДӨР ЖАНА БАШКА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР
2017-жылдын II чейрегиндеги өлкө бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2,5 миллиард сомду түздү.

"Кумтөр" кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2017-жылдын 30-июнуна чейин "Кумтөрдө" жалпысынан 11,203 миллион унция же 348 тонна 455 килограмм алтын өндүрүлгөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан